Деңизде бараткан кемелер
Деңизге урулган кемени,
Кайдыгер башкарып калаксыз,
Түңүлтүп ийгендей тирүүлүк,
Адамдын абийири барат суз.
Ар жакта калкыган аруулук,
Эбактан эс учун жоготкон,
Көгөрүп бараткан көөдөндү,
Көрүнбөйт жан деле ойготкон.
Калыстык кагылып, согулуп,
Карарган деңизге чөккөнбү,
Каймактап турчу эле толкуну,
Кара жаан нөшөрлөп өткөнбү?
Үмүттүн учкуну көрүнбөй,
Үңкүйүп бир жансыз немедей,
Бийикте бир жарык шооласы,
Адамды жараткан энедей.
Деңизге дем берген толкундар,
Кайыкка катарлаш урулуп,
Бийикте эненин тилеги:
“Абийир чыкса дейт суурулуп”.
