“Убакыт бизге гана кызмат кылып…”
* * *
Убакыт бизге гана кызмат кылып,
Биздики болуп күндөр, мезгил дагы,
Байланып сезимибиз бир-бирине,
Жүргөн кез азыр бизден алыс калды.
Биз дагы алыстадык, махабатты
калтырып аруу бойдон өткөн күнгө.
Узадык, бизди бөлгөн күндү ээрчип,
Унут деп буйрук берип өзүбүзгө.
Буйруган бүгүнкүгө көнгөн менен,
Ал кездин аруулугу картайбады.
Мен азыр өзүмдү издейм ошондогу,
Бараткан кол чатырдын астындагы.
Бакытка балкып баскан жамгырдагы.

сонун