Умра
(аңгеме)
Чоң уулу Умрага жолдомо алып келиптир.
– Эл сыяктуу Умрага барып келгиле, – деди ал жолдомону атасына берип жатып. Бул кезде апасы жок эле. Аны “кошунаныкына кетти” деди.
– Эртелик кылат го, балам, – деди ал негедир колуна алгысы келбей.
– Эмнеге?
– Убагы келгенде өзүбүз деле барат элек.
– Эми мен алып берип жаткандан кийин, барып келгиле. Эки кишилик. Апам экөөң…, – деп уулу бир аз тырчыя түштү.
– Убара болупсуң да…
– Убарачылыгы жок… барып келгиле. Кайсы күнү жөнөрүңөр жазылган. Анан топ башчы бар. Ошол киши силер менен байланышат. Телефонуңарды берип койгомун, – деп уулу негедир атасынын кубанбай турганына капа боло кетти. Ал кыялында кубанышат деген.
– Мен сизди кубанат го дедим эле…
– Эми, ырахмат, балам. Бирок мунуң күтүүсүз болду да. Апаң эмне дээр экен?
– Сиз кубанбасаңыз, ал деле да…, – деп уулу дагы капалана сүйлөдү.
– Мен анда чыгайын. Ушуну берейин деп эле келип калдым. Кечинде алып келейин дегемин. Анан иштер чыгып калды да… – деген уулу эми кетейин деп жатканда апасы келип калды. Ал негедир капалуу. Кимгедир ачуулангандай.
– Ии, кайдан? – деди ал кайдыгер гана уулун карап.
– Ушу жактан эле
– Келбейт элең?
– Келип эле жатам го?
– Билбейм… акыркы кездери аз каттап калдың. Эмне жумушуң көп болуп жатабы? – деп уулуна кыйгач гана тиктеп койду.
– Ооба… иш көп. Кол тийбейт.
– Ошо да, ишиң көп. Анын үстүнө үйдө аялың, бала-чакаң бар. Эми ирденип алдыңар. Ата-эненин кереги жок да. Тигиниңдин айтканына чыга албай эле, үй күчүк да болуп бараткандайсың?
– Апа, ушинте эле бербеңчи? Качан болсун аялың, аялың дейсиз? Ал эмне кылды сизге? – деген уулу таарына сүйлөдү.
– Ээ, ботом, аны айтпай кимди айтам?.. Ал мага эч нерсе кылган жок. Жакшы көргөнүмдөн айтып жатам да.
– Ооба, жакшы көрөсүз? Кандай жакшы көрөрүңүздү билем.
– Ээ, кемпир, антип кысмакка ала бербе. Андан көрө сүйүнчү бер. Бизге Умрага жолдомо алып келиптир. “Элден калбай барып келгиле” – дейт.
– Ээ, ошо, – деп апасы катуу силкинип жиберди.
– Эмне болду, апа? – деп уулу да чочуп кетти.
– Барбайм мен Умраңа? Өзүң бара бер. Ал жакка даяр эмесмин. Барбайм мен эч жакка. Кайсыл арыма барам? – деп силкине олтура кетти.
– Эмнеге? Кандай даярдык керек экен?
– Эмне, силерге Умра шылдыңбы? Тиги кагазыңды алсаң эле, анан акчасын төлөп койсоң эле бара бере турган мобуреки…
– Апа, ал жакка ар ким эле бара бербейт. Алдын ала жазылат. Ооба. Акчасын төлөйт. Бирок ар кимдин эле бешенесине буюра бербейт да, – деп уулу дагы деле таарынган таризде сүйлөп жатты.
– Ооба, ар ким эле бара бербейт. Бирок кимдер барыш керек? Ошону айтчы мага? – деп уулуна акшырая карады апасы. Атасы бул кезде үн катпай эле олтурган.
– Кой, кемпир, антип ачууңду келтире бербе. Атайын ниет менен алды да. Кимдин эле уулу жөнөтүп жатыптыр? Ушундай уулду төрөп койгон экенсиң, мына үзүрүн көрчү күн келиптир. Ачууңду жут, – деди ал аялына карап.
– Кыйраттың, – деп аялы дагы бир силкинип алды.
– Чын да, канаке кимдин балдары ата-энесин Умрага жиберип жатат. Минтип акчасын да өзү төлөп.
– Ээ, ошого төбөң асманга чыгып кеттиби? Азыр шүгүрчүлүк эле. Өзүбүз деле пенсиябызды чогултсак барып келебиз. Бирок бул жакты да караш керек. Айланаңды карачы? Болгону мен туурасын айтып жатам? Кайсыл арыбызга барабыз?
– Эмне болду анчалык? Кайра-кайра “кайсы арыбызга” дейсиз да? – деген уулу суроолуу карады.
– Ооба. Кайсыл арыбызга? Эмне жыргап кеттикпи? Канча акчага сатып алдың сен муну?
– Эмне кыласыз аны сурап? Менин акчам го акыры.
– Сен эмне жетишип, толуп ташып кеттиңби? Бириң эки болдубу? Эмнең ашып кетти? Карыздарыңдан кутулдуңбу?
– Эч нерсем ашкан жери жок. Карыздарым – ал менин проблемам. Ага эч баш оорутпагыла. Тим гана ниет кылдым.
– Ниетиңе ырахмат. Абдан чоң ырахмат! – деген аял ордунан турду да, сыртка чыгып кетти. Атасы менен уулу үнсүз кыйлага чейин олтурушту. Эч кимисинен сөз чыкпады. Анан уулу ордунан турду да, ал дагы сыртка чыкты. Түз эле машинасын от алдырып, жүрүп кетти.
Аял сыртта бирдемелерди кылган болуп, өзүн алаксытып жатты. “Тим эле бардыгы толуп ташып, жетишип кеткенсип, Умрага жиберет имиш. Кайсыл арыбызга барабыз? Карызы чачынан көп. Кредити бар”, – деп күңгүрөнүп алат. Анан уулунун кеткенин көрүп, ичкери кирди. Абышкасы ошол эле ордунда олтурат.
– Ии, кеттиби? – деп уулунун кеткенин билип турса да, билмексен боло, суроолуу карады, абышкасына.
– Кетти… капа кылдың да баланы. Ошончо ниет кылган экен. Эмнеси болсо да, алып берип жатат да. Калганын эмне кыласың ойлонуп, – деп абышкасы да нааразы болгон таризде кемпирине сүйлөп жатты.
– Антпегин… антип “эмнеси болсо да алып берди да” дебегин. Мага мисалы эптеп жибергенинин кереги жок. Мына айланаңды карачы. Умрага, Ажылыкка баруунун да тартиби болот. Бары жогуң жетишип калса, тууган-урук, тааныш-тамырдан кыйналып жаткан эч ким болбосо, ден соолугуң жакшы болсо, анан барыш керек.
Ээ, койчу, кемпир, анын баары тим эле айтылган нерсе да. Эмне, тууган-урук, кошуна колоң үчүн сен жооп бермек белең? Кыйналып жатса, алар кыйналат? Кыйналбайын дешсе, иштешсин. Жалкоо адамдар да…
– Ээ, ээй, антип чоң сүйлөбө. Оозуңду толтура сүйлөйсүң да, – деп аялы катуу кага сүйлөдү.
– Эмне сен кыйналбай жашап келдиңби? Эмне башынан эле телегейиң тегиз беле? Каткан нан, кайнак суу ичкен күндөрүң эстен чыктыбы?
– Эми ал күндөр өттү да.
– Ии, ошол күндөрдү эстен чыгарбай, анан жаныңдагыларга да карай жүрүш керек. Мобу Зирек бечараны көрүп жатасыңбы?
– Кошунабы?
– Ии, ооба.
– Эмне болду ал?
