Тирүүлүк
Аксатып араң баскан таман менен,
Алышам, жакшыны ойлоп жаман менен.
Арбактар тээ качанкы түшкө кирип,
Аралаш жашап жүрөм алар менен.
Арбыды дешет, иштер жасай турган.
Азая берет, күндөр жашай турган.
Тизмеси узарууда, кеткендердин
Тирүүлөр куран окуп атай турган.
Жакындап элүү бештин белесине
Жаштыктын эсте калган элесине
Умтулуп, көккө чыга берээримде
Уктатып, тартат мени Жер өзүнө.
Ала албай бул жашоодон күткөнүмдү,
Айта албай калчу болдум ичтегимди.
Сабалап асман-жерди бириктирген
Сагындым, бүркүт чабыт түштөрүмдү.
Кайраттын ийри нугун түзөткөнү,
Кагышын канатымдын күчөткөнү
Барсам да, барбасам да, баарын билген
Баягы кыл чокулар күтөт мени.

Тируулук аттуу Жыргалбек Касаболотовдун ырын окуп чыгып , мааниси ото терен экенин байкадым. Жазган дуйно менен чын дуйнону, ак менен караны салыштыруу, жер эненин энергиясы, кайып дуйнонун сырдуу, табышмактуу сырларын айтып жаткандай болду. Калеминиз курчуй берсин, ийгиликтер каалайм 🤲🤲🤲