55 сөз сынагы

(01.08-31.08.2026)

Ким катыша алат?

Сынактын катышуучуларына жашы, жынысы, адабиятка аралашканы, адабий чөйрөгө жакындыгы, «Адабий Ордо» сайтында катталган-катталбаганы боюнча чектөө жок.

Чыгармага талаптар:

  • чыгарма ашык-кеми жок 55 сөздөн турушу керек;
  • баяндалган окуяда жок дегенде бир каарман болушу абзел;
  • окуя болгон жерди көрсөтүү зарыл;
  • чыгармада конфликттин өнүгүшү жана чечилиши (же күтүүсүз аякташы) камтылышы талап.

Канча чыгарма жөнөтсө болот?

Бир автордон 3 (үч) гана чыгарма кабыл алынат. “Өзүңөр тандап алгыла” деген өтүнмөлөр каралбайт!

Чыгармалардын жарыяланышы

  • Редакциянын алгачкы элегинен өткөн чыгармалар гана сынакка катыштырылат. Мында чыгармага талаптардын сакталышына көңүл бурулат. Чыгарманын сынакка катыштырылбай калышы боюнча редакция түшүндүрмө берүүгө милдеттүү эмес.
  • Сынакка катышкан ар бир чыгармага номур берилет жана ал ошол номур менен автору көрсөтүлбөй (сайттын админинин атынан) сайтка жарыяланат.
  • Сынакка катышкан чыгармалар «Адабий Ордо» сайтынан сырткары «Кыргыз Маданият Борбору» сайтында жана «КЫСКА-НУСКА» телеграм-каналында жарыяланып турат.

Сынактын сыйлыктары:

1-орун: Атайын диплом, 12 айга каалаган көлөмдө, каалаган санда акы төлөбөй сайтка чыгармаларын жарыялоо мүмкүнчүлүгү;

2-орун: Атайын диплом, 9 айга каалаган көлөмдө, каалаган санда акы төлөбөй сайтка чыгармаларын жарыялоо мүмкүнчүлүгү;

3-орун: Атайын диплом, 6 айга каалаган көлөмдө, каалаган санда акы төлөбөй сайтка чыгармаларын жарыялоо мүмкүнчүлүгү;

«Адабий Ордо» сайтынын редакциясынын сыйлыгы: 3 айга каалаган көлөмдө, каалаган санда акы төлөбөй сайтка чыгармаларын жарыялоого сертификат.

Сынактын мөөнөттөрү кандай?

  • Сынакка чыгармалар 2026-жылдын 1-августунан баштап кабыл алына баштайт.
  • Сынакка чыгармалар 2026-жылдын 31-августуна түнкү саат 12ге чейин кабыл алынат.
  • Сынактын жыйынтыгы 2026-жылдын 15-сентябрына чейин чыгарылат.

Сынактын жюрисинин курамы?

  • Сынактын жюриси сайттын редакциясынын тандоосундагы 5 көрүнүктүү адабият өкүлүнөн турат. Алардын ысымдары сынак бүткөнгө чейин ачыкка чыгарылбайт.
  • Жюринин курамына сайттын редакциясы кирбейт.
  • Сайттын редакция мүчөлөрү жана калыстар сынакка катышпайт.

Китептин чыгарылышы

Сынактын жыйынтыгы боюнча ага катышкан бардык чыгармалардан турган жыйнакты даярдап, басып чыгарып, китепканаларга таратып, окурман журтуна сунуштоону пландаштырып жатабыз. Бул китепте сынакка катышкан кыска аңгемелерден сырткары, алардын авторлору тууралуу да маалымат камтылмакчы.

Сынакка катышкан ар бир авторго 1ден китеп бекер берилет.

Сынакка чыгарманы жиберүүнүн талаптары кандай?

  • Сынакка чыгарманы adabijordo@gmail.com эл. почтасына темасына «55 сөз» деп белгилеп жазып жибериш керек.
  • Катта чыгарма менен кошо автордун аты-жөнү, ватсап номуру (ыкчам байланышып айрым маалыматтарды тактап алыш үчүн) көрсөтүлүшү абзел.
  • Ошондой эле автордун бир сүрөтү, автор тууралуу кыска маалымат катка тиркелиши зарыл (китепке).

#7-8 (55 сөз)

#7 Таарыныч – Бир жума өткөрүп келди. Бир туугандары апасынын кыркын берип ар ким өз …

#5-6 (55 сөз)

#5 Куйкасы курушту Паяздыкына Бишкектен уулу Айбек, келини Самаргүл балдары менен келишти. Коноктордун урматына кой …

#3-4 (55 сөз)

#3 Ээсине караганда ити… Заманга жараша, илеркидей итине тамак берип байлап баккандар аз айылда. Самсаалаган …

#1-2 (55 сөз)

#1 Баккан мал боор эт менен тең Бир жазда Малик айылдын малын багууга алган. Бир …

Бөлүшүңүз