Жаз айы

Биринчилерден баа бериңиз!

Ар бир мезгил, өз алдынча көрк берип
Адамзаатка кооздугун тартуулайт.
Карап көрүп табигаттын кооздугун,
Жүрөк кагып бир башкача толкундайт.

Төрт мезгилдин эң улуусу жаз айы,
Бүчүр байлап, жер жарылып чөп чыккан.
Жан жаныбар, тирүүлүккө бел байлап,
Агымында жашоонун сапар тарткан.

Жердин бетин кооздоп каакым гүлү,
Кулагыңа угулуп куштар үнү.
Буркурап жытын төгөт теребелге,
Терезенин түбүндөгү сирень гүлү.

Кең талаада трактордун үнү угулуп,
Жазда жарыш болгондугу туюлуп.
Келээр жылдын камдалып мол түшүмү,
Кампа толсо элимде чоң сүйүнүч.

Майрамга бай, маанай ачкан жаз айы,
Жердин бетин гүлдөр каптайт бачайы.
Жамгыр төгүп айлананы тазартат,
Дем күч берип ден соолукка атайы.

Автор

  • 1960 жылы Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айылында жарык дүйнгө келген. Азыркы убакта ардактуу эс алууда.

    “Кемин кайрыктары” адабий ийриминин мүчөсү.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген