Жеңишгүл Турсунбаева: “Токол азабы”
(турмуштан алынган баян)
Оорукананын босогосун аттаганыма экинчи күн болду. Бул жердин өзүнчө бир муздак, бейтааныш жыты бар – дары-дармек менен үмүттүн, коркуу менен дубанын аралашкан жыты. Жүрөгүм бир калыптан жаңылып, көкүрөгүмдүн ичинде капаска камалган куштай безилдеп, ар бир соккону сай сөөгүмдү сыздатып, тиричиликтин кыл үстүндө турганын сездирди. Тегерегимде ак халатчан дарыгерлер ары-бери чуркап, палатанын ичиндеги тынчтыкты медициналык аппараттардын бир калыптагы чырылдоосу гана бузуп турду. Ошол үндөр – өмүрдүн акыркы кылдарындай сезилет.
– Операция кылбаса болбойт, – деди башкы дарыгер мага тике карап. Анын көз айнегинин артындагы чарчаңкы көздөрү көптү көргөнүн айтып турду. – Жүрөгүңүз чарчаптыр, карындашым. Аны бир гана хирургиялык жол менен калыбына келтире алабыз. Эртең чоң сыноо болот, кайрат кылып, өзүңүздү даярдаңыз.
Ажал менен беттешип, курч бычактын мизине тилингенге кимдин эле дити барсын? Көздөрүмдү жумсам эле, өткөн өмүрүмдүн элестери кино тасмасындай чубалат. Балалыгымдын аруу кездери, кызымдын биринчи кадамдары, үй-бүлөлүк жылуу кечтер… «Эгер ойгонбой калсамчы?» деген суроо мээмди жеп, жүрөгүмдүн согушун ого бетер тездетет. Адам баласы кантсе да темирден эмес го, ичимден кан өтүп, санаанын сазына баттым. Бирок медицинанын кудуретин айткан дарыгерлердин жылуу сөзү бир аз болсо да үмүт отун жагып жатты. «Коркпоңуз, медицина өнүккөн, кардиологдорубуз өз ишинин чеберлери» дегени менен, жүрөккө буйрук берип болбойт экен.
Үчүнчү күнү таңга маал коридордо ары-бери басып жүрүп, демим кысылып кетти. Палатанын кууш дубалдары мени кысып, бүтүндөй аалам тарып кеткендей сезилди. Таза аба жутуп, көкүрөктү кенен жазайын деп балконго чыктым. Ал жерде бир карыя алыска, тоолор тарапка тигилип, таш сыяктуу катып отуруптур. Анын жанында туруп, мен да алысты карадым. Асман боз кыроо тартып, таң жаңыдан агарып, күн тоолордон аркан боюн созуп келе жаткан.
– Кайырлуу таң, – дедим акырын, үнүм титиреп.
Бирок ал мени жактырбаган, муздак жана сынаган көз караш менен бир карап коюп, кайрадан өз ойлорунун туңгуюгуна чөгүп кетти. Анын ошол муздак иреңинен кооптонуп, денем дүркүрөп кетти. Бул адамдын жүзүндө кандайдыр бир түшүнүксүз каар менен кошо терең бир муң бар эле. Тез эле бөлмөмө кайттым. Дарыгерлер келип, тамырыма тутумдуу дарыларды куюп, организмди эртеңки чоң сыноого, ажал менен беттешчү майданга даярдай башташты.
* * *
Кеч киргенде балкондогу карыя дагы деле ошол ордунда экен. Күүгүмдүн ичинде жалгыз калган карыган аркардайбы же бороондон кийинки сынган теректейби, айтор, өтө байкуш көрүндү. Анын бул жалгыздыгы оорукананын башка бейтаптарыныкынан башкача эле – бул аргасыздыктын эмес, өзүн-өзү жазалаган адамдын жалгыздыгындай сезилди. Жанына басып бардым. Жашы алтымыштан ашкан, жүзүнүн бырыштарына тагдырдын татаал, чиеленишкен жолдору жазылгандай.
– Кайырлуу кеч, ата, – дедим кайрадан, бул жолу чечкиндүүрөөк.
Унчукпады. Башын да ийбеди. Жактырбагандай олурая карап койду.
– Сиз эмнеге алик албайсыз? – дедим мен да намыстанып. – Жашка келип калсаңыз да, амандык сурашкандын эмнеси жаман? Бул дүйнөдө амандыктан өткөн эмне бар?
