|

Толубай сынчы

5/5 - (2 добуш)

Күргүштөп өткөн изи жок,
Күлүктөр менен иши жок,
Күлүңдөйт бизге карт дүйнө
Күбүлүп бүткөн тиши жок.
Тоголотуп көз жашын,
Толубайдын өз башын
Куу талаадан таап алып
Кучактап ыйлаар киши жок. 

Жүйөсүн айтып тынчудай,
Жүрөктүн жаны тынчыбай,
Оюлуп түшкөн көздөрү
Ортону жарык кылчудай,
Алысты карай тигилип,
Асманы-жери биригип,
Жооп күтүп турат Акыйкат
Жомокто калган сынчыдай. 

Автор

  • Журналист, акын, талдоочу, котормочу. 1996-жылы КУУнун журналистика факультетин бүтүргөн. 1994-жылы жаш акындардын Табылды Муканов атындагы сыйлыгына, 1999-жылы КР президентинин журналисттер үчүн чыгарылган “Алтын калем” сыйлыгына, КР Ардак грамотасына ээ болгон. “Алтын калем” адабий сыйлыгынын 2024-жылдагы сын жанры боюнча жеңүүчүсү.

    “Самурай кылыч – жүрөгүм” ыр китеби жана сын макалалары кирген “Сын китеп” китеби жарык көргөн.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген