(01.03-31.03.2026)

Ким катыша алат?
Сынактын катышуучуларына жашы, жынысы, адабиятка аралашкандыгы, адабий чөйрөгө жакындыгы, «Адабий Ордо» сайтында катталгандыгы, катталбагандыгы боюнча чектөө жок.
Канча ыр жөнөтсө болот?
Бир автордон бир гана ыр кабыл алынат.
Ырга кандай талаптар бар?
- Ырдын формасына чектөө жок.
- Көлөмү элүү саптан ашпашы керек.
- Буга чейин эч бир жерде жарыяланбашы зарыл.
Ырдын жарыяланышы кандай болот?
- Редакциянын алгачкы элегинен өткөн ырлар гана сынакка катыштырылат. Ырдын сынакка катыштырылбай калышы боюнча редакция түшүндүрүү берүүгө милдеттүү эмес.
- Сынакка катышкан ар бир ырга номур берилет. Ыр ошол номур менен автору көрсөтүлбөй (сайттын админинин атынан) сайтка жарыяланат.
- Сынакка катышкан ырлар «Адабий Ордо» сайтынан сырткары «Кыргыз Маданият Борбору» сайтында жана «Кыргыз Поэзиясы» телеграм-каналында жарыяланып турат.
Сынактын сыйлыктары:
1-орун: Атайын диплом, автордун электрондук ыр жыйнагын чыгарып берүү, 12 айга каалаган көлөмдө, каалаган санда акы төлөбөй сайтка чыгармаларын жарыялоо мүмкүнчүлүгү;
2-орун: Атайын диплом, 9 айга каалаган көлөмдө, каалаган санда акы төлөбөй сайтка чыгармаларын жарыялоо мүмкүнчүлүгү;
3-орун: Атайын диплом, 6 айга каалаган көлөмдө, каалаган санда акы төлөбөй сайтка чыгармаларын жарыялоо мүмкүнчүлүгү;
«Адабий Ордо» сайтынын редакциясынын сыйлыгы: 3 айга каалаган көлөмдө, каалаган санда акы төлөбөй сайтка чыгармаларын жарыялоо мүмкүнчүлүгү.
Сынактын мөөнөттөрү кандай?
- Сынакка ырлар 2026-жылдын 1-мартынан баштап кабыл алына баштайт.
- Сынакка ырлар 2026-жылдын 31-марты түнкү 12ге чейин кабыл алынат.
- Сынактын жыйынтыгы 2026-жылдын 12-апрелине чейин чыгарылат.
Сынактын жюрисинин курамы?
- Сынактын жюриси сайттын редакциясынын тандоосундагы 5 көрүнүктүү адабият өкүлдөрүнөн турат. Алардын ысымдары сынак бүткөнгө чейин ачыкталбайт.
- Жюринин курамына сайттын редакциясы кирбейт.
- Сайттын редакция мүчөлөрү жана калыстар сынакка катышпайт.
Сынакка чыгарманы жиберүүнүн талаптары кандай?
- Сынакка ырды adabijordo@gmail.com эл. почтасына темасына “Жаз” деп белгилеп жазып жиберүү керек.
- Катта ыр менен кошо автордун аты-жөнү, ватсап номуру көрсөтүлүшү абзел.
#44 Жаз
Күлкү, сүйүү, кубанычка мас айы.
Эски сары жалбырагын жоготуп, …
#43 Жаз, тунуп жаз, жазга сүңгүп төнүп жаз…
Акын болуп, ак ыр кылып …
#42 Жаз келет жылына
Ийменип отурам.
Аягы, башы жок
Чалгытат ой улам. Мен эмес, санаалар,
Талаалап …
#41 Табышмактуу кубаныч
Бүчүр жарып жайнап турат өмүрүм.
Ич дүйнөмө нур төгүлүп башкача, …
#40 Жаз
Ортобузду сөзгө толтуруп.
Ушул кечте кышты узатып,
Жазды тостук чогуу олтуруп …
#39 Жаштыгымдын сырын кантип жашырам
Кучагынан жалбыз жыты жыттанган.
Ууз сүйүүмдү кайра кайрып берчүдөй,
Жазды …
#38 Сулуу жаз
Жадырап жашыл көйнөк кийип алып.
Дарактар жашыл жоолук салынышат,
Кайындар …
#37 Жазды күтөм
Бүйүр кызып, угар эле бүт баары.
Кечикти го жаркыраган жаз күнү, …
#36 Жаздагы күтүү
А булуттар калкыйт ээлеп бийикти.
Көкүрөктүн эңсөөлөрү мен күткөн,
Көтөргүлө …
#35 Жаз
Тал-дарактар бүчүр байлаган.
Жаратылыш көркүн карачы,
Түркүн түстүү гүлдөр жайнаган …
#34 Мен жазды күтпөймүн
Мелтиреп узатам, ойду да түздөбөйм.
Мейли көп адамга жакшылык апкелээр, …
#33 Жазгы сапар
Ала-Бел, кар кете элек, жолдо калба, –
Кары энем бизди узатып… …
#32 Жаздын жеңиши
Жан-жаныбар күн чубактайт магдырап.
Кычыраган кышты жеңип чыктык деп,
Боюн …
#31 Неге мынча жаз кечигет?
Тоңгон жердин жүзү турат кубарып.
Күтө берип карегим да талыды,
Күндүн …
#30 Жаз
Жандандырып уйкудагы тоо боорун.
Өлбөстүктүн мөлтүрүнө чайынып,
Суктандырып байчечекей …
#29 Жаз керемети
Көркөмдөп көңүл сүйгөн сүрөттөрүн.
Көшүлгөн көп жылдарды көрүү максат,
Тариздеп тирүүлүктүн …
#28 Неге адамзат…
Көккө айланып, жер тарап да дем берет.
Жаңыланып …
#27 Жаз деми
Эргүүмдөн чыккан ырды сага арнайын.
Асманда Чолпон жылдыз көркүн кошуп, …
#26 Жүрөгүмө гүл тикти
Тирүүлүк дүйнө эшиги.
“Өлбөгөн кулга жаз келди”,
Термелип өмүр бешиги. Кыштын да …
#25 Сагындым Жазымды
Жалбыз жыттуу арыгың кыялда бойлоп кирдим.
Дүрбөлөң түшкөн дүйнөнү …
1-орун: Айгүл МОЛДОКУЛОВА (№1 ыр)
2-орун: Айнагүл БАЗАРБАЕВА (№25 ыр)
3-орун: Динара БЕЙШЕНАЛИЕВА (№21 ыр)
Редакциянын сыйлыгынынын ээлери:
Кулмат ТУКЕНАЛИЕВ (№34 ыр)
Айзирек ГАДАЕВА (№40 ыр)
Элмира АЖЫКАНОВА,
Жолдош ТУРДУБАЕВ,
Рахат АМАНОВА,
Атахан КОЖОГУЛОВ,
Махабат САИДРАХМАНОВА,
Кыял ТАЖИЕВА.
