Аркадий Аверченко: “Калп”
Кытайлыктарды жана аялдарды түшүнүү кыйын. Мен эки-үч жыл бою кичинекей жаңгактай болгон пил сөөгүн сабырдуулук менен кырып, жонуп отурушкан кытайлыктарды көргөм. Бул формасыз сыныктан кытай майда бычактарды, кыргычтарды колдонуп, таң калыштуу чеберчиликтин жана сабырдуулуктун үлгүсүн көрсөтүп, шумдуктай кемени жаратышат. Кемеде бардык аркандар, парустар, тийиштүү сандагы кишилер бар. Моряктар апийимдин уругунан да кичине, аркандар ушунчалык ичке болгондуктан, алардан жада калса көлөкө да түшпөйт. Бирок мунун баары түккө татыбаган, болбогон нерселер… Мындай кеме менен кичине болсо да саякатка чыга албасыңды айтпаганда да, кеме ушунчалык морт жана назик болгондуктан, алакандын бир эле жеңил мыкчуусу акмак кытайдын оор эмгегин жок кылат.
Аялдын жалганы да мага көбүнчө көлөмү жаңгактын кабыгынан жасалган кытай кемесин эске салат – кандай чыдамдуулук, амалкөйлүк – анан мунун баары таптакыр максатсыз, натыйжасыз, жөн гана тийип койсоң бул кымбат курулуш заматта кыйрап жок болот.
* * *
Пьеса окуу түн ортосунда, саат 12де болот деп белгиленген.
Мен бир аз эрте келип, бош убакытымды сигара чегип, үй ээси, адвокат Лязгов менен сүйлөшүп олтурдум. Көп өтпөй биз олтурган кабинетке, бир саат мурда театрда биздин жалпы таанышыбыз Таня Черножукованын жанында отурганын көзүм чалып калган Лязговдун кызыл жүздүү, шайыр аялы учуп кирди.
– Бул эмнеси, – деп чочуп кетти Лязговдун аялы. – Он экиге жакындап калды, ал эми көрүүчүлөр жокпу?!
– Келишет, – деди Лязгов. – Өзүң каяктан келдиң, Симочка?
– Мен… Тарскийдин эжеси менен Бассейнаядагы муз тебүүчү аянтчага бардым.
Мен жай, этияттык менен креслодо бурулуп, Серафима Петровнанын жүзүнө карадым. Эмнеге ал жалган айтты? Бул эмнени билдирет? Мен ойлонуп калдым.
Эмнеге ал жалган айтты? Бул жерде ойношу менен болду деп ойлоо кыйын… Ал театрда бүт убактысын Таня Черножукова менен өткөрдү жана театрдан келген убакытты карасак, түз эле үйүнө келгендей. Демек, ал же театрда болгонун, же Таня Черножукова менен жолугушуусун жашырып жаткандай.
Ошол замат Лязгов менин көзүмчө эки-үч жолу аялына Черножукова менен сейрек жолугушуну суранганын эстедим, анын айтымында, бул акылсыз, текебер келесоо, аял анын аялына жаман таасирин тийгизет имиш… Ошондо мен таң калдым: аялдын жалган айтуусуна кандайдыр бир майда-чүйдө, эч нерсеге арзыбаган нерсе себеп болушу мүмкүн экен…
* * *
Бир аздан кийин студент Конякин келди. Биз менен учурашкандан кийин, ал Лязговдун аялына бурулуп сурап калды:
– Бүгүнкү театрдагы оюн… Кызыктуу болдубу? Серафима Петровна таң калгандай ийнин куушуруп койду:
– Эмне үчүн бул тууралуу мени билет деп ойлойуз? Мен театрга барган жокмун.
– Кантип барган жоксуз? Мен Черножуковдорго кирип чыккам – Татьяна Викторовна сиз менен театрга кетти деп айтышкан.
Серафима Петровна башын жерге салып, тизесиндеги юбкасынын бырышын колу менен сылап, жылмайып койду:
– Ага мен күнөөлүү эмесмин, Таня ушунчалык акылсыз болбосо; ал үйдөн чыгып баратканда, башкачараак шылтоо айта алмак…
Лязгов, кызыга карап, аялына көз жүгүрттү.
– Эмне үчүн ал жалган айтышы керек эле?
– Сен түшүнгөн жоксуңбу? Балким, өзүнүн акынына кеткендир!
Студент Конякин дароо Серафима Петровнага бурулду:
– Акынгабы? Гагаровгобу? Бирок бул мүмкүн эмес! Гагаров жакында Москвага кеткен, мен аны өзүм узатып баргам.