– Эшиктеш турган ущул байкуш үч баласын багам деп, күндүр-түндүр иштесе да жетине албай жатат. Ортончу кызы оорукчан. Ага даары таппай байкуш, эмне гана күндөрдү өткөрүп жатат. Ар күнү ашкан тамактан киргизип жатам. Анча-мынча тыйын да бере коём. Анан тиги бурулуштагы кошуна аялчы? Жалгыз жашайт. Балдары карабай кеткен. Бечара эки күндө бир жолу көчөгө чыгып, тыйын сурап олтурат. Абалын сурап койдуңбу? Ашып-ташып жатса ошол бечарага тыйын-тыпырдан каралашсак болобу? Тиги айылдагы карындашыңды ойлойсуңарбы? Анын жашоосун билесиң да. Бир кабар албайсыңар. Эгер сен акылдуу жан болсоң, ошол кыйын болуп, бизди Умрага жөнөтөм деген уулуңа акыл-насаатыңды айтып, жок дегенде ошол карындашыңа кол кабыш кылбайсыңарбы? Өмүрү оозу толуп, аш жей элек. Бүтүн көйнөккө жетпей жатат. Катарынан тууган балдарынын бардыгынын акылы жок. Эр жеткени да ал байкуштун колун карашат. Анан өзүңдүн эле кызыңдын турмушун алчы. Ичкич күйөөсүнүн азабын тартып, элге аралаша албайт. Ошо байкушка жардам берип, бир комнат болсо да үй алып берсеңер болобу? Анан уулуң эле ашынып кеткен жери жок. Билем анын карыздары көп. Кредитин төлөп бүтө элек.
– Эми ага сен мынча башты оорутасың?
– Ээ, оорутпаса, тим эле телегейибиз тегиз болуп калгандай, уялбай кантип ал жакка барабыз? Умранын акчасы канча экен?
– Билбейм.
– Менимче кыйла эле болот. Экөөбүздүкү көп эле болсо керек. Бар уулуңдун артынан баргын да, колуна тапшыр. Ошонун акчасын кызыңа берсин. Өткөндө ыйлактап чалган мага “квартирабыздын акчасын бере албай, жарым жыл болуп кетти. Акча бериңчи?” – деп. Мен болгонун бергемин. Ал бир айлыгына да жетпейт.
– Чын эле кыйналып жатыптырбы?
– Эмне билбейсиңби? Кабарын жокпу? – деп аял ачуулуу карады.
– Жок… күйөө бала ичкенин көрө элекмин го?
– Койсоңчу эй, анткорлонбочу… Ушунуң жаман да сенин. Тим эле эч нерсе билбейт, эч нерседен кабары жок. Тур, жөнө?! Мен эч кандай Умрага барбаймын. Качан көкүрөгүмдөгү нерселер тынчыйт, анан барам. Кезеги келет, балдарды убара кылбай эле. Өзүм сатып алып барамын.
– Кой, кемпир, эми балдар алып берип жаткандан кийин, ачууңду жут эми?
– Сен бар, анда. Мен барбаймын.
– Кесирлик кылбачы?!
– Мунун эмнеси кесирлик? Шариятта деле ошентип жазылат экен. Сен билген адамдардан кыйналгандар жок болсо, же аларга жардам берип коюп, анан барышың керек экен. Мына, азыр сыртка чыксаң баары кыйналгандар. Аларды көрүп-билип туруп кантип барам?
– Ээ, кемпир, кайдагы жомокту айтасың да. Эч качан элдин бардыгынын турмушу бирдей болбойт.
– Бардыгыныкы болбосо да, биз билген кыйналган адамдар болбогондо гана өзүм эле барамын. Тур жөнө… колуна тапшыр. Анан айткын, кыйналгандарга каралашсын. Же, өзүнүн карыздарына берсин. Кредитин жапсын, – деп чечкиндүү сүйлөдү. Аялынын сырын жакшы билген күйөөсү ордунан турду да, анын айтканын кылганы сыртка жөнөдү.

Эң туура.