|

Эсепчи

5/5 - (5 добуш)

(аңгеме)

Аял эшигин бекитип, тепкич ылдый түшүп жөнөдү. Баса, аял десек болбойт го… Жашы өтүп калган кыз. Ооба, кыздын жашы элүүдөн өттү. Турмушка чыга элек. Көбүнчө жалгыз жүрүп, жалгыз жашайт. Балким жалгыздыгы өзүнө жагат чыгар. Өзүнүн тандап алган жолудур. Же жараткандын башка салган тагдыры болсо керек. Бирөөнү сүйгөнбү, учурунда бирөөлөр колун сураганбы – белгисиз. Ал эч качан жумурдагы сырын эч кимге айтпаган бекем неме. Сырдашып муңдашканга жакын курбусу да болбоду.

Сайна тайенесинин колунда чоңойгон жалгыз кыз эле. Бир үйдө экөө гана күн көрүшчү. Турмушу өп-чап болгондуктан эне менен кыз үнөмдүү жашоо кечиришти. Элге анчейин аралаштырбаганы менен кызды жыйнактуу, сарамжал кылып тарбиялады кемпир. Сайна мектепти бүтүп, финансы окуу жайына тапшырган жылы тайенеси көз жумду. Өз энесинин кийинки күйөөсүндөгү балдары менен жуурулушуп кете албады. Убагында тайенеси да Сайнаны аларга көп аралаштырбады. Бир туугандарын таап, кетип калабы деп ойлосо керек.

Кыз өз арбайын өзү согуп, башка эч нерсеге алаксыбай, тырышып окуду. Бүткөндөн кийин чоң мекеменин сынагына катышып, кызматка алынды. Жалгыздын жары кудай дегендей, жолу болуп өзү кыялдангандай ишке кирди. Ошондон ушул күнгө чейин министрликтин эсеп-кысап бөлүмүндө бардык тепкичтерди басып, сааттын жебесиндей тактык менен иштеп келет. Турмуштун башка өңүттөрүндө өзүн сынап көрбөдү. Ыр-күлкү жаңырган жаштар көңүл аччу жерлерге басып барбады. Шаан-шөкөт, той-тамашадан жаш күнүнөн эле алыс болду. Балким ошон үчүн күйөө болор жигитке жолукпай калгандыр. Майрам күндөрдө да өткөн-кеткендерди карап балкондо жалгыз тура берчү. Анан эмне кылат эле?! Гүл көтөрүп бараткандарды карап, өзү бир да жигиттен гүл албаганын эстечү.

Сайна кошуна-колоң, тууган-туушкан, тааныш-билиштердин жакшылык-жамандыгына басып барбайт негедир. “Жалгыз жашап, орустай болуп калган” деп коюшат кээ бирөөлөр. Бирок орустар деле барчу жерге барып, алыш-бериш кылышат эмеспи. Бала төрөп, түн уйкусун төрт бөлбөсө деле, күйөө күтүп, үй-бүлө түйшүгүн тартпаса деле денеси жайылып, буттары ийрейип, далысы бүкүрөйүп, чачын ак аралап, майпаңдап басып, кадимки эле өз жашындагы мээнеткеч аялдардай болуп калды. Мезгилден өткөн душман жок деп ким бирөө айткандай, убакыт деген өзүнүкүн жасайт экен. Турмушка чыкпаган соң кара жанын кастарлап, сулууланып жүрсө деле болмок. Бирок ал жаш күнүнөн эле эндекей жүрчү. Өмүрү шакек-сөйкө тагынбады, этектүү кийим кийбеди, качан болсо көчүгүндө кара шым. Кызыл-тазыл, ачык түстөр аял кишини көркүнө чыгарат эмеспи. Бирок ал кышы-жайы кара, күрөң, киргил, боз кийимдерди үстүнөн түшүрбөйт негедир. Аялдык наздуулук – Сайна үчүн эместей. Жаш чагында колунан “Бухгалтерский учёт”, “Финансовый менеджмент” деген китептер түшчү эмес. Ал үчүн турмуштагы эң маанилүү нерсе – окуу анан иштөө болду. Жаштыгын, күч-кубатын кызматына гана арнап келди. Азыр деле ошондой.

Көп жылдардан бери министрликтин эсеп-кысап бөлүмүнүн башчысы. Чынын айтканда, ал өз ишине да, турмушта аласа-бересеге да өтө так, өтө чынчыл. Квартирасынын ижара акысын, суунун, электрдин, короо шыпыргычтын акчасын бир саат да кечиктирбейт. Бирөөнүн бир тыйынын жебейт. Ошентсе да элге жагуу кыйын эмеспи. Акырын бассаң – аксак, катуу бассаң – таскак деп, эч кимге зыяны жок, түз жүргөн адамды деле “немистей”, “орустай”, “кырс неме” деп жактырбай турушат. 

Сайна жетектеген бөлүмдө алты-жети кызматкер бар. Баарысы аялдар. Өзү ишке кандай так болсо, тигилерден да ошону талап кылат. Бөлүмдөгүлөрдүн кимиси эмне менен алектенип олтурганын, саат канчада кирип, канчада чыгып жатканын жаземдебей байкайт. Баарын жакындан көрүп олтуруу үчүн бөлүм башчыга тиешелүү өзүнчө кабинеттен баш тарткан. Ооба, тыкыр болом деп кээде аша чаап, майдаланып кетмейи да бар. Таңгактагы ак кагазды сөөмөйүн тилине улам тийгизип зерикпей бирден санап, ар бирине жүздөн бөлүп берип жатып, “үнөмдөп колдонгула, мунун баары мамлекеттин акчасына келет” деген сөздөрү эч кимге жакпаса да, жетекчиге каяша айта алышпай, ичинен кайрып кала беришет. Мекеменин узун коридорлорун, булуң-бурчтарын кыдырып, күйүп турган жарыктын баарын өчүрүп жүрүп, өкмөт энергияны үнөмдөгүлө деп элге какшап жатса да, кулагына кирбеген кайдыгер кесиптештерине нааразы болуп сүйлөнө берет.

– Токтогул ГЭСинде суу аз дегенди угуп жатасыңар го. Неге үнөмдөбөйсүңөр?! – деп кабинеттин жарыгын өчүрүп салчу болду. Кол алдындагылар Сайнанын мындай майдачыл адаттарына тымызын мыйыгынан жылмайып тим болушат.

Баса, ага бир жолу күйөө табылган. Уштуруу бөлүмүндөгү өзү теңдүү кесиптеши Чынар Сайнаны кечки чайга чакырып, өзүнүн бойдок аяшы тууралуу сөз салган:

– Сайна, ал менин күйөөмдүн жакын досу. Жакшы адам. Эки жыл мурун аялы каза болуп калды. 

– Анан? Анан эмне дегени турасың? – деди Сайна коомайланып.

– Анан ошол жалгыз жашайт. Эки уулу үйлөнүп-жайланып өздөрүнчө кетишкен. Өзү университетте сабак берет. Жашы да сага ылайыктуу. 

– Жо-ок, Чынар, эрге тийип башымды оорутпай эле тынч жүргүм келет. Убара болбочу.

– Сен кызыксың го. Эч кандай башың оорубайт. Экөөң гана жашайсыңар. Барасың да даяр үй-жайга ээ болосуң, эркелеп жашайсың.

– Жок. Ал менин кызматыма жолтоо болот. Мен ээн-эркин иштешим керек, Чынар. 

– Неге жолтоо болмок эле. Өзү деле таңдан кечке университетте. Ал деген маданияттуу, интеллигент адам. Мен ага сен жөнүндө айткам. Аябай ынтаасын коюп, тааныштыр мени деп калды. Жок дегенде таанышып көрчү. Балким сага жагып калар.

– Чынар, мага кам көргөнүңө ырахмат. Бирок чынымды айтсам менин күйөөгө чыгайын деген ниетим жок. Ишимди жакшы иштешим керек. Министр өзү ишенип бөлүм башчы кылып жатса… Анын үстүнө мен чоочун киши менен жашай албайм.

– Апей, адегенде чоочун болгону менен кийин өз кишиң болуп калат. 

– Жок, жок, убара болбо. Болбойт!

Сайна так кесе айтты. Ошону менен сөз бүтүп, күйөө маселесине чекит коюлду. Кийин мекемедеги аялдар “тигиге жакшы күйөө табылса тийбей коюптур” деп ушак кылып жүрүштү.

* * *

Ал күнүгө жетинчи кабаттан жөө түшүп, кечинде жөө чыгат. “Көп кыймылдаган ден соолукка жакшы, анын үстүнө лифт коркунучтуу – бузулуп калса же свет өчсө не болот?!” деген ой менен эч качан лифтке түшпөйт. Бул кылыгын кошуналар жактырышпай, “Жанын кыйнап не кылат?!” дешет. Колунда көтөргөн жүгү менен чарчап араң келатса да, орто жолдо улам тыныгып, бышылдап-күшүлдөп жөө чыгат. Кудайдын куру азабын тартпай, андайда лифтке түшө калса айып деле болбойт го.

Отчётко даярданган кездерде түнкү саат онго чейин олтурмайы бар. Кээде ишемби күндөрү жумушка келет. Ашыкча иштегени үчүн кошумча акы төлөнбөйт деле. Өзү деле аны ойлобойт. Ооба, башка жактарга чакырыктар болгон. Көбүрөөк төлөй турган жеке компанияларга барбай койду. Көнүп алган жеринен кеткиси келбеди. Анын үстүнө ал мамлекеттик жумушту гана туруктуу деп эсептейт. 

Өз ишинин мыктысы болсо деле аны көпчүлүгү жактырбайт. Тымызын кеп кылышат. “Жалгыз жүрө бербей, эрге тийбейби, карып кете турган болду” дешет. “Тийбесе койсун, жүрө берсин ушинтип…” деп табалагандары да бар. “Ой, ушуну ким алсын, мындан жаш, мындан сулуулар жалгыз жүрүшөт” дейт дагы бири. “Эми төрөттөн калды, тийбей эле койсун” деп да коюшат. Кыскасы ушундай.

Жумуш саат сегизде башталса да, ал так жетиде иш үстөлүндө каккан казыктай отурганы отурган. Анысын жактырбагандар “Өкмөт буга орден тагат бекен, рахмат да айтпайт. Эртең пенсияга кетер замат унутулат” десе, дагы бири “Ыйлап аткан баласы, келатасыңбы деген эри болбосо ушинтип жүрө берет да” дейт.

Бир жолу 8-мартта сүйлөгөн сөзүн жанындагылар бир топко күбүр-шыбырлап кеп кылып жүрүштү. Ага сөз кезеги берилгенде “Турмушта негизги нерсе – үй-бүлө эмес, иштеген ишибиз. Биз мамлекетке кызмат кылышыбыз керек. Үй-бүлө экинчи орунда болууга тийиш” деп сөөмөйү менен үстөлдү тыкылдатып сүйлөгөн эле. Үстөл алдынан уктуңбу дегендей буттар бутка урунуп, аялдардын көздөрү бири бирине чагылышып өткөн. Дилдеги нерсе тилге чыгат дегендей, ал чынында эле так ошондой ойлочу. Көкүрөктөгү өз чындыгын айткан.

Ошентип жылдар өттү. Сайнанын жаштыгы да, баралына келип турган ден соолуктуу, сергек курагы да министрликтин эсеп-кысап бөлүмүндө калды. Окшош күндөр, кайталанган жумуш, баягы эле отчёттор, баягы эле адамдар… 

Пенсия жашындагыларды иштен кетирет экен деген каңшаар тарады. Көп өтпөй жетекчиликтин буйругу менен кеч күздүн бир күнүндө жашы алтымыш бештен өткөн кызматкерлерге белек-бечкек берилип, сый-урмат менен эс алууга узатуу салтанаты болду. Эч кимиси аний дей алган жок. Алардын ичинде Сайна да бар болчу. Ал сыртынан жылмайган болуп, рахматын кайра-кайра айтканы менен ичи сыйрылып, өзүн керектен чыккан буюмдай сезип, дендароо болуп турду. Башканы кетирсе да мени кетирбейт, анткени менин ишимди эч ким жасай албайт деп ойлочу. Көрсө бир заман өтүп, бир заман келип, башкаларга орун бошотор мезгил эчак болгон тура. Ал күнү кечте эл кеткенден кийин Сайна иш үстөлүн жыйнаштырып, керектүү буюмдарын баштыкка чогултуп, көтөрүнүп чыгып кетти. 

Кырсыкты кайдан деп болбойт.Так ошол узатуу болгон күнү кечинде баягы жөө чыкчу тепкичтерден көтөрүлүп баратып, жаза басып мүдүрүлүп, бутун сындырып алды. Күндө эле чыгып жүргөн тепкичтер эмес беле. Балким бүгүнкү окуяны ойлоп, ою ордунда болбой буттары чалыштап кеттиби же кан басымы көтөрүлдүбү ким билет?! Оң буту кызыл ашыктан өйдөрөөктөн чорт сыныптыр. Ошол жерден жыла албай, буту заматта тулуптай шишип чыкты. Алдыңкы кабаттагы татар кемпир кудай жалгап ошо маалда сыртка чыга калган экен – дароо эле тез жардам чакыртып салып жиберди.

Доктурдун айтуусу боюнча гипстелген бут менен эки ай толук жүрмөй болду. Бутунун сынганын баягы кошуна кемпирден башка эч ким деле билген жок. Эки күн керебетинде сулк жатты. Ал ыйлачу эмес. Бул жолу шыпты тиктеп чалкасынан жатып, төгүлүп-төгүлүп ыйлады. Кызматтан кеткенине, сыздаган бутуна, баса албай калганына, мындан ары жалгыз болоруна, абалын сурай турган эч кимисинин жоктугуна, телефонуна жан киши чалбаганына – кыскасы баарына-баарына ыйлады. Аккан жашы чачын аралып, андан ары жаздыгын суулады. 

Эки күндөн кийин балдакка таянып, ордунан эптеп туруп ашканага жетип, газга чай коюп, өзөк жалгады. Үйдөгү кулак-мурун кескендей жымжырттык Сайнанын үрөйүн учурду. Ушундай да кунарсыз үңүрөйгөн үй болобу?! Мурда таң эрте кетип, кеч кайтып иштеп жүргөндө байкабаган экен. Жалгыз жашаган кишиге үй деген түрмөгө эле окшош болот турбайбы. Адам сырткы дүйнөдөн бир күндө эле бөлүнүп калат экен. Эки балээ бир келип, кызматтан бошогон күнү бутунун сынганын карасаң?! 

Кечинде каалганын коңгуроосу кагылды. Эч ким келчү эмес эле, ким болду экен? Эптеп босогого жетип, эшикти ачса баягы алдынкы кабаттагы татар кемпир. Патнуска май токоч, шоколад, алма салып алыптыр. 

– Акыбалын кандай, кошунам? Жардам керекпи? – деп колундагыларын сунуп турду. 

– Рахмат, эжеке. Жардам деле керек эмес, өзүм эптештире алам, үйгө кириңиз, – деди Сайна кошунасына чын ниеттен ыраазы боло. 

– Жок, мен барайын, өзүңө жакшы кара, жардам керек болсо кайрыл, – деп чыгып кетти кемпир. 

Сайна эч бир кошунасы менен саламдан башка мамилеси жок эле. Эч кимдин ахыбалын сураган эмес экен. Азыр тиги кемпир улук башын кичик кылып келгенине ыраазы болуп, бир чети уялып да калды. Көрсө башыңа кыйындык түшүп турганда ал-жайыңды сурап койгон абдан жагымдуу болот турбайбы.

Буту айыккыча жаз да келди. Кышы бою үйдө жатып, таң атса кеч кирбей, кеч кирсе таң атпай, эки ай эки кылымга созулуп кеткендей болду. Кыймылсыз жаткангабы – үшүкчөөл да болуп кетти. 

Акыры таңылган гипсин алдырып, үй ичинде балдаксыз баса баштады. Кайрадан оорутуп албайын деп аярлап, коомайланды. Дагы бир аз жөнүгө түшсөм жумушума барып келсемби деген ой кылт этти. Бирок эмнеге барат? Барып эмне кылат? Кайра ал оюнан тез эле айныды. Бөлүмдөгүлөрдүн бири да артынан телефон чалып, ал-жайын сурап койгон жок. Ошону ойлоп кайра таарына түштү. Сурамак тургай алар мунун кеткенине кубанганын Сайна билбеди. Чындыгында бутунун сынганын баягы кошуна кемпирден бөлөк эч ким деле билген жок. 

Минтип ээн үйдө жалгыз олтура берсе – адам жинди болуп кете турган. Анын үстүнө пенсиясына кантип жашайт? Ал квартира акысына да жетпейт эмеспи. Сайна өзүнө ылайык жумуш издеп интернетти баштан-аяк тинтип чыкты. Жарыялардын биринен да оңдуу жооп албады. Көрсө азыр алтымыш бештеги кишини эч ким ишке албайт турбайбы. 

Түндө түшүнө жумушу кирди. Иштеп отуруптур. Кабинети, компьютери, кагаздары… Эртең менен турду да, ишке барчудай даярдана баштады. Жуунуп, кийинип, чайын ичип, эшигин бекитип чыгып кетти. Баягы көнүмүш жолуна салды. Көчө жаз жыттанып, мажүрүм талдар сеңселип калыптыр. Сайна баягыдай ылдам баса албаса да, өзүн демдүү, сергек сезди. Министрликке жакындап калганда негедир кетенчиктей түштү. “Эмне үчүн келатам?” деп ойлоно калды. Дароо жолдун аркы бетине өттү да, имараттын так маңдайындагы парктын жээгиндеги олтургучка олтура кетти. Бул жерден кирген-чыккандардын баары көрүнүп турат. Тигине тааныш адамдар. Улам бири шашып келип, айнек каалгага кирип кетүүдө. Кирип бүтүштү окшойт. Сайна саатын карап койду. Иш башталды. Тигине үчүнчү кабат, бухгалтериянын эки терезеси, күмүш түстүү калкан пардалары – баары көрүнүп турат. Сайнасыз эле иш жүрө берет турбайбы көрсө. 

Отургучта көпкө олтурду. Телмирип олтура берди. Оо, кыйладан кийин гана ордунан туруп, илкий басып үйүн көздөй жөнөдү.

Жарыктык, жаздын жаркырап турганын карасаң!!! 

2026-жыл, март 

Автор

  • Элмира Ажыканова

    1966-жылы 15-октябрда Талас районундагы Кум-Арык айылында туулган. Журналист, акын, жазуучу. КТРдин отличниги, республикалык «Айтыш» коому уюштурган «Мыкты аңгемелер» конкурсунун эки жолку жеңүүчүсү,  Махмуд Кашкари атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты, Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгына карата жарыяланган сынакта 3-орунга ээ болгон, маданияттын мыкты кызматкери, КР Ардак грамотасынын ээси.

    “Көгүш гүлдөр” (2007-ж.) ырлар жыйнагы, “Жан маанай” (2017-ж.) ырлар жана аңгемелер жыйнагы жарык көргөн.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген