| |

Жеңишгүл Турсынбаева: “Кыз бактысы”

Биринчилерден баа бериңиз!

(аңгеме)

Мен көп балалуу үй-бүлөнүн эрке кызы элем. Алдымда Жазира, Жайна деген эки эжем бар. Анан мен – Улжалгас төрөлүптүрмүн. Ата-энем менден кийин уул күткөн ниет менен атымды ушундай коюшкан экен. Тилектери кабыл болуп, мен эки айлык болгондо апамдын боюна бүтүп, дүйнөгө иним Жалгас келди. Иним экөөбүз эгиз козудай бирге өстүк. Мен бир жашка толо электе, экөөбүз бир жылдын ичинде төрөлүп калыптырбыз. Мен январдын он биринде жарык дүйнөгө келсем, иним Жалгас ошол эле жылдын ноябрь айында төрөлгөн экен. 

Атам башкага эмес, дал мага ыраазы болуп, уулунан бешбетер мени өзгөчө жакшы көрөр эле. Мени эркелетип, Жалгас менен кошо эркек балача кийинтип, мүнөзүмдү да ошол нукта тарбиялады. Инимдин чачын алганда, менин да чачымды такыр алдырып салар эле. Ошентип, эркекче кийинип, эркек балдардай жүрүүгө көнүп калдым. Апам кыздын көйнөгүн кийгизе турган болсо, көк беттенип ыйлап, чечип таштап, шым менен жемпир кийип алчумун.

Мектеп босогосун аттаганым эсимде. Апам дүкөнгө жеткенче мага акыл айтып, мектеп формасына көйнөк алып берем деп алып барды:

– Улжалгас, сен кызсың, эми мектепке барасың. Чачыңды өстүрүп, бантик тагып, көйнөк кийишиң керек. Эркекче кийинип жүрсөң уят болот, – деп узакка түшүндүрүп, бетимден өптү.

Апам инимди атайын ээрчиткен жок. Мени кыздардын жанына отургузуп коюп, өзү көйнөк карап жүрдү. Бир нече көйнөктү жана мектеп формасын кучактап келип:

– Кызым, жүрү, мына буларды кийип көрөлү, жарашканын алабыз, – деп кийгизе баштаганда:

– Мен көйнөк кийбейм! Мага шым алып бер! – деп бакырып жибердим.

Байкуш апам мени ары үгүттөдү, бери үгүттөдү. Алдап да, мактап да, урушуп да көрдү, атүгүл чаап да жиберди. Болбогон соң сатуучулар да ортого түшүп, түркүн жакшы сөздөрдү айтышты. Уялтып да көрүштү. Бирок мен көнбөй, көйнөктөрдүн баарын ыргытып, акыры костюм-шым, бир нече трико, футболка жана бутума кеда менен туфли алып чыктым. Иниме да дал ошондой кийим алдырып, экөөбүз окшош кийинип, бир класска бардык.

Ата-энем: “Мектепке баргандан кийин көзү ачылып, кызга айланар” деп ойлошсо керек. Кайдан… Мен “Улан” деген ат менен “эркекчоро” кыз бойдон калып, он жылдык мектепти аяктадым. Өмүрүмдө көйнөк кийген жокмун. Денем да чымыр, сөөгүм болук болду. Эркектин жумушун берилүү менен жасап, спортко баш отум менен кирдим, күрөштөн далай жеңиштерге жеттим.

Жалгастан кийин Ерген, Серик, Кенже деген дагы үч иним төрөлдү. Төрт иним тең мени эже эмес, ага катары кабыл алып, “аке” (ага) деп аташчу. Жалгас бала кезинде назик, ден соолугу начар эле. Атамдын жанында уул болуп ээрчип жүрбөй, апамдын кучагында ооруп жатчу. Мен атамды аяп, жанынан карыш калбадым. Ат кулагында ойноп, унаа айдаганды үйрөндүм.

Мектепти Жалгас экөөбүз тең алдыңкы окуучулардан болуп бүттүк. Мен канчалык жакшы окусам да, атамдын кашында болууну каалап, мал дарыгерлик институтка тапшырдым. Жалгас болсо курулуш тармагын тандады. Ал шаарда калгысы келерин көп айтчу.

Өзүмдү сырттан сүрөттөсөм: бойго жеткенде узун бойлуу, кара торунун сулуусу болдум. Бирок жүрүш-турушум, кийимим, чач жасалгам – баары эркекче. Мектепте окуп жүргөндө балдар мага жолой албайт эле. Ал тургай, жогорку класстын балдарын сабап койгон күндөрүм болгон. Жогорку класста жигиттер менен бирге футбол, волейбол ойноп, чогуу жүрдүк.

Ал кезде аскерден келген жигиттер өздөрүнө кыз тандап, махаббат баянын жазып жүрүшкөн чак. Менин курбуларым жигиттер менен жолугушууга чыкканда, мен шалбаада чөп чаап, короодо кык оюп, отун жарып, мал сугарып, ат жалында жүрөр элем. Шаарга окууга барганда да стилим өзгөргөн жок, кайра андан бетер күчөдү. Шаардагы эркиндик мени ого бетер эркек мүнөз иштерге түрттү. Жакшылап карабаган адам мени жигит деп ойлочу. Жаңы таанышкан балдар да мени бир топ убакытка чейин эркек деп жүрүп, кийин кыз экенимди билгенде таң калышчу. Гитара чертүүнү атамдан үйрөнгөн элем, шаарда бул өнөрүм мага көп дос топтоду.

Жатаканада Гүлзар деген назик кыз менен бир бөлмөдө жашап калдым. Гүлзар алгач менден аябай коркту, кийин көнүп, сырдаш болуп кеттик. Ал да мени кызга айлантам деп көп аракет кылды:

– Уля, карачы, кандай сулуусуң! Сага көйнөк аябай жарашат экен! – деп өзүнүн көйнөктөрүн кийгизе коер эле. Мен болсо:

– Койчу, жарашпайт мага, – деп тез эле чечип салчумун.

Жигиттердин мага ашык болгонун жашырып эмне кылам… Далай жигиттер менин “эркекчоро” мүнөзүмө, шамдагайлыгыма, бышыктыгыма суктанып, жар кылууну каалашты. Сөз айткандар да, атүгүл ала качууну ойлогондор да болду.

– Мени ала качам деп ойлобо, моюнуңду бурап алам! – деп коркутчумун. Бир жолу мени ала качмакчы болгон жигитти уруп, эсинен тандырып койгонумдан кийин, балдар мындай оюнан кайтышты.

Жылдар өттү. Окуумду бүтүрүп, айылга шаштым. Максатым – атама көмөктөшүп, инилеримди бутуна тургузуу эле. Келерим менен колхозго жумушка орноштум. Мал дарыгери катары кадыр-баркым өстү. Эң башкысы – атамдын оң колу болдум.

Бир күнү Жазира эжемдин күйөөсүнүн (жездемдин) эжемди “уул төрөбөйсүң” деп токмоктой турганын угуп, каным кайнады. Жездемдин башка аялдар менен көңүл ачып жүргөнүн да уктум. Эжем болсо “эркек кырктан ашканда ушундай болот, коёт” деп чыдап жүрө бериптир.

Бир күнү жездемди талаадан кармап алдым. Ал арак ичип алып, маанайы көтөрүңкү отурган экен. Мен аттан түшпөй туруп, аны жакадан алдым да, ат менен сүйрөп жөнөдүм. Жездем коркконунан эмне кыларын билбей калды. Эгиндин ортосуна барганда токтоп:

– Жезде, бул жерге эмне сепкенсиз? – дедим.

– Жүгөрү… – деди ал коркконунан какап-чакап.

Мен камчы менен жонго бир салып:

– Эмнеге буудай чыккан жок?! – деп бакырдым.

– Балдыз, жинди болдуңбу? Жүгөрү сепсең, жүгөрү чыгат да!

