Марат Токоев: “Адабий жашоо кайнап турушу үчүн адабий сайттар аба менен суудай зарыл”
– Марат мырза, мурда интернет айдыңында “Кыргыз маданияты борборун” иштетип жүрсөң, бүгүн “Адабий ордо” сайтын ишке киргиздиң. Мунун максаты эмне?
– Кайсы бир тилдеги адабияттын өнүгүүсү үчүн бул тилдеги адабий жашоо кайнап турушу керек. Биринчи кезекте, бул көркөм чыгармалардын, сын-пикирлердин, дүйнөлүк адабияттан котормолордун байма-бай жарыяланып турушуна байланыштуу. Бул жерде “сандан сапатка” деген принцип иштейт. Көп сандагы авторлордун болушу, көп сандагы чыгармалардын жарыяланып турушу бара-бара кыйын авторлордун, мыкты чыгармалардын пайда болушуна эртеби-кечпи алып келет.
Өтө деле алыс барбай атагы дүйнөгө тараган чоң акын-жазуучуларды берген жана берип келаткан орус адабиятын алып көрөлү. Аларда авторлор өз чыгармаларын жарыялай алган толтура мүмкүнчүлүктөр бар. Бул илгерки совет заманынын мурасы катары калган “Новый мир”, “Звезда”, “Дружба народов” ж.б. журналдардан сырткары, интернет заманындагы жаңы онлайн журналдар жана порталдар. Эң белгилүүлөрү – Проза.ру, Стихи.ру, Author.Today, Litmarket, ЛитРес: Самиздат, Ridero ж.б. Бул аянтчалар авторлорго чыгармаларын бекер жарыялаганга, аларды окуудан же сатуудан киреше көрүүгө мүмкүнчулүк түзөт. Ал эми “ЛитРес: Самиздат” менен Ridero сайттарында авторлор өз алдынча электрондук китептерин даярдап чыгара алышат.
– Бул жагынан кошуналар деле бизден алда качан эле озуп кетишкендей?
– Коңшу Казакстанда, саны боюнча Орусияга жетпейт дечи, бирок бир кыйла кызыктуу адабий журналдары жана онлайн порталдары бар – “Әдебиет порталы”, “Дактиль”, LiteRon, SØZDAY. Китептерди саткан көптөгөн интернет-дүкөндөр да иш алып барышат.
– А бизде адабий жашоо кайнап турат деп айта алабызбы?
– “Кыргыз маданияты” чыкпай калды. “Ала-Тоо” журналы бирде кайра чыгып, кайра токтоп калып жатты. Эми аны кайра чыгаруунун мамлекет колуна алып жаткандай. Адабиятка гана басым кылган сайттардан бир кезде literatura.kg жакшы баштады эле, бирок акыркы кезде ал анчалык активдүү болбой калды. Мен Жыргалбек Касаболотов жана Олжобай Шакир болуп үчөөбүз бир кезде демилгелеп, ачып иштетип келген “Кыргыз маданият борбору” сайтында адабият көптөгөн багыттарынын бири гана болуп эсептелет. Кийин Олжобай Шакир өзү “Рухэш” сайтын ачып, биздеги адабий жашоону бир кыйла жандантканга жетише алды. Бирок ал жалгыз баатыр. Сайтты иштеткенге, аны өркүндөткөнгө каржысы чектелүү. Улуттук жазуучулар союзунун adabiyat.kg сайты да адабий чыгармаларды такай чыгарып турганга аракет кылып келатат, бирок да көп нерсе камтылбай калууда.
Ар бир калемгер эч кимге жалдырабай каалаган чыгармасын жарыялап, элге сунуштай алган сайтты ачуу оюбуз бар эле. Бирок андай сайт ачканга даабай жүрдүк, анткени ал көп каражатты, эмгекти жана да билимди талап кылаарын билчүбүз. Бир күнү жогорудагы үч шарт дал келет деп күтүп отура бербей, башташ керек деген ойго келдик. Анткени бул үч шарт эч качан дал келбеши мүмкүн эле. Мына ушинтип “Адабий Ордо” сайты (adabiyat.men) ачылып калды. Каржынын, билимдин аздыгы сайтты кыялыбыздагыдай кылууга мүмкүнчүлүк түзбөдү. Бирок анын 60-70% ишке ашыра алдык.
– Сайттын эң башкы өзгөчөлүгү эмнеде?
– Мен жогоруда айткандай, каалаган калемгер каалаган чыгармасын бул сайтта жарыялай алат. Ага кайсы бир сайттын ээсинин уруксатын, макулдугун алууга зарылчылык жок. Чыгармасын жарыялаганга мүмкүнчүлүк алыш үчүн алгач ал сайтта автор катары катталышы керек. Аны үчүн сайтта көрсөтүлгөн adabijordo@gmail.com электрондук почтасына аты-жөнүн, почтасын, ватсап номурун жазып, сүрөтүн тиркеп жиберип коюуш эле керек. Катталуу адатынча бир күндөн ашык убакытты талап кылбайт. Калемгер автор катары катталгандан кийин чыгармаларын жарыялай алат. Бул жерде сайттын экинчи өзгөчөлүгү чыгат. Чыгарманы автор өзү жарыялабайт – аны сайттын админи жасайт. Бул сайттын ээлерине кошумча иш дечи. Бирок биз буга барганга аргасыз болдук, анткени авторлордун бардыгы эле сайтта чыгармаларын жарыялаганды биле беришпейт, ал эми ар бир авторду окутуп үйрөткөнгө мүмкүнчүлүк жок. Жарыялаган күндө да материалдар ар түрдүу форматта жарыяланып калышы мүмкүн, мисалы, тамгалары, же сап, абзацтардын ортосундагы аралык ар башка өлчөмдө болуп калышы мүмкүн. Бул чыгарманын сайтта көрүнүшүнө таасир этпей койбойт.
– Көркөм жасалгасы кандай болот?
– Адабият, биздин пикирибизде, алгач текст болгондуктан, сүрөттөрдү жарыялабай, текстке гана басым кылалы дедик.
Жарыяланып жаткан чыгармаларга биз тараптан кандайдыр бир чектөө жок болгондуктан, бул адабий баалуулугу төмөн, көркөмдүгү начар чыгармалдардын жабырап-жайнап кетишине өбөлгө түзүп койбойбузбу деген тынчсыздануу сөзсүз болду. Бирок “сандан сапатка” деген принцип иштей турганына ишенебиз. Анан да татыктуу авторлор менен чыгармаларды белгилеп көрсөтүп туруу үчүн “Редакциянын тандоосу” деген рубрикабызды ачтык. Аны менен катар маал-маалы менен сайтта жарыяланган чыгармалар, же кайсы бир кызыктуу автор тууралуу серептик материалдарды, сын-пикирлерибизди жарыялап турмакчыбыз.
– Сайтты кимдер каржылайт?
Сайтыбыздын башка бир өзгөчөлүгү – көлөмдүү чыгармаларды жана чыгармаларды бат-баттан жарыялыгысы келгендерге акы төлөөнүн киргизгенибиз. Буга аргасыздан бардык. Анткени сайтты иштетүү, анын ишин камсыздоо тийиштүү чыгымдарды талап кылат. Бул чыгымдарды толугу менен болбосо да, кайсы бир бөлүгүн жаап туруу муктаждыгы бар. Биз башында жакшы иштеп, кийин жабылып калган сайт болгубуз келбейт. Бирок да автор айына бир чакан чыгармасын бекер жарыялап тура алган мүмкүнчүлүктү караштырдык. Биздин пикирде, бул көп калемгерлерге туура келет. Анткени таланттуу калемгерлердин кыйласы “аз бирок саз” жазган чыгармачыл адамдар болушат эмеспи.
Аны менен катар дагы бир нече сайтыбыздын кызматтарына акы алуу каралган. Бул: орфографиялык, пунктуациялык каталарды оңдоо; чыгармасын сайттын слайдерине жайгаштыруу – муну менен чыгармага көбүрөөк окурмандардын көңүлүн тартса болот; чыгармага сын-пикирди угуу. Акы киргизгенибиз менен анын өлчөмү анчалык чоң эмес. Мисалы, 5-6 строфадан (куплеттен) турганы ырды жарыялоо 40-50 сом болушу мүмкүн.
Ошону менен катары кыргыз адабиятынын өнүгүүсүндөгү зор салымын эске алып котормочулар менен сынчылардан чыгармалардын көлөму жана саны боюнча чектөөлөрдү алып салдык, б.а. алар каалаган санда, каалаган көлөмдөгү чыгармаларын сайтыбызда бекер жарыялай алышат.
Сайтыбыз кыргыз адабиятына кызыккан окурмандадын жана авторлордун сүйүктүү аянтчасына айланат деп үмүт кылып жатабыз.
Маектешкен Болот ТАШТАНАЛИЕВ,
“Кыргыз Туусу”, №21 (24991), 24.03.2026
