Туулган жерге
Түшүмө айылым кирди алыс калган,
Түндөсү жылдыздары алоолонуп,
Таңында таза абасы таңыркаткан.
Камынып мен өзүңө баратыпмын,
Жолумду тоолор тосту, салам айттым.
Жеримди айттым ага бара турган.
Колдорун бу тоолордун,
Кармадым мага сунган.
Ойгондум капысынан.
Жакшы түш кандай сонун,
Уйкуңду бузбай туруп таң атырган.
Өзүңдү сагынганым,
Эми сездим.
Тоолоруң, талааларың
Кеңирсиген.
Жаткандыр шамал менен,
Миң тазарып.
Жамгырың кайың жыттуу
Айылымды,
Түрлөнтүп сулуу кыздай
Кийиндирип,
Ойнотуп, жуундуруп
Жатса керек.
Сарталаа күз жемишин берип бүтүп,
Кеңирсип, милдет кылбай анысына,
Пейилин кенен салып, жазды күтүп,
Айдоого аңтарылып, аңыз болуп,
Күздүгү дымак күтүп шашса керек.
Тоо, талаа, кайың, дарак даакы болуп,
Жазды эңсеп жатат балким уйкусурап.
Кыш кетсе, ылымсырап Жаз кылтыйса,
Ойгоноор чагылгандын дабышынан.
Тоолоруң бийикмин деп менменсинбей,
Суугун коктусуна катса керек.
Сагындым аккан сууң, кайыңыңды,
Сагынуу кандай сонун айылыңды.
Бир гана Ата Журтум Агышайда,
Кыйналып таппай турат дайынымды.
Убактың жок билемин таарынганга,
Жер керек пендең үчүн табынганга.
Турасың кебелбестен түркүк болуп,
Жашайсың дагы канча кылымдарга.
А бизби, биз кетебиз акырындап,
Өзүңдөн топуракка айланабыз.
Жер болуп, эгин болуп, жемиш болуп,
Денени урпактарга кайтарабыз.
Пендебиз, көр тириликтин камын ойлоп,
Биз сага келгичекти кичирейип,
Унутуп бу жалгандын чындыгын да,
Жашайбыз таранчыдай үтүрөйүп.
Келебиз майдаланып, тайгаланып,
Тууган жер, арманды айтам кайда барып.
Бийиктик бир өзүңдө тургандыгын,
Сезербиз акыретке келген кезде.
Ошондо Опол тоодой тууган жерде,
Бабалар шамал менен күү чыгарып,
Комузун чертип турар теребелде!