– Анда эмнеге эжемди “уул төрөбөдүң” деп сабайсың? Урукту сен сепсең, ал кантип башканы төрөйт? – деп дагы бир нече ирет камчы менен жонго тарттым. – Эгер дагы бир жолу эжеме кол көтөрсөң, ушул жерге тирүүлөй көмүп кетем! – дедим.

Ошондон кийин жездем өзгөрдү. Эжеме сый мамиле жасап, үй-бүлөсүнө карай баштады. Кудай буйруп, эки жылдан кийин уулдуу да болушту.

Экинчи эжем Жайнанын да турмушу оор эле. Күйөөсү тапкан-таянганын бүт апасына берип, эжем бир тыйынга зар болуп жашачу. Иним Жалгастын тою болордо мен бир куулук ойлоп таптым. Жолдо жездемдин намысына тийип, эл арасында өзүн эркин сезиши үчүн өзүмдүн акчамдан берип, аны “мырза” кылып көрсөттүм. Шаардагы сый-урматты, элдин мамилесин көргөн жездемдин көзү ачылып, айылга келгенден кийин апасынан бөлүнүп, өз алдынча түтүн булатып кетти.

Айтмакчы, иним Жалгас үйлөнгөн кыз – ошол мен шаарда бир бөлмөдө жашаган Гүлзар болчу. Алар шаарда калышты. Мен болсо атамдын жанында, айылдын чаңын асмандатып, ат жалында жүрө бердим…

Жылдар жылып өтө берди…

*   *   *

Энемдин ден соолугу күндөн-күнгө начарлап, оорукана босогосун аттаганы көбөйдү. Жалгаштан кийинки иним Ерген медицинада окугандыктан, жан талашып, мыкты деген дарыгерлердин баарына энемди көрсөтүп, кастарлап багып жүрдү. Серик тогузунчу класс, ал эми кенжебиз бешинчи класстын окуучусу эле. Энем ооруга алдырган сайын менин тагдырымды ойлоп, ичтен кан өтүп, санаага бата турган болду. Кээде жанына чакырып алып, муңдуу тигилет:

– Кызым, атаңдын эркеси элең… Мынтип жүрө бергениң болбос. Сен – бир үй-бүлөнүн куту, сулуу жар боло турган жансың. Жашың болсо отузга таяп калды. Сага суктанган көздөр жок десең ишенбейм, сени жар кылып алгысы келген жигиттер толтура. Ошолорго мүмкүнчүлүк бер, сүйлөш, көңүлүңө төп келсе, колуңду кармат, – деп кулагыма куя берчү болду.

Муну менен эле чектелбей, атам экөө жалгыз калганда ачууга алдырып, ичиндеги арманын сыртка чыгарат экен:

– Улжалгасты уул кылып алган сенсиң! «Кыз балага эркектин тарбиясын бербе, чачын алдырба, спортко ооп, оор жумушка аралашканы болбойт» деп канча айттым? Неге мени укпадың? Дагы эле бир иш болсо «Уулум, уулум» деп жаныңдан калтырбайсың. Улжалгас эркек эмес, ал – кыз! Кыз деген – өрүш, кыз деген – болочок эне. Мына, кызың отузга чыккыча сенин чарбаңдан бошой албай, ат үстүндө чапкылап, малчылардын арасында эркекчочо болуп жүрөт. Эгер кызым жалгыз калып, бактысы ачылбаса, Кудай сени кечирбейт! – деп көз жашын төгүп, жини келет тура.

Чынында, атам мени байлап алган жок. Мен өзүм атама караан болуп, кашынан карыш жылгым келбей жүрдүм. Жигит деген мен үчүн кереги жок адамдай сезилчү. Курбуларым турмушка чыгып, үй-бүлө күтүп жатканда, мен болгону ата-энемди, бир туугандарымды гана ойлоптурмун. Канчалаган жигиттер мага даай албай кетти. Эркекче кыркылган чачыма, кийген кийимиме карабай, мага сөз айткан, көңүл бурган эр азаматтар аз болгон жок.

– Ары жүрчү, айналайын! Сенин кириңди жууп, тамагыңды жасап, бала төрөп бере турган катын мен эмесмин! – деп, канчасын кекирейип түртүп салдым.

Адамдын өзүнө айткан сөзү – өзүнө атылган ок тура. Убакыт өткөн сайын айланамдагылар мени «кыз» катары көрбөй, жат санай башташты. Алгач администрациядагылар таң калып жүрүшсө, кийин көздөрүнөн ишенбөөчүлүктү, атүгүл кооптонууну байкадым. «Сөз сөөктөн өтөт» деген чын экен.

– Ула, сен деги кызсыңбы?

– Неге эркекче кийинесиң? Бир мандемиң бар го?

– Көйнөк кийип, чачыңды өстүрсөң боло?

– Ула, бөлмөдө жалгыз болгонумда кирбей эле койчу, элдин сөзүнө калбайын… – деген ачуу сөздөр жакын деген досторумдун оозунан чыга баштады.

Атүгүл үч иним да менин кебетеме нааразы болуп: «аке, кызга ылайыктуу эле кийинсеңизчи, чачыңызды өтө кыска алдырбаңызчы» дешкенде, өзүмдүн сүйкүмсүз болуп баратканымды алгачкы ирет сездим. Атам да мурункудай мени менен кеңешпей, жанына уулдарын гана ээрчитчү болду. Көрсө, энем атамдын кулагына катуу куюптур: «Мен сага уул төрөп бердим, мына, Ерген, Серик, Кенже бар. Неге аларды эркек ишине үйрөтпөйсүң? Кыз баланы аябай, оор жумушка салып, жолунан адаштырдың. Эми Улжалгаска чөп ташытып, отун жардырсаң, сени эч качан кечирбейм!» – дептир.

Төбөмө жай түшкөндөй болду. Отузга чыккыча өзүмдү «күчтүүмүн, баарын жеңем» деп алдап келиптирмин. Башка кыздардын назик болуп, оор жүктү көтөрө албай жатканын көрсөм, «неге мынча майышат?» деп ичимден күлчү элем. Көрсө, ошол «назик» кыздар эбак эне болуп, бакыттын даамын татып жатышыптыр. Мен да турмушка чыгууну чечтим. Бирок… айланамда эркек калбаптыр. Мага аял катары караган жан жок. Жумуштагылар мени «өз кишибиз» катары көрүп, орой сүйлөп, аркага чаап, кол алышып учурашат.

Энем ооруканага кетер алдында мени жанына чакырды. Көзүндө үмүт менен коркуу аралашып турат.

– Кызым, Кудай сени аял кылып жаратты, сен өз парзыңды аткарышың керек…

– Апа, кабатыр болбо! – дедим ичимдеги өрттү жашырып. – Сен дарыланып келгиче, үйгө кудалар келет. Мени узатасың!

Бул сөздү укканда энемдин көздөрү жайнап, кубанычтан ыйлап жиберди. Бул менин эң чоң, бирок эң зарыл жалганым эле. Энем кетери менен үйдү акилеп, тазалап, даярдана баштадым. Жазира жана Жайна эжелерим келип, мени базарга алып барышты. Өмүрүмдө биринчи жолу халат, көйнөк, бийик така бут кийим алдык. Бирок халат кийип жүрүү мен үчүн азап болду – бутума чалынып, этегине чаташып, өзүмдү тордогу куштай сездим.

Акыры Жайна эжем чачымды сулуулап кырктырып, кашымды терип, бетиме боёк сүрткөндө, күзгүдөн башка бирөөнү көрдүм. Назик, сулуу, чоочун бир кыз мени карап турду. Жумушка ошол кебетеде барганымда, баары ишин таштап, ооздорун ачып калышты. Башкармалыктын жетекчиси: «Ула… кагылайын, сенин кыз экениңди унутуп калыптырбыз го, не деген сулуусуң!» – деп чын дилинен таң калды.

Бирок менин ичимде бир гана суроо жаңырып жатты: «Энем ооруканадан келгенде кудалар келбесе эмне болот? Мен издеген жар кайда?..»

*   *   *

Үй ичинде кызуу даярдык. Шаардагы апам тынбай телефон чалып, жагдайды сурап жатты. Мен иним Ергенге: «Колуңдан келсе, апамды шаарда көбүрөөк карма, айылга жибербе. Болбосо, бул жердеги түмөн түйшүктү көрүп, кайра ооруп калат. Мүмкүнчүлүк болсо, түз эле шыпааканага жаткыр», – деп буйрук бердим.

Ичимдеги өрттү жан адамга айта албай, өзүмө өзүм ачууланып, каңырыгым түтөп жүрдү. Апамдын дарылануу үчүн шаарга кеткенине жыйырма күн болгон. Алматыдан Жалгас менен Гүлзар да келишти. Гүлзар мени беш колдой билген, беш жыл жатаканада бир бөлмөдө туз-насибибиз бир болгон эң жакын адамым эмеспи. Ал менин өзгөргөн жүзүмдү көрүп, кубанганынан көздөрү жайнап:

– Сулуум менин, бактылуу бол! Сен үчүн абдан кубанычтамын! – деп кучагына алды.

Мени бөлмөгө жеке чакырып, кыз бала жатарда кийүүчү назик кийимдерди, заманбап спорттук кийимдерди, джинсы юбка-көйнөктөрдү көрсөттү.

– Бул кийимдер сага ажар берет, сенин табитиңди билем го, – деди жылмая.

Аргасыз башымды ийкедим. Ал ийинимден кучактап, сырдуу карап:

– Кана, эми болочок жарың жөнүндө айтчы? Ким ал? Кайда иштейт? – деп сурап калды.

Ошол замат ичиме чок түшкөндөй болду. «Эч ким жок» деп айтайын десем, оозум барбайт. «Бар» дейин десем, кимди айтарымды билбейм. Жүрөгүм кабынан чыгып кетчүдөй согуп, ачуум келгенинен денем титиреп кетти. «Жок эч ким! Мени жайыма кой!» – деп кыйкыргым келди. Бирок сабыр сактап:

– Гуля (биз бири-бирибизди студент кезден Гуля жана Уля дечүбүз), жакында баарын өзүң көрөсүң, азырынча коё тур, – дедим.

Менин мүнөзүмдү билген Гүлзар унчукпай бөлмөдөн чыгып кетти. Мен болсо төшөккө шылк этип отуруп калдым.

«Улжалгас, сен акмаксың! Апаңды алдап эмне кылдың? Эми атың чыкпаган бирөөнү кайдан табасың? Атаңа эмне дейсиң? Апаңдын жүрөгүн оорутуп, бир туугандарыңдын алдында маскара болосуң го!» – деп, өзүмө батпай сыртка чыктым. Сыртта атам баштап, Жалгас, Серик жана Кенже иним чоң бастырма куруп жатышыпты. Жанына барууга батынбадым. Барсам эле Жалгас: «Күйөө бала кайсы уруудан? Эмне иш кылат? Билими кандай?» – деп сурары бышык. Ал суроо бергенде атам менен инилерим мага тигиле карап турушат… Ошол көз караштарга кантип туруштук берем?

Айыл четиндеги дүкөн тарапка басып кеттим. «Оо, Жараткан, мага жардам бере көр! Маңдайыма жазылган бир пендең болсо, жолуктурчу!» – деп ичимден жалындым. Ошол маалда ат менен чаап келип, жаныма токтогон Токтар ага болду.

– Ула, айланайын, тиги жакта бечара жаныбар кыйналып жатат, жардамың керек! – деди шашып.

Кенже иним атымды жетелеп келе калды. Дароо жумуш кийимдеримди кийип, керектүү шаймандарымды алып, Токтар аганын айылына чаптым. Барсам, чын эле уй тууй албай жатыптыр. Көпчүлүк болуп жүрүп, музоону аман-эсен сууруп алдык. Эки сааттай ошол жерде болуп, уйдун абалы оңолгондо гана үйгө кайттым.

Жолдо келе жатып, атым бир нерседен үркүп, мен жерге кулап түштүм. Аркам менен катуу түшкөндүктөн, демим ичиме түшүп, көзүм караңгылай калды. Ордумдан турууга аракет кылсам, бирөө үстүмө эңкейип карап туруптур. Чачы өскөн, келбети бир кызыктай эркек киши мени колтуктап өйдө кылды:

– Ула, Ула, жакшысыңбы? Бир жериң ооруган жокпу? – дейт.

Бул ким? Мени кайдан тааныйт? Жакшылап карасам – классташым Таубеков экен. Мектепте аны «Дөөбаш» дечүбүз.

– Ула, мени тааныбай калдыңбы? Мен Олжабаймын го, «Дөөбаш», – деп ыржайды.

– Сенден ат эмес, адам чочуйт го! Бул эмне деген кебете? – дедим ачуулана.

– Тракторум бузулуп, бир айдан бери ошону менен алышып жүрөм, – деп актанды ал.

Биз жолдо чогуу басып калдык. Ал мени мектептен бери жакшы көрөрүн, атүгүл он жылдык жолугушууга мени көрөм деп барганын айтты. Олжабайдын көздөрүнө тигилсем – анда бир башкача учкун, тазалык бар экен. Денеси чымыр, ийиндүү, нагыз эмгектин адамы экени көрүнүп турат.

Ошол жерден мен ага: «Эгер айтканың чын болсо, эмки айдын төртүнө жуучуларыңды жибер», – деп тамаша-чыны аралаш айтып салдым. Ал сүйүнгөнүнөн мени асманга көтөрүп тегеретип, «Рахмат, Улжалгас!» деп кыйкырып жатты.

Эртеси таң атпай анын үйүнө барып, «Тамашаладым» деп айтмакчы болдум. Үйүнө барсам, Олжабай жок экен, бирок майыптар арабасында отурган бир апаны көрдүм. Ал Олжабайдын апасы (же жакын адамы) экен.

– Айналайын Улжалгас, кел, – деди апа мени көрбөсө да үнүмдөн таанып. – Олжабайым сени ушунча жыл күттү. Ар бир күнү сен жөнүндө айтып, сени бир көрүш үчүн эле жашап келди. Кечээ сенин макулдугуңду алып, кубанганынан ата-энесине сүйүнчүлөгөнү кетти.

Апанын сөздөрүн угуп, жүрөгүм титиреп кетти. Олжабай мектепте начар окуганы менен, жүрөгү таза, колунан иш келген, эң башкысы – мени бүт болмушум менен сүйгөн инсан экенин түшүндүм. Бул үйдүн тазалыгы, апага болгон камкордугу баарын айтып турду.

– Апа, мен Олжабайды бактылуу кылууга убада берем, – деп апаны кучактадым.

Ичимден: «Оо, Жараткан, тилегимди кабыл кылган экенсиң!» – деп тобо кылдым.

*   *   *

Олжобайдын босогосунан аттап сыртка чыкканда, көкүрөгүмдү мурда болуп көрбөгөн толкундоо каптады. «Эгер билимсиз болсо – окутам, эпсиз болсо – үйрөтөм» деген бекем бүтүмгө келдим. Адамдын тагдыры – анын өз колундагы нерсе эмеспи. Үйгө келерим менен жашоомдун жаңы барактарын ачууга, турмуш жолуна аттанууга белсендим.

Эртеси кызматка баратсам, дал акимчиликтин алдынан классташым Бибигүл чыга келди. Ал мага бир башкача, тартынгандай жакындап:

– Салам, ыраспы? – деди көздөрүн ирмеп. Окууну бүтөр замат турмушка чыгып, беш баланын энеси болгон Бибигүлдүн мынчалык «сыпайыгерчилик» сураганына таң кала карап турдум. Анын турмушу азап менен түйшүктүн арасында өтүп жатканын, күйөөсүнүн ичимдикке берилип, өзүнүн босого аттап жардам сурап жүргөнүн айыл ичи бүт билет эле.

– Уля, сени турмушка чыгат деп уктум, чынбы?

– Чын болсо эмне экен?

– Койчу?! Ошол «Дөөбашкабы»? – деди ал оозун кыйшайтып.

Көөдөнүмдү ачуу каптап кетти.

– Анын аты Олжобай. Адамды атынан атаганды үйрөнсөң боло!

– Ой, ал канча жерден бай болсо да, сага тең эмес да. Топоздой болуп, сендей кызга ошол татыктуубу? Тандап-тандап тазга жолугупсуң да, курбум…

Анын бул уулуу сөздөрүнө чыдай алган жокмун.

– Бибигүл, сен алды менен өз үйүңдөгү «баатырыңды» жөндөп алсаңчы. Ар бир бадалдын түбүндө мас болуп жатканын көрүп эле жүрөбүз го. Сенин «теңиң» ошолбу? – дедим ага кадам таштап. Ал менден чочуп, артка чегинди.

Бирок анын оозу токтогон жок. Бир кезде ал менин намысыма тие турган, ичимдеги сырды козгой турган жалааларды жаап баштады. Ошол замат ачуубуз келип, ортодо кайым айтышуу башталды. Акимчиликтин кызматкерлери жүгүрүп келип, бизди арачалап калышты. Бибигүл «мени муунтту, өлтүрө жаздады» деп чуу салып, участоктогу милицияга арыз жазам деп жөнөдү.

Көп өтпөй баары ачыкка чыкты. Көрсө, Олжобайды Бибигүлдүн сиңдиси Эркегүл көптөн бери аңдып жүргөн экен. Бирок Олжобайдын жүрөгүндө мен гана бар экенимди, ал баарынын көзүнчө: «Менин жүрөгүм Улжалгас деп согот, мен ага баш кошом!» – деп жар салганын уктум.

Ошол күндөн тарта менин Олжобай тууралуу ойлорум өзгөрдү. Ал мектепте «начар окуган, топоз» көрүнгөнү – өзүнүн асыл адамы, азиз апасы (чоң энеси) үчүн жасаган чоң курмандыгы экен. Ата-энеси шаарга алып кетпеши үчүн, апасынын жанында калып, ага жардам берүү үчүн ал атайылап «билимсиз» көрүнгөн экен.

Убакыт сыноосунан өтүп, биз баш коштук. Олжобай – мен үчүн чыныгы Олжо болду. Ал – жан дүйнөсү таза, китепкөй, терең билимдүү адам. Апабыз менен он үч жыл чогуу жашап, анын батасын алдык. Төрт уулду тарбиялап өстүрдүк.

Бүгүн биздин өзүнчө кичинекей дүйнөбүз, өз айылыбыз бар. Олжобай жер иштетип, багбанчылык менен алектенсе, мен мал чарбасын башкарам. Биздин тагдырыбыз – эки башка мүнөздүн, эки башка дүйнөнүн бир бүтүнгө айланганынын далили. Көрсө, аял кишинин бактысы – өзүн түшүнгөн, кадырына жеткен инсандын жанында болуу экен.

«Отурган кыз орун табат» деген ушул тура. Менин кечиккен бактым – менин эң чоң байлыгым.

Которгон Жанаргүл ЖОЛДОШОВА

Автор

  • «Калемимдин багытын Жогорку адабий курстан тактап, сөз өнөрүнүн сырларын тереңдетип үйрөнүүдөмүн. Ошону менен бирге, кыргыз адабиятындагы өзгөчө кол тамгасы бар Матисаков мектебинин өкүлү катары чыгармачылык жолумду улантып келем. Бала кезден жан дүйнөмдү ээлеп, кагаз бетине түшүүгө шашкан көркөм ойлор бүгүн менин турмуштук бейнемдин ажырагыс бөлүгүнө айланды».

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген