Уйкусуз түн

4.7/5 - (3 добуш)

Тердеп-тепчип, чачтарымды уйпалап,
Ысык демиң бүт денемди куйкалап,
Алышуудан чарчагандай экөөбүз,
Тырп этерге алым калбай уйку алат.

Шайы кетип, дарманымды жоготуп,
Алсыз дене бир өзүңө суйкалат.
Ансыз дагы күйүп турсам жалындап,
От коёсуң алоо берип куйкалап.

Багындым деп, сендик болуп бараттым,
Бир өзүңө көңүлүмдү караттың.
Эсте калган бул уйкусуз түн үчүн,
Эх, көк жөтөл, сага арнап ыр жараттым.

Автор

  • 1974-жылы Алай районуна караштуу Сопу-Коргон айылында жарык дүйнөгө келген. Учурда Бишкекте жашайт. Жеке ишкер. 

    2024-жылы "Көөдөндөгү бурганак" деген аталыштагы ыр китеби жарык көргөн.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген