|

Наталья Антонова: “Апрель кары”

Биринчилерден баа бериңиз!

(жомок)

Кар жумшак жана жеңил эле. Ал түбөлүк океандай болгон түнкү асманды аралап, жылдыздардын күмүш сыяктуу жаркыроолорун чагылдырып турду. Кардан жаңы нерсенин назик жана кандайдыр бир түшүнүксүз, бирок жагымдуу жыты чыгып жатты.

Бул апрель айы эле, ал кыш тууралуу эч нерсе билчү эмес. Кар түн ичинде жаады. Таңга жуук, ойгоно сала, чыгыш тараптагы асмандын жарымында каалгый сүзүп, барган сайын бийиктеп келе жаткан чоң кызыл шарды көрдү.

– Бул эмне? – деп таң калган кар кыйкырып жиберди.

– Бул күн, – деп жооп берди түнкү чырак илинген карт мамы.

– Күн! – деп кайталады апрель кары, кубанганынан алтындын учкундарындай жаркырап. – Кандай кооз! Кандай сонун! Кандай жарык! – деп суктанды кар.

– Бери карай, мага сүзүп кел, – деп чакырды апрель кары күндү.

– Кеңкелес кар, – деп күңкүлдөдү карт чырак мамысы. Ал ушунчалык карыган эле, канча жашта экенин унутуп да калган, ошондуктан өзүн эң акылдуу деп эсептечү. Карт мамы ар дайым күңкүлдөп, ачууланып, баарына акыл үйрөтчү. 

– Күн сени эритип, кир көлчүккө айлантат, – деди мамы наристедей ишенчээк апрель карына.

– Андай болушу мүмкүн эмес! – деп кыйкырды капа болгон кар. – Күн ушунчалык сулуу! Ал эч качан жаман боло албайт!

– Көрө жатарсың, – деп күңкүлдөдү карт мамы.

Күн барган сайын бийиктеп баратты. Нуру мүнөт сайын ысык тие баштады. Ал эми күнгө ашык болуп калган кар эрип баратканын сезди.

– Оо, Кудайым! – деп кыйкырды ал, көзүнө жаш алып.

Бирок кар буга сулуу күндү күнөөлөгөн жок. Ал сүйүүдөн эрип баратам деп ойлоду.

Ошол учурда кеч кирип, түн кирди. Күн жашынып калды, ал эми кар аягына чейин эриген жок.

Ал көзгө сайса көрөнгүс караңгылыкта жатты, карайган асманды карап. Ал жерде күмүш ай, балык сууда сүзгөндөй сүзүп жүрдү. Ал муздак жана бардыгына кайдыгер эле.

Жок, ал күндү алмаштыра албады. Апрель кары кайгырып жатты.

– Мен эми күндү көрө албаймбы?! – деп үмүтсүздүккө алдырган кар.

– Унчукпачы, – деп күңкүлдөдү карт мамы, – уктап жаткандарга тоскоол болбо.

Карт мамыда чырак жок болчу, ал мурда эле талкаланып калган, ошондуктан эч кандай жарык жок эле.

– Күн, күн, – деди жаны тынбаган апрель кары, – кайдасың? Жооп бер!

– Үнүңдү басчы, акыры! – деп чындап ачууланды карт мамы. – Таң атканда көрөсүң күндү.

– Чын эле элеби?! – деп кубанды кар.

– Балким, акыркы жолу, – деди карт мамы шылдыңдагансып.

– Мейли, – деди апрель кары. – Эрип кетсем мейли! Бирок мен күндү көрөм!

Карт мамы эч нерсе деп жооп берген жок, болгону жийиркенгенсип кычырап койду.

Таң да атты. Күн чыкты. Ал эми кар, карт мамы алдын ала айткандай, эрип кетти.

Бирок керемет болду! Кар өлбөдү, ал кир көлчүккө айланган жок! Ал жазда биринчи чыккан гүлдүн бир түрүнө айланды! Жазгы күндөй жаркыраган сары гүл. Жука сабактагы сары желекчелери алтын оттой жанып турду. Адамдар бул сулуу гүлдү Байчечекей деп аташты.

Азыр деле ар жаз сайын күнгө ашык болгон апрель кары гүлгө айланат. Ал биринчилерден болуп жарыкка умтулат. Жана сулуу күндүн нуру астында сүйүүдөн жанып, күйүп турат – бул Байчечекей!

Которгон Абийрбек Абыкаев

Автор

  • Жазуучу, котормочу. “Улуу Жантай санжырасы”, “Эрмектеп тапкан эмгегим” деген чыгармалары, “Абай Кунанбаевдин “Жүрөктү агарткан кара сөздөр”, Мухтар Ауэзовтун “Дүрбөлөң заман”, Салтыков-Щедриндин “Абийир жоголду” деген чыгармалардын котормолору китеп болуп басылып чыккан.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген