Катка жооп
Түндөн бери көз ачырбай төгүлөт,
тиктеп турам көнөктөгөн жамгырды.
Каттарыңдан кабак-кашың көрүнөт,
калың жааган кар алдында калдыңбы?
Менден чыгып сага барат санаалар,
сен да мендей төрт айрылыш жолдосуң.
Кар-жамгырга жүрөк тосуп жашаган,
күнөө, балким өзүбүздө болбосун?
Жайнап турган гүлүн берип ызгаарга,
жаз бар бекен кышка айланып кетпеген?
Канат күүлөп, мейкин көздөп учаарда,
куш бар бекен карга-кузгун теппеген?
Алат ар ким баркын-баасын тагдырдан,
бул дүйнөнүн акыйкаты болсо, эгер.
Бизди эч ким эстебесе, кайгырба,
бизди эстеп келгендерден корко бер!
Кең көчөнү бакыт көрүп жашаган,
жандар бизди “бактысыз” деп айта алат.
Кылымдарга кеткен жолдор абалтан,
таштак жолдон, тар көчөдөн башталат.
Жашообуздун жакшы күнү жалганчы,
жаман күнү жакшы ыр болуп айтылды.
Узун жолдун теңи бизди чарчатты,
теңи алдыда камдап турат кай күндү?
Сенден чыгып мага келет санаалар,
мен да сендей катып көндүм башымды.
Көңүлүңдү жубатар сөз табалбай,
“көктөм келет” деп, аяктайм катымды.
Көктөм келет!
