Үй
(аңгеме)
Сыртта кышкы түн. Ырыскүл байбиче жарылган как отундан мешке дуулдата жагып, дүркүрөп күйгөн оттун дабышын тыңшап, мелтиреп олтурду. Абышкасынын келер маалы болуп калды. Бирөөгө жолугам, кечирээк кайтам деп чак түштө эле үйдөн чыгып кеткен. Кимге, эмнеге деп такып сурай алган эмес. Ачууланып жүргөн неме «Эмне кыласың, ишиң болбосун» деп бурк этип коймок.
Аңгыча сырттан дабыш угулуп, абышкасы Эсенбай эшик ачып кирип келди. Босогодон кышкы түндүн ичиркенткен суук илеби кошо кирди.
Байбиче жер таянып ордунан туруп, алдынан утурлады.
— Келдиңби, барсыңбы?
— Бармын.
Эсенбай чал күңк этти. Боз мүшөккө салынып, сыртынан жип менен чырмалган сулкуйган нерсени дубалга тикесинен сүйөдү да, күрмөсүн чечип байбичесине карматты. Анан шашпай өтүгүн чечкен соң алиги оролгон буюмду аярлай кармап, түз эле төркү бөлмөгө өтүп, жыйылган жүктүн кабатына көрүнбөгүдөй кылып кийирип салды. Артында карап турган байбичеси:
— Бул эмне абышка, – деди жүрөгү бир нерсени сезгендей кооптонгон түр менен.
— Мылтык! Биротоло октоп келдим, эми келишчү болсо түз эле атып салам баарысын. Буларга эми ушул гана керек болуп калды.
Эсенбай маселеси эми чечилгендей көңүлү жайына келгенсип, чай ичкен тегерек үстөлдүн четине шашпай көчүк басты. Санааркаган байбиче меште кайнап турган чайын үндөбөй демдеп, кесеге ысык сорпо куюп, абышкасынын алдына жылдырды. «Абышка, сен эми жаш эмессиң, каның коюлду, сабырдуу боло гөр, эч кимди ата көрбө. Карыганда түрмөгө отургандын жүзүн ары кылсын. Балким аларга мылтык менен сес берип, жөн эле коркутуп коёорсуң» деп айткысы келип, дагы бир топ сөздөрдү айта албай, чай ууртамыш болуп жанында олтурду. Абышкасынын жеткен өжөр, айтканынан кайтпаган көк экенин элүү жылдан бери билип бүтпөдүбү. Анткени менен Эсенбай мээнеткеч, бекер оокатка көз артпаган чынчыл адам. Узун бойлуу, буурул мурутчан, жашы жетимиштен өтсө да баскан-турганы шамдагай. Там аркасындагы жүзүмү, карагаты, алма-өрүгү жаз келген сайын тумандай коюу гүлдөп, күзүндө жер жайнаган мөмө берет. Кыркалекей теректери асман тиреп, көргөндүн көзүн кубантат. Өзү да ошол багбанчылыгынан ырахат алган киши.
Ырыскүл байбиче болсо баарын акылга салып чечкен, орду менен сүйлөгөн токтоо, бир мүнөз аял. Ачууга алдырып улунуп-жулунуп кеткенин эч ким көргөн эмес. Кайгырса да, кубанса да солк этпеген көтөрүмдүү байбиче. Эсенбайга аста сүйлөп, керек жерде сабырга чакырып турат. Абышкасы деле «мен айткандай болот» дегени менен баары бир байбичесинин акылына баш коёт. Ошентип жарым кылым эриш-аркак келатышат. Кыздарынын алды элүүгө жакындап калды.
* * *
Төрт жылдан бери Эсенбай абышка менен Ырыскүл байбиченин жегени желим, ичкени ирим. Ооба, төрт жыл мурун башталган бул дүрбөлөң. Булар турган жер шаар четиндеги чакан айыл эле. Анан калаанын жаңы курулуштары күндөн күнгө көбөйүп, алардын айылын көздөй жылып келатты. «Бизди көчүрөт экен, бул жер микрорайон болот экен» деген каңшаар сөздөр тарай баштады. Абышка буга ишенген жок. Кантип эле ушунча элди көчүрсүн, биз эмне мал белек, эч кайда жылбайбыз деген бекем ойдо жүрдү. Кырк беш жыл мурун өз колу менен салган төрт бөлмөлүү жөнөкөй үйүн хан сарайга алмашмак эмес. Анда жаш келинчеги тырмактай эки кызынын бирин бешикке бөлөп, бирин колдон жетелеп, күйөөсүнө ылай чылашып, замбил көтөрүшүп, ашарчыларга түнү менен нан жаап, максым ачытып, айтор экөө үй бүткүчө тишинин кирин соруп, азып-тозуп кетишкен. Колунда кенен каржысы болбогон үчүн үйдүн көп жумушун акыга бербей, өзү бүтүргөн Эсенбай. Ошондонбу, сокмо дубал менен тургузулуп, үстү шыйпыр менен жабылган, дүркүрөп күйгөн меши бар төрт бөлмөлүү үйү көзүнө ысык көрүнөт. Ушул үйдө төрт кызын чоңойтуп, уядан учурушту. Байбичеси экөө турмуштун ачуу-таттуусун ушул үйдө бирге тартышты. Кантсе да ак жолтой үй. Бул үйдүн бузулганын көргүчө Эсенбай эртерээк өлүп кете бергени жакшы.
Акыры каңшаар кеп чын болуп чыкты. Көчө башчы үйлөрдү кыдырып, баарын жыйынга чакырып жүрдү. Шаардын мэри өзү келиптир. Тегерегинде топураган көп кишилери жүрөт. Милийсасы да бар. Жыйында кызууланган эл кызыл кыргын, кара сүргүн болуп кете жаздап бастады. Анан оңойбу – бейпил жашап жаткан үйлөрүнөн ажырап, кабат үйгө кирип, кутунун ичине камалгансып кантип жашайт? Ошо да жашообу?! Ооба, кааласаңар – үйүңөрдү сатып алабыз. Же болбосо жаңы бүткөн үйлөрдөн квартира беребиз деп жатышат.
— Ысык суу, муздак суусу агып турат. Дааратканасы ичинде, кышкысын жылуу, от жакпайсыңар, кар күрөйм, отун-суу алам дебейсиңер, – дешти жыйында сүйлөгөн чоңдор.
— Кереги жок. Андай үйүңөргө өзүңөр жашагыла, бизге тийбегиле, – дешти беркилердин көбү.
— Ойлонуп көргүлө, убакыт беребиз, силер утушта болосуңар. Кымбатка сатып алабыз. Болбосо кенен квартира беребиз, – дешти тигилер.
— Адегенде бере турган квартираңарды көрсөткүлө, жакса макул бололу, жакпаса албайбыз, – деп чыгышты дагы бир даары.
— Канчага сатып аласыңар? Ошону ачык айткылачы, – деди бирөө.
— Ал маселени ар бир үй-бүлө менен жекече сүйлөшөбүз, – дешти чоңдор.
Ошентип сатканы сатып, квартира алганы квартира алып кете башташты. Кеткендердин үйлөрү абышканын көз алдында бир заматта сүрдүрүлүп жатты. Жаңы салынчу үйлөрдүн чуңкуру казылып, жерпайы түптөлө баштады. Акыры ал чөлкөмдө бир гана Эсенбай абышканын жепирейген үйү калды. Ооба, бийик үйлөрдүн жанында кароолчунун кепесиндей болуп жепирейип эле калды. Анткени менен жарыгы күйүп, кермеге жайган кирлери шамалга желбиреп, очогунан түтүн булап, алардын тирилиги деле уланып жатты. Тегерегиндеги үйлөр күн санап бийиктеп, кадимки эле шаарга айланып баратты. Ал арада кимдер гана абышканын алдына келген жок. Суранып да, түшүндүрүп да, коркутуп да көрүштү. Абышка жок деп гана туруп алды. Колуна союл алып, милийсасын баш кылып кубалап чыккан күндөрү да болду. Күйөөдөгү кыздарын да ортого салышты. — Ата, апам экөөңөр улгайып баратасыңар. Шарты бар, жаңы үйдө жашасаңар жакшы да, – деп сөз баштаар замат:
— Силер эмнени билесиңер? Ушул үйдө чоңоюп өспөдүңөр беле?! Эми айтар сөзүңөр ушулбу? Бул үйгө менин маңдай терим төгүлгөн. Бар, өз үйүңөргө барып, оокатыңарды кылгыла, – деди ачууланган атасы кыздарына нааразы болуп.
Ошентип төрт жылдан бери шаардын бийлиги менен кармашканы кармашкан. Аларды сотко берип да көрдү. Сот деле «Шаарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик долбоорго каршы чыгууга болбойт. Өз ара мунасага келишкиле» деп өкмөт тараптын сөзүн сүйлөдү.
Эсенбай абышканын айласы алты түгөндү. Анан минтип түн жамынып барып мылтык таап келди. Эртең эле дагы келишет. Ошондо булардын ата-жотосун таанытпасамбы деди.
— Абышка, ушинтип көгөрүп олтура бербей, биз деле ыкка көнүшүбүз керек го акыры. Үйлөрү биздикинен мыкты кошуналар деле көчүп кетишти го, – деп Ырыскүл байбиче аста сүйлөдү.
— Менчик жерим, менчик үйүм. Өкмөттөн бир тыйын алган эмесмин. Карандай мээнетим менен өзүм кургам. Менде эч кимдин акысы жок, уктуңбу?
— Жок абышка, алар деле бекер бергиле деген жери жок го. Үй беребиз же акчасын беребиз деп атышат го? Ойлонуп көрбөйлүбү? – байбичеси чалынын жинине тийип албайын деп аярлап сүйлөдү.
— Ойлонуп көрө албайм, эч кайда кетпейбиз? – корс этти абышка.
Ырыскүл үндөбөй отуруп калды. Тиги жүктүн арасына катылган мылтык жүрөгүнүн үшүн алып, алда кандай болуп кетет деп кудайдан абышкасына сабыр тилеп, байбиче түн уйкудан безип калды.
Мына, айтып оозду жыйгыча баягылар дагы келди. Бул жолу бир короо киши экен. Көбү милийсалар. Байбиченин жүрөгү оозуна тыгылды. Эсенбай жүктүн кабатынан мылтыкты сууруп чыгып, огун текшерди да короого чыкты. Чыкты да мылтыгын асманга каратып басып-басып жиберди. Келгендер жапырт артка кетекчиктеп, сестейе түшүштү.
— Кетип калгыла! Эч кимиңерди аябайм, атып салам, – деди Эсенбай титиреген үнү менен.
— Эсенбай аба, сабыр кылыңыз, бир ачууңузду бизге бериңиз. Биз жайынча эле сүйлөшөлү деп келдик.
— Мен силерге көчпөйм деп айткам. Эмнеге түшүнбөйсүңөр ыя? Аңгыча, кандайча болуп кетти – капталдан чыга калган эки жигит заматта абышканы шапа-шупа каруудан алышты. Мылтык колунан ыргып жерге түштү. Эсенбайдын колдорун артка кайрыган бойдон дегдеңдетип жетелеп барып, милийсанын машинесине салышты. Дагы бир милийса жерде жаткан мылтыкты сүрөткө тартып, анан колуна алып жөнөп кетти. Ырыскүл байбиче алапайын таппай калчылдап калды. Бирок алиги мылтык эч кимге атылбаганына жакасын кармап, шүгүр кылып кудайлап жатты ичинен.
— Эми эмне болот, катыгүн, эми эмне болот? – деп чырылдап жиберди.
— Апа, сабыр кылыңыз, күйөөңүз мыйзамсыз иш кылды. Эми суракка алынат, – деди бир милийса.
* * *
Эсенбай абышканы үч күн дегенде камактан чыгарышып, түз эле ооруканага жеткиришти. Кан басымы көтөрүлүп, абышканын үнү араң эле чыгып калды. Улам бир кызы дары-дармегин, тамак-ашын алып келип, жанында каралашып жүрүштү.
Он-чакты күндөн кийин абышканы ооруканадан чыгарып, өз үйүнүн жанына салынган кабат үйдөгү жаңы квартирага алып барышты. Абышканын бирдеме дегенге алы жок эле. Үндөбөдү. Мурдагыдан кыйла карый түшүптүр. Кыздары керектүү эмеректерин киргизип, атасы жата турган диванын даярдап коюшуптур. Ырыскүл байбиче үйдөн чыгып бергенине күнөөлүүдөй абышкасынын жүзүн карай албай тайсалдады. Абышка ал күнү үн катпай, наар албай, улам үшкүрүнүп сулк жатты. Дарысын ичүүдөн да баш тартты.
Эртеси ордунан туруп теңселе басып, терезеге барды. Жаңы квартира төртүнчү кабатта болчу. Өз тамы тыптыйпыл бузулуп, орду тегизделип, ал жерге балдар ойной турган аянтча курулуп жатканын көрдү. Жок дегенде мөмө берген бакчасын калтырып коюшса эмне?! Теректеринин бири да калбаптыр. Жылан сыйпагандай болуптур, аттиң. Чекесин муздак айнекке жөлөп, ичинен кан өтүп, мөгдүрөп үнсүз ыйлап турду абышка.
2026-ж., январь
