Жазгы жамгыр
Көр турмуштун көйгөйлөрүн көздөгөм.
Көп жыл болду мындай жазды көрбөгөм.
Көлөкөдөй көмүскөдө көрүнүп,
көздү жумуп жашап келген өңдөнөм.
Жазгы жамгыр, мурда күчүн сезбегем,
жан дүйнөмдү жарып өтүп, эзбеген.
Үн-сөзү жок жүрөк тагын өпкүлөп,
үмүт жанып, мынча жыргал бербеген.
Бириктирип асман менен жеримди,
бир керемет байланыш күч сезилди.
Бийлеп кирди бирден тартып тамырын,
бир кездеги артта калган кезимди.
Сагынганым сезген экен, буулугуп.
Саламдашты, булут, туман жуурулуп.
Таштандысын мезгилдердин тазалап,
тамчылары моюн ылдый куюлуп.
Таза аба. Чылгый сууга карабай,
таң калганым, сагынычым тарабай,
Жамгыр төктү, карегимде шүүдүрүм,
жан дүйнөмүн жарааттарын тазалай.
Таң атканча сыр чечишип, достошуп,
тагдыр жазмыш, өтмүштөрдү жоктошуп.
Таштап мага жалгыздатпай, жамгырды,
Таяп тоону туман кетти коштошуп.