– Мен оорулуумун, – деди ал үнүнүн кырылдагынан боз кыроо түшкөндөй. Анын үнү кудуктун түбүнөн чыккандай угулду.
– Оорубасак бул жерде эмне кылмак элек? Мен деле оорулуумун, – дедим ачуум келип.
Ал мага тигиле карап:
– Эмнеге жармашасың? Оорулуу болсоң, бар да жат бөлмөңдө! Менин жанымды кой! Өзүңдүн гана кайгыңды ойло! – деп заардуу үн менен бурк этти.
Мен ызага чыдабай, көзүмө жаш тегеренип, бөлмөмө кирип кеттим. «Бул адам эмнеге мынчалык заар? Кантип эле жүрөгү ооруган адам ушунчалык таш боор болсун? Мүмкүн, жүрөгү эмес, жаны ооруп жаткандыр?» – деп ойлондум. Бирок ичимден баары бир ага шыпаа тилеп, уйкуга кеттим. Эркектер ооруга чыдамсыз келет эмеспи, балким ошондондур деп өзүмдү соороттум.
Эртеси бакчада башка бейтаптар менен сейилдеп, сүйлөшүп калдым. Күн ачык, бирок менин көңүлүмдө боз туман.
– Тиги карыя ким? – деп сурадым бир келинден, балконду жаңсап.
– Албы? Ал бир кездеги “дөөлөтүнө мас болгон” төрө экен, – деди ал шыбырап, тегерегин карап алып. – Атын баары билет, бийлиги да, байлыгы да болгон дешет. Бирок карасаң, он күндөн бери бир да жакыны келип, амандык сурап койгон жок. Дүнүйөсү ашып-ташса да, ит өлүмүндөй жалгыздыктын азабын тартып жаткансыйт. Аялы да, балдары да келбейт имиш.
Менин ичим ачышты. Көрсө, ал жөн жерден мынчалык заардуу болбоптур. Анын ичинде айтылбаган арман, кеч келген өкүнүч, өткөн өмүрдүн ачуу чаңы жатканын туйдум. Адам баласы бийликте турганда өзүн түбөлүктүү сезет эмеспи, бирок оорукананын бул тар керебети баарын теңеп коёт тура.
* * *
Операцияга бир күн калганда, коридордо ары-бери басып жүрүп, ошол карыяга кайра жолуктум. Бул жолу анын көздөрү башкача эле. Мурунку заардыктын ордуна мээрим жана күнөөлүү адамдын көз карашы пайда болуптур. Биз балконго чыгып, көпкө чейин унчукпай турдук. Асманды кара булуттар каптап, жамгыр жаачудай болуп турган.
– Эртең операция дештиби? – деп сурады ал күтүүсүздөн.
– Ооба… Коркуп жатам, – дедим чындыгымды айтып.
– Коркпо, балам. Бул жердин дарыгерлери – периштелер. Мен бул жерден үч жолу өлүмдөн калдым. Өзүм өлүүнү каалап, аракка берилип, жашоомду талкаласам да, алар мени ажалдын чеңгелинен сууруп алышты. Кудай аларды атайын ушул жерге иргеп алып келгендей…
Ал мага өз тагдырын ачып берди. Бул жөн эле аңгеме эмес, жан дүйнөнүн тообосу эле.
– Мен адам кадырын кеч түшүндүм, карындашым. Бир кезде токол алып, өзүмдүн ыйык үй-бүлөмдү, ак ниет аялымды жана балдарымды унутуп калдым. Байлыкка мас болуп, жаш токолумдун жасалма күлкүсүнө алдандым. Аны алтынга бөлөп, дүйнөнү кездирдим. Бирок ошол токол менин сепилимди талкалады. Балдарымды менден алыстатты. Көрсө, байлык – колдун кири, ал эми үй-бүлө – адамдын накта бактысы экен. Мен ошол бакытымды өз колум менен тебелеп салдым. Эми мына, баары таштап кетти. Жалгыздыктан өткөн оор жаза жок экен… Ал токол менин байлыгымды соруп бүткөндө, ооруга чалдыкканымда таштап кетти. ДНК анализин столго таштап: «Бул бала сеники эмес» деп кетип калды…
Анын айткандарын угуп, жүрөгүм зыркырап кетти. Бул адамдын байлыгынан азыр эч нерсе калбаптыр, болгону ыза жана өкүнүч.
