Жонтемир Жондор: “Селсаяк”
Мен селсаяк, сыйынганым — ак жолдор,
Мүнөзүм жат, өзүмчө бир башкамын.
Көчөлөрдө жүрөм дайым сеңселип,
Төшөгүм — жер, асманым — үй-башпаанам.
Талап кылып Жараткандын мээримин,
Жашабаймын тишим кайрап бирөөгө.
Курсак камын ойлоп кайгы жебеймин,
Тирүүмүнбү? Ар бир күнүм — чоң майрам!
Не жарым жок, не бир дайын дарегим,
Бар байлыгым — эски-уску кездеме.
Ата-энемби… мейли… чын айтам,
Атүгүл мен өз атымды билбеймин.
Билгеним ушу: өз-өзүмө бекмин мен,
Жалгыздыктын жүгү эзет ийнимен.
Никесиз бир туулуп калган баладай,
Киндигимди жетимчилик кескендир.
Бар экеним байкабайт го эч бир жан,
Не сапта жок, не санда жок кишимин.
Азап — досум, напсим болсо — душманым,
Рухумдун тизгини — бек ыйманда.
Чексиз дөөлөт кылбаймын мен эч арзуу,
Ташпы, алтынбы — мага баары бирдейдир.
Аз күн калды, чакырат го Тараза,
Ошону ойлоп, жакыр көңүлүм тынч менин.
Өмүр эмне? Тамекидей бир нерсе,
Күйүп бүтөт бир заматта — буйрук бул!
Кечир мени, акыретке баратам,
Эч нерсем жок, куру колмун, Теңирим.
Оодарган Жанаргүл ЖОЛДОШОВА
