|

“Жомок бүттү…”

5/5 - (4 добуш)

*   *   *

(Жер бетинде эч бир адам өзүн дал ошол Эркек менен Аялчалык жалгыз сезбестир) 

Жомок бүттү.
Жол бүттү баса турган.
Тамекиң күйүп бүтпөй
жерде жатат.
Бөлмөңө жарык кирбейт,
Түшүңө өлүм кирет
сулуу болуп. 

Экөөбүз
окулбаган күндөлүктүн
акыркы барагына
жазылабыз:
“Жолукту жапжаш Аял,
Эркекке отуздагы. 

Жолукту.
Бирге баскан көчөнүн,
калаалардын,
батир үйдүн кайра келчү
дарегин унутуп калды. 

Санаган жок
Эркектин денесинде
канча кал,
жүрөгүндө канча так,
үйүндө канча китеп бар экенин. 

Тирүүлөр билбейт эми,
Түбүндө терезенин,
Прустту жакшы көргөн
үйдүн ээси
Аялдын чачын сылап уктаганын. 

А сыртта
дүйнөгө кар жаай элек,
дүйнөгө күн тие элек,
дүйнөгө төрөлө элек сүйүү дагы…”

Жомок бүттү.
Жол бүттү баса турган.
Жүрөгүм күйүп бүтпөй жерде жатат. 

2026

Автор

  • Акын. Ош облусунун Кичик-Айылында 2003-жылы жарык дүйнөгө келген. Учурда Ж. Баласагын атындагы КУУнун магистратурасында окуйт.

    "Бешик дүйнөм" ырлар жыйнагынын автору.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген