Сүйүп калдым…
Сооротуп, көз жаш төгүп ыйлаганда,
дем берип, сансыз ойлор кыйнаганда.
Сезимден жабыр тартып назик дүйнөм,
жүрөгүм ай-ааламга сыйбаганда
Жашоонун эчен түрлүү сырын ачып,
ар дайым колдоп турган акыл айтып,
мен бүгүн өзүмдү өзүм сүйүп калдым.
Бет келсе жагалданып, а артымдан,
сөз кылып, күбүр-шыбыр сындаганда.
“Аярлап өзүңө өзүң керексиң ” – деп,
күч берип турган дайым сынбаганга.
Арзуудан баш айланып турса дагы,
үндөгөн акылымды тыңдаганга,
мен бүгүн өзүмдү өзүм сүйүп калдым.
Арбалып турсам дагы ак сүйүүгө,
айтаарда ар бир сөзүм талдай билген.
Жамандан жакшыларды айырмалап,
бактылуу күндөрүмдө жандай жүргөн.
Ыйласам көңүлүмдү улап дайым,
кубансам мени менен кошо күлгөн,
өзүмө жагып калды ушул дүйнөм.