Серафима Петровна макул болбогондой башын чайкап, туңгуюкка секирген кишидей кейип айтты:
– А ал баары бир бул жерде!
– Түшүнбөйм… – студент Конякин ийнин куушуруп койду. – Биз Гагаров экөөбүз доспуз, ал, эгер кайтып келсе, эң биринчи мага кабар бермек.
– Ал жашынып жүргөнсүйт, – бут кийиминин учу менен килемди тыкылдатып, маалымдады Серафима Петровна. – Аны аңдып жүрүшөт.
Акыркы сүйлөм, албетте, Гагаров жөнүндөгү жагымсыз сүйлөшүүнү токтотуу үчүн эле айтылган. Бирок студент Конякин тынчсыздана баштады.
– Аңдып жүрүшөт??! Кимдер аңдып жүрөт?
– Ким болмок эле, тыңчылар да.
– Уруксат этиңиз, Серафима Петровна… Сиз кызыктай сүйлөп жатасыз: Гагаров революционер эмес, анан ал эч качан саясат менен алектенбесе, эмне үчүн тыңчылар аны аңдып жүрүшү керек?!
Серафима Петровна студентти жаман көздөрү менен карап, кургап кеткен эриндерин жалап алды да, тактап айтты:
– Мурда алектенбесе, азыр алектенет. Бирок эмне эле баарыбыз Гагаров, Гагаров… Мырзалар, чай ичкиңиздер келеби?
* * *
Аңгыча дагы бир конок келди – гезит рецензенти Блюхин.
– Аяз күчүндө, – деди ал алакандарын ушалап, – бирок жакшы! Сөөктөн өткөн суук. Мен азыр эки сааттай коньки тээп келдим. Бассейнаядагы муз аянты керемет.
– Менин аялым да азыр эле ошол жактан келди, – деди стакандан чай ууртап ичип олтурган Лязгов. – Ал жерден жолуктуңарбы?
– Эмне дейсиз?! – Блюхин таң калды. – Мен ал жерде керелдин кечке коньки тээп жүрдүм, бирок сизди, Серафима Петровна, көрбөдүм.
Серафима Петровна жылмайып койду.
– Бирок мен ал жерде болгом. Марья Александровна Шемшурина менен.
– Таң калыштуу… Мен сизди да, аны да көргөн жокмун. Муз аянтчасы кичинекей эле эмеспи, ал жердегилердин баары алаканга салгандай көрүнүп турат, кантип көрбөй калдым экен, таң калыштуу.
– Биз көбүнчө отурдук… музыканын жанында, – деди Серафима Петровна. – Менин конькимдин бекиткен буроосу бошоп кеткен эле.
– Аа, ошондойбу! Көрсөтүңүз, оңдоп берейин! Мен мындай нерселерге устамын. Ал кайсы жерде?
Серафима Петровна буту менен килемди тынсыздана тыкылдатты.
– Мен аны слесарга бергем.
– Кайсы слесарга бердиң, түнүчүндө, – деди Лязгов.
Серафима Петровна ачуулана кетти.
– Бердим да! Эмнеге такыйсың? Шашылыш иштер көп болгондуктан ачык экен. Мен бердим. Слесардын аты Матвей.
* * *
Акыры, кагазга оролуп, лента байланган пьесасын көтөргөн көптөн күткөн драматург Селиванский келди.
– Кечигип калганыма кечирим сурайм, – деп саламдашты ал. – Улуу аялзаты тоскоолдук кылды.
– Драматургга суроо-талап чоң, – Лязгов жылмайып койду. – Сага ким тоскоолдук кылды?
– Шемшурина, Марья Александровна. Ага пьесаны окуп бердим.
Лязгов кол чаап жиберди.
– Калп айттың, драматург калп айттың! Драматург өзүнүн сүйүү окуяларын жашырып жатат! Эч кандай Шемшуринага сен пьеса окуй алмак эмессиң!
– Кантип окуган жокмун? – деп, чогулгандарды түшүнбөгөн, шектүү көздөрү менен карап, кыйкырды Селиванский. – Окудум! Так ошонун өзүнө окудум.
– Ха-ха! – Лязгов күлдү. – Айтчы, Симочка, ал сага колундагы далили менен кармалды: Шемшурина сени менен муз аянтчасында болчу да, туурабы.
– Ооба, ал мени менен болчу, – Серафима Петровна башын ийкеп, баарыбызды муздак көздөрү менен карады.
– Качан?! Мен тогуз жарымдан он экиге чейин анын үйүндө отуруп, “Комета” деген пьесамды окуп бердим.
– Сиз бирдемени чаташтырып жатасыз, – Серафима Петровна ийнин куушуруп койду.
– Эмне? Эмнени чаташтырышым мүмкүн? Саатты чаташтырышым мүмкүнбү, Шемшуринаны кимдир бирөө менен чаташтырышым мүмкүнбү, же өзүмдүн пьесамды календарь мененби?! Кантип чаташтырам?
– Сиз чай ичкиңиз келеби? – деди Серафима Петровна.
– Жок, тактап алалы: Шемшурина сиз менен кайсы убакта болду эле?
– Он–он бирдер чамасында. Драматург колдорун шилтеп жиберди.
– Анда куттуктайм: дал ошол убакта мен ага үйдө пьеса окуп берип жаткам.
Серафима Петровна тикендүү кашын көтөрдү.
– Ошондойбу? Балким, дүйнөдө эки Шемшурина бардыр? Же мен бейтааныш айымды Марья Александровна деп ойлодумбу? Же, балким, мен муз аянтчасында кечээ болгондурмун?.. Ха-ха!..
– Эч нерсе түшүнбөйм! – Селиванский таң калды.
– Ошол да, – Серафима Петровна күлдү. – Ошол да! Ах, Селиванский, Селиванский…
Селиванский ийнин куушуруп, кол жазманы ача баштады.
Биз конок бөлмөгө өтүп бара жатканда, мен бир мүнөткө кабинетте калып, Серафима Петровнага кол жаңсап токтотуп алып, аны менен жалгыз калдым.
– Сиз бүгүн муз аянтчасында болдуңуз беле? – дедим мен кайдыгерлик менен.
– Ооба. Шемшурина менен.
– А мен сизди бүгүн театрда көрдүм. Таня Черножукова менен.
Ал кызарып кетти.
– Мүмкүн эмес. Анда мен калп айтып жатамбы?
– Албетте, калп айттыңыз. Мен сени даана эле көргөм.
– Сиз мени кимдир бирөө менен чаташтырдыңыз…
– Жок. Сиз жалган айта албайсыз, көп адамдарды аралаштырып, кармалып калаарда, биринин артынан бир жалганды үйүп жатасыз… Эмнеге күйөөңүзгө муз аянтчасы жөнүндө калп айттыңыз?
Анын буту килемди тыкылдатты.
– Ал мен Таня менен жолугушканымды жактырбайт.
– А мен азыр барып, баарына сизди театрда Таня менен көргөнүмдү айтам.
Ал менин колумдан бекем кармап, коркуп, титиреген эриндери менен:
– Сиз муну кылбайсыз!
– Эмнеге кылбайм? … Кылам!
– Сүйкүмдүүм, сиз жакшы адамсыз… Сиз айтпайсыз да… туурабы? Айтпайсыз, туурабы?
– Айтам.
Ал эки колун менин ийиниме арта салып, бекем кучактап, өпкүлөп жиберди, да акырын шыбырады:
– Эми айтпайсызбы?
* * *
Драма окулгандан кийин – кечки тамак келди.
Серафима Петровна менден көзүн ала качып, күйөөсүнүн жанында жүрдү.
Сүйлөшүүнүн ортосунда ал күйөөсүнөн сурады:
– А сен бүгүн кечинде кайда болдуң? Саат үчтөн кийин үйдө болгон жоксуң.
Мен кызыгуу менен анын жообун күтүп жаттым. Лязгов экөөбүз кабинетте олтурганда, бул күндү кандай өткөргөнүн: Одессадан ага тааныш француз айым, кафешантан ырчысы келип, аны менен Контандын кабинетинде түшкү тамакта бирге болушканын; түштөн кийин автомобиль менен шаар аралап, анан “Гранд-Отелге” барышканын, кечинде аны “Буффка” алып барып, ал жерде калтырганын жашырбай айтып берген эле.
– Сен кайда болдуң бүгүн?
Лязгов аялына бурулуп, бир нече секунд ойлонуп, жооп берди:
– Мен Кантандын кабинетинде болдум. Одессадан келген бир кардар, француз, анын аялы, анан мен, түшкү тамакты чогуу ичтик. Андан соң Усачевдин иши боюнча ишенимдүү адамымдыкына бардым, анын автомобили менен жүрдүк – ал абдан бай аял – мүлктү камакка алуудан бошотуу иши боюнча. Андан кийин мен “Гранд-Отелде” бир фермер менен болдум, ал эми кечинде таанышым менен көрүшүү үчүн “Буффка” бир мүнөткө кирип чыктым. Болгону ушул. Мен ичимден жылмайып, ойлоп койдум: “Баракелде. Мына жалган айтсаң ушундай айт!”
Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ
