№8 Жаз
Кайткандай кыштын өктөмү,
Коштошуп мына кетти эми.
Байырлап келди жергеме,
Биринчи жаздын көктөмү.
Кубантат жаздын бир күнү,
Купулга толуп сүйкүмү.
Самаган көптөр зарыгып,
Сагынткан жылуу бул күндү.
Береке келип кутунан,
Жылуулук берип бутуман.
Аптыгып искеп мас болдум,
Алгачкы жаздын жытынан.
