Шандор Петефи: “Поэзия”
Касиеттүү поэзия, кандай гана кор болдуң!
Мынча неге тебелешти баркыңды.
Сөз баалабас наадандарга кордолдуң,
ар убакта чыгарышкан тарпыңды.
Жасалмалуу аалым атка конгондор,
сыйлык, ургаал, атак даңкка тойгондор,
поэзия – заңгыраган зал дешип,
байлыктуунун этегине эрмешип,
короздонгон коомду издеп көнгөндөр,
сылык сыпаа, мода үчүн өлгөндөр…
Машаяктар жаагыңарды жапкыла!
Бир чындык жок сөзүңөрдө сайраган.
Поэзия – салон да эмес, зал да эмес,
тандалмалуу жамаатыңар чардаган,
согон окшоп салаттагы даамдаган.
Поэзия – ушундай бир үйгө окшош,
кенен, эркин кире билген бардыгы,
сыйынганды, ойлоно алган, сезе алган,
жан аттууга такыр болбос тардыгы.
Бул ыйык үй дал ушундай керемет,
кабыл алган ким барса да кудайлап,
чарыкчан да же болбосо жыңайлак.
