Жаз айы
Жаздын жыты башталды,
Жашылдантып бактарды.
Жаз акындар, жазалы,
Жаз жөнүндө ырларды.
Жадыраган жаз айы,
Майрамдарга бай айы.
Кошо келет жаз менен,
Кыз-келиндер майрамы.
Жашыл чөптөр кылайып,
Айланага жыты аңкып.
Чырыйттаган чымчыктар,
Чыга баштайт үн салып.
Жазда сүйүү башталат,
Сүйкүм болуп чар тарап.
Жазды күтүп көптөрү,
“Курабыз”, – дейт салтанат.
Жыл алмашып көктөмдө,
Майрам болот өзгөчө.
Тосуп элдер Ноорузду,
Өтөт ар кыл көргөзмө.
Жаздын акыр, май айы,
Эмгекчилер майрамы.
“Жаз – жарыш” дейт чынында,
Эмгек кылып калалы.
Жетип келет жеңиш күн,
Куттуу болсун ушул күн.
Аталарды куттуктап,
Ыр жаңырсын ар түркүн.
Коңгуроолор кагылып,
Көздөн жашты агызып,
Окуу жылы аяктайт,
Балалыкты сагынтып.
Жазда мына ушундай,
Күндөр өтөт куюндай
Күлүп-жайнап жүрөлү,
Катарыбыз суюлбай.