– Эми мага дем алыш да оор, – деди ал үшкүрүнүп. – Калган өмүрүмдө аялымдын көзүнө кантип карайм? Балдарымдан кантип кечирим сурайм? Алар мени көргүсү да келбейт.
* * *
Эртеси мени операция залына алып кирип кетишти. Ал жердеги муздак жарыктар, дарыгерлердин бет каптары акыркы элес катары калды. Алты саатка созулган оор операциядан кийин, реанимацияда көзүмдү ачтым. Денем оорлошуп, бирок жүрөгүмдүн бир калыпта согуп жатканын сездим. Дарыгерлер «кайра туулган күнүң менен!» деп куттукташты.
Бир нече күндөн кийин гана палатага которулдум. Эсиме келерим менен карыяны сурадым. Бирок ал эбак комага түшүп калыптыр. Коридордо жашы алтымыштан ашкан, жүзүнөн нуру кетпеген, бирок көздөрү түпсүз муңга толгон бир эне отуруптур. Ал карыянын мыйзамдуу аялы – байбичеси экен. Ал мени көрүп, жаныма келди.
– Аксакал сизге ушул катты калтырыптыр, – деди ал мага титиреген колу менен кагаз сунуп. – Ал сиз менен сүйлөшкөндөн кийин ушуну жазыптыр.
Катты ачып окуп жатып, көзүмө жаш тегеренди:
«Карындашым, мен сага берген убадама тура алган жокмун. Мен сен ойлогондой жакшы адам эмесмин. Мен – бакытын баалай албаган байкушмун. Токолдун азгырыгына алданып, өз уулумдун тагдырын талкаладым. Уулум карызга батып, жардам сурап келгенде, мен оңбогон «бир аз кыйналсын» деп бербей койгом. Аны өлтүрүп кетишти… Мен аны жашыруун көмдүм, аялыма айта албадым. Жети жылдан бери аялым уулун күтүп келет, ал эми мен ошол чындыкты айта алган жокмун. Кызымды баңгиликке түрткөн да ошол токолум экен, аны кеч билдим. Мен өзүмдү кечире албайм. Мен ажалды өзүм чакырып жатам. Сен бактылуу бол, үй-бүлөңдү сакта, эч качан абийириңди сатпа…».
Окуп бүткөндө денем титиреп, демим жетпей калды. Бул катта бир гана адамдын өлүм алдындагы тообосу эмес, бүтүндөй бир доордун, байлыкка мас болгон замандын трагедиясы жаткан эле.
* * *
Катты окуп бүткөнчө, палатадан медайымдар атып чыгып, апаны чакырышты. Оорукананын коридорунда бир заматта ызы-чуу түшүп, анан баары тынчып калды. Карыянын жүрөгү токтоптур. Ал өзү каалагандай, бул жалган дүйнө менен коштошуп кетти. Бирок анын артында калган чындык баарынан оор эле.
– Баламды кайда көмдүң? Эмнеге айтпадың? Кантип айтпай кетип калдың?! – деп байкуш эне боздоп, жер сабап жатты. Ал күйөөсүнүн өлүмүнө эмес, жети жылдан бери «тирүү» деп күткөн уулунун өлүмүн эми билгенине күйүп жаткан эле. Анын боздогон үнү оорукананын дубалдарын титиретип, ар бир бейтаптын жүрөгүнө жетип жатты.
Бул окуя менин жүрөгүмө операциядан да терең из калтырды. Дарыгерлер менин жүрөгүмдү айыктырышты, бирок бул окуя менин жанымды өзгөрттү. Турмуштун ачуу чындыгы ушул экен: адам баласы колундагы алтынын баалабай, жалтырак ташка алданат экен. Бирок кеч келген өкүнүч эч качан бакыт алып келбейт. Биз бул дүйнөдө конокпуз, бирок ошол конокчулукта адамдык касиетти сактап калуу – эң чоң эрдик тура.
Арадан убакыт өттү. Мен ооруканадан чыктым. Бирок ар бир таңда балконго чыкканда, алыска тигилип отурган ошол карыяны жана анын кеч келген өкүнүчүн эстейм. Жашоо улана берет, бирок кээ бир сабактар өмүр бою унутулбайт.
Оодарган Жанаргүл ЖОЛДОШОВА

азаматсын досум ийгилик ,Жанара онорун оркундосун!