Улуу кыргыз
Кыргызстан мекенибиз жерибиз,
Ала-Тоолуу, ак калпакчан элибиз.
Көкүрөктө эр Манастын деми бар,
Кайраты зор намыска бек демибиз.
Жүрөктө ыйык туткан,
Мекеним Кыргызстан.
Даңкы бар касиеттүү,
Даанышман элим кутман.
Даңазалап тарых айтып бүтпөгөн,
Заманында “каганаттык” түптөгөн.
Улуу элдин урпактары экенбиз,
Жаңы заман талаптарын жүктөгөн.
Өркүндөй бер өнүгүүнүн жолуда,
Өссүн жаштар өрчүп билим доорунда.
Кыргызстан даңкын бийик көтөргүн,
Өлкө багы эң биринчи орунда.
