Кайтышат каркыралар кыйкуулашып
1.
Кайтканда каркыралар кыйкуулашып,
азгырып кетти эле кең асманы…
…Мен ошол бойдон булкуп, чыркыратып,
жашоону жерге сүйрөп келатамын.
Булбулдар безеленсе, тура калып,
түнгө түн болуп сиңип кетким келет…
Өңү серт ошол көктөм тумандагы,
жадымда жаңыра элек, эскире элек.
Мага азыр кайрылыштан кайрылышка
чейинки жашоо гана даана маалым.
Капыстан кан дүйнө деп кайгы жутсам,
көзүмдү, кулагымды жаба аламын.
Эч нерсе болбогонсуп күңгүрөнүп,
дүйнө да билгениндей тегеренет…
Алыскы жолго чыкса ким бирөөлөр,
артынан ээрчип кетким келе берет…
Чакырат каяккадыр сырдуу жарык,
чачырайт асманымда, жанат, өчөт.
Кусадан өлүп аткан жылдыздарды,
кусалуу жандар гана аяп өтөт…
…Кайтышат каркыралар кыйкуулашып,
ага удаа булбул түндөп безеленет.
Мени эми буркуратып, чыркыратып,
бул жашоо жерге сүйрөп кете берет…
2.
Чакырат каяккадыр сырдуу жарык,
чачырайт асманымда, жанат, өчөт.
Кусалуу жер тиктеген жылдыздарды,
кусалуу жандар гана карап өтөт.
Жерде не? Көрксүз жашоо… Жердин ыры
жарым ый, жарым күмөн, жарым ушак…
Шоокуму жаш көчөттүн, же шыбыры,
бирөөнүн көзүн өйкөп, башын кысат…
“Акындар күнөөсү жок ыйык жандар!”…
Талаш сөз… Талаш азыр Жердин үстү…
Жарышта көп акындар сый-ургаалдан,
сыйынган атагынан жеңилишти.
Ырдашты кемин деле, кегин деле,
ыр дешти окшосо да, окшобосо…
Акын аз күнөөсү жок… Теңир менен,
тең ата сүйлөшкөнү жокко эсе…
…Жашоонун жүзүн бузат пейилдеги,
суналган суусу кетип, сай, таш калат.
Күзгүсү сынып калган перилерди,
үлгү эмес жандар жолдо баштап барат.
Чабышып жүрө берип эки-экиден,
көптөрдүн көкүрөгү мунжу, чолок…
…Кунарсыз бүгүнкү күн кечээкиден,
эми ырым мындан дагы муңдуу болот…
Кайтышат каркыралар кыйкуулашып,
ага удаа булбул түндөп безеленет…
Мени эми буркуратып, чыркыратып,
бул дүйнө жерге сүйрөп кете берет…

Бар бол Нурсулуу, сөзүң менен дүйнөнү булкуп-жулкуп асманга тарта бер, акын кыз 🥰