|

Төрт бурчтук дүйнө

5/5 - (1 добуш)

(аңгеме)

Сүт ичкенге эми-эми гана жарап келаткан мыйды коюнуна катып алып, кудуңдап үйүн көздөй келе жатты. Көптөн бери эле мышык баккысы келип жүргөн. Мый, өзүнө окшогон мый бир туугандарын, энесинин жылуу, майин жүндүү, сүт желиндүү уя курсагын бир ирмем да унутпай, издеп, үнүн баспай чыйылдап атты. Көздөрү тептегерек, муруну кызгылтым мыйды улам карап ичи эзилип кетет. “Жаныбардын үлбүрөгөн назиктигин кара. Сүйкүмдүүсүн айт” – деп, өзүнөн-өзү жамажайы жайыла күлсө, маңдайындагы орсок тиши кашкая калат. Алдыда кандай тагдыр күтүп турганына тынчы кетип, тыбырчылап дагы эле энесин издеген мыйдын үнү басылбайт.

Мый менен жигит үңүрөйгөн төрт бөлмөлүү үйгө киришти. Тынбай мыёологон мышыктын баласынан ашып түшүп чыйылдаган, сонуркап кыйкырган, чөжүрөк бала-чака тосуп алды үйдөн буларды. Кудай мындай бербеспи. Биринен-бири өтүп кызыгып, биринин колунан экинчиси жула качып, аркысы чыңырып ыйлап, беркиси бербей, мышыктын баласы күч менен колдон колго өтө баштады. Анын аянычтуу чыйылдагы түгүл, өз үндөрүн өздөрү укпай ызылдайт балдар.Үй ичи чуру-чууга толуп кетти. Жашаялмет, орсок тиш жигит балдары үчүн эң керектүү нерсени мына эми таап бергенине ынанып, өз табылгасына өзү чындап корстон болуп, келинчеги тарапты жалжылдай тиктейт. Ушул ирмемдер ага да кызык болуп атты бекен, анын да көңүлүнө толду бекен деген кыязда келинчегинин кабак-кашын акмала, байкоо салат. Бала мышык жаналекетке түшүп, быйтыйган колдордун туткунунан кутулгусу келет. А быйтык колдор аны кое бергендин ордуна ансайын мыкчып кармайт. Мыймый тыбырчылап атып, жаңы чыгып келаткан тырмагын бирөөсүнүн жумшак билегине матырып алды көрүнөт, ”чар” деп чаңырып алды бала.

– Эк, өлүп кеткирдики! Желмогуздай кылып каяктан апкелдиң эле муну?! Жоготчу ары! – деп чуркап жетип келген келин баланын боорундагы мыйды жулуп алып, босого тарапты көздөй күү менен ыргытты.

– Ушу эле жетишпей тургансып мага!

…Буга чейинки турмуштун куурал-түйшүгүнүн күнөөкөрүн эми, азыр гана тапкансып, өзүнө эмне жакпай жүрсө, ошонун баарына дал ушу мышыктын баласы гана күнөөлүү болгонсуп, күч менен, бар кыжыры менен мышыктын баласын дубалга бир чапты.

Күү менен барып дубалга, андан полго “топ” этип түштү мый. Бир саамга эсинен танып калгансыды. Ботала болгон наристе колунан жулдурган кызыктуу оюнчугунун аянычтуу кейпине жалдырай тигилип, кайра барып кармай калуудан жазганып, энесинин ачуусуна тийүүдөн коркуп четте карап турду. Бир саамдан соң эсине келген жаныбар бар алынча жүгүрүп, үстөлдүн алдына кире качып бөжүп калды. Тептегерек көздөрү жашылданып чыкты. Бөлмөдөгү чуру-чуу үндөн, адам баласынын колунан чочуп, денеси билинер-билинбес дирилдеп турду. Көп өтпөй энесин издеп, кайрадан аянычтуу чыйылдай баштады. Бирок караңгы бурчтан чыккан жок.

Кабагы бүркөлүп, мышыктын баласы бардык кайгысын козгоп кеткенсип, келиндин эсине капкайдагы немелер түшө баштады. Баягы түн. Ызылдаган катын-калач. Айтылган акыл. Ошондо ага:

– Өз багыңды чанба. Ырыскыңды теппе. Мына, күйөө болчу бала эмгекчил, жаны тынбай иштеген мээнеткеч жигит, үстүңдө үй, өзүң хан, өзүң бий, кирип-чыгып тирилигиңди жасай бер, анан бала-чакалуу болосуңар. Төрт тарабың төп келип жашай бересиң. Мындан артык эмнени издейсиң ботом? – деп туш-тушунан жабалакташкан.

– Өзүң деле бир жакшынакай тың кыз экенсиң чырагым, мына эми үй десең үй, күйөөң ана, корооңор малдан куру эмес, багың ачылып отурасың!

– Башыңа келген бакты кесир кылба!

– Баш аттаган болбойт.

Оо, ушу улуулардын кеп жүйөсү. Ошентип атышып төрт тарабы төп бактылуу турмушка көндүрүшпөдү беле кызды. “Ооба, мына үйүм, мына бала-чакам, жолдошум, тирилигим. Баары эле бар. А бакыт кана? Ушунун өзү бакыт эмеспи? Буга чындай келсе өзүнүн да башы жетпей кетчү. Таң айтпай башталган күнүмдүк тириликтин түйшүгү ийинден ныгыра басып, түйдөктөлгөн чачын бурай түйүп, жоолугун байлана салып баш-оту менен тиричиликтин сормо сазына батып кетет. Күн кечке кыбырап жүрүп, эңсеген бакыт түгүл андан башкасын да унутуп калат. Кайрадан эле кеч кирет. Кеч менен кошо баягы самсыган тумандай оор ойлор басат келинди. Негедир жашоосунда бир нерсе жетишпейт. Туталанат. Бул жашоодо аялдык түйшүктөн башка нерсе барбы өзү?! Болсо ал эмне? Аны бул келин көрөбү?

Келиндин жанын жеген ойлорун мыймыйдын чыйылдаган үнү коштоп атты. Ордунан тура калып, мыйды бурчтан эптеп чыгарып алды да, сыртка алып чыгып, сарайга камап койду.

Ошондон тартып, мыймый сарайда жашай турган болуп калды. Аны багуу, курсагын тойгузуу бүтүндөй орсок тиш кожоюнга жүктөлдү. Мыйды көчөдөн таап, көтөрүп келгенине өзүн күнөөлүү сезген кожоюн жумушуна кетерде ага сүт берип, сууга нанды чылап жибитип берип, тоюндуруп жүрдү. Андан башка ага жан кишинин боору ооруган жок. Келин тамак бермек тургай жанына жолобойт. Бирок өзү жолобогону менен балдары күнүнө үч-төрт маал сарайга кирип, бала мышыкты жулмалап кетишет. Бечара мый. Адамдар жашоосуна капыс аралашып, минтип кыйноо тартууга милдеттүү эмес экенин ойлоого дарамети жетпесе деле, тээ түпкү туюмунда ушунун баары туура эмес экенин, адилетсиздик экенин сезгенсип сарай ичинен чыйылдап үн катат.

Көп өтпөй баягы үлпүлдөк бала мышык, майин жүнү уйпаланган, кирдеген, арыктыгынан араң эле жаны калган бир түрү суук макулук болду. Адеп келгендегидей болуп жини менен курч тырмактарын матырып алуудан жазганган, корккон, болгону ачуу мыёологондон башканы билбеген бир жандыкка айланды. Адам баласынын ач чеңгелине, жекире тилдегенине дагы эле көнө алган жок. Ага бир аз жан тарткан, кичине болсо да аяр сылап, мээрим бере алган орсок тиш ээси да анын багына өтө эрте кетип, кеч келет.

Бир күнү кожоюн күндөн-күнгө жүдөп бараткан мыймыйды көрүп, ага жашоо көрсөтпөй келаткан балдарын зекий коем деп балээге калды. Ансыз да итатайы тутулуп араң турган келинчегине укмуш шылтоо табылып, зиркилдеп кое берди:

– Бир мышык апкелип алып анысын да балдарга ыраа көрбөй атканын кара! Деле укмуш нерсе таап келсең бир жөн. Жөн кой эми! Оюнчук алып бере албаган соң жөн кой, балