Виктор Астафьев: “Мен эмне үчүн тартарды өлтүрдүм?”
(аңгеме)
Бул илгери, болжолу 40 жыл мурун болгон. Эрте күздө балык уулоодон чөбү чабылган чабынды менен келатып, жайында солуп калган, тал баскан кичинекей көлмөнүн жанында мен бир чымчыкты көрдүм.
Ал мении кадамымды укканда чабылган олоң чөптүн тикендүү сөңгөктөрүнүн арасында бөгүп калды, бирок жарыктык мен аны көрүп турганымды сездиби, тынчы кетип ары-бери каранып жатты, бир маалда бир капталына олдоксон сылтып чуркап жөнөдү.
Тайгандан качканга болбогон сыяктуу эле жаш баладан да качканга болбойт эмеспи – анын делебеси козголуп, сөзсүз артынан кубалайт. Ошондо андан эч ким качып кутула албайт!
Мен чымчыкты айдалган бороздо кууп жетип, куугундун, аңчылыктын кумарына алдырган жаным аны кайырмагым менен чапкылап калдым.
Сөөгү жоктой сезилген, соолуй түшкөн чымчыктын кичинекей денесин колума алдым. Анын жансыз көздөрүн түссүз кабактары жаап турган эле, ал эми моюну сууктагы жалбырактай ары-бери шалкылдайт. Чымчыктын жүндөрү саргыч, капталдарында күрөң түстө болчу, ал эми жонуна чирип калган жыгачтын сыныктарын бирөө себелеп койгондой.
Мен бул эмне чымчык экенин дароо тааныдым – ал тартар болчу. Биздикилер аны Дергач деп коюшат. Анын дергач-жолдошторунун бардыгы бизден эбак эле жылуу жерлерге кыштаганы учуп кетишкен. А бул кете албаптыр. Анын бир буту жок экен – чөп чабыкта чалгыга илинген го. Ал менден олдоксан качканынын да, мен аны кууп жете алганымдындын да себеби да ушул болчу.
Анын арыкчырай, салмагы жок денесиненби, же эч бир кооздугу жок жөнөкөйлүгү, комсолугунанбы, а балким анын бир буту жок болгонунанбы, кокодой жалгыз калганынанбы ушундай бир аёо сезими көөдөнүмдү аралап кетти дейсиң, колум менен бороздо чуңкурча казып, жөндөн жөн эле бөөдө өлтүрүлгөн жандыкты көмүп койдум.
Мен аңчынын үй-бүлөсүндө туулгам, кийин өзүм да аңчы болдум, бирок мен эч качан жөндөн жөн эле себепсиз атпадым. Ар бир жайда мен тартарлардын мекениме, орус жергеме келүүсүн чыдамсыз жана жүрөктө кыттай уюп калган күнөө сезими менен күтчү болдум.
Моюл да гүлдөп бүтүп, чөмүч баштын бариктери толук күбүлүп, марал кулактын төртүнчү жалбырактары кылайып, чөптөр бой көтөрүп, ромашкалар дөңсөөлөрдү бүт каптап, булбулдар акыркы күчтөрүн жыйнап ырдап калышкан мезгил.
Бирок баары бир бул эрте жай бир нерсеси менен кем болуп, ага бир нерсе жетишпегенсип турат, ал мага толук жетиле электей сезилет.
Мына ушундай күндөрдүн биринде, шүүдүрүмдүү таңда, жай жылжып аккан суунан аркы өйүзүндө, жаш чөп өскөн чабыттарда, тартардын үнү угулду. Келдиңби, саякатчы! Келген экенсиң да! Тартат-чыйкылдайт! Демек жай баралына толо баштаптыр да, демек жакында чөп чабык башталат экен да, демек бардыгы жайында.
Ар бир жылда ушундай көрүнүш. Зарыгып тартарды күткөнүм күткөн, бул баягы тартар кайсы бир сыйкыр жол менен аман калып, ошол кездеги жаш, кызуу кан балакайды кечирип, мага бул тууралуу үнү менен белги берип жатат деп өзүмдү ишендиргенге аракет кылып берем.
Азыр мен тартардын жашоосу кандай кыйын экенин, Орусияга жай келди деп кабар бериш үчүн канчалык алыс аралыкты басып өтөрүн жакшы билем.
Тартар Африкада кыштайт жана апрелдин башында аны таштап, «…унутулган оттун табындай кызгалдак таңдар аткан, жашыл чачтуу токойлор көк таңдын иңирине чөгүп сиңген, чалгы тие элек чабыты турган, көк гүлдөй көздөр жайнаган…» тарапка шашат. Кыска убакытта уя жасап, тукумун багып, чоңойтуп, өлүмгө тете кыш келе электе батыраак кетиш үчүн келет.
Учканга анчалык жок, бирок чуркаганга маш чымчыкка жылына эки жолу Жер ортолук деңизден учуп өтүүгө туура келет. Сапарда, өзгөчө деңиздин үстүндө миңдеген тартар өлөт.
Тартардын сапардагы жолу кандай экенин саналуу гана адам билет. Алардын жолунда бир гана шаар жатат – Франицянын түштүгүндөгү байыркы чакан шаар. Бул шаардын гербине тартар түшүрүлгөн. Тартарлар шаар аркылуу өтүп жатканда шаар тургундарынын эч кимиси иштебейт. Бизде, Руста торгойлор учуп келген мезгилде бул кушка окшош нан бышырганыбыздай эле бул француз шаарынын тургундары тартардын түспөлүндөгүдөй нан бышырып майрамдашат.
Француздардын бул байыркы шаарында тартар ыйык куш деп эсептелет, эгерде мен ал жакта жашаган болсом, мени алар өлүмгө кыйышмак.
Бирок мен Франциядан алыс жашайм. Жашаганыма да көп болду, көп нерсени көргөнгө жетиштим. Согушта болдум, адамдарды аттым, алар да мени атышты.
Бирок негедир суунун аркы өйүзүнөн тартардын чыйкылдаган үнүн укканымда жүрөгүм болк этип, андагы карттап калган бир сезим мени кайра кыйнай баштайт: мен эмне үчүн тартарды өлтүрдүм? Эмне үчүн?
Которгон Марат ТОКОЕВ
