Заманга
Ийигине илип алып мезгилди,
Тынымы жок чимирилет ылдамдык.
Аны сезбейт биздин кербез замана,
Түркүгүндөй бу дүйнөнүн ыргалып.
Таң сөгүлөт, түндү сүрүп күнүгө,
Жүрүп барат жер огунда айланып.
Улуулуктун ыйык, бийик төрүнө
Чыгып алып көктөп жатат майдалык.
Түбү заакы түркөйлүктүн көкүлүн
Сылаганга сылаткандар баш уруп.
Күн карама жүздөр Күндү айланып,
Убал болду асылдыкка аты улук.
Алмаштырып беткаптарын күнүгө
Жүргөндөргө кол чабылат дуулдап.
Жана башка эпчилдерге калтырып
бул заманды. Учат мезгил зуулдап.
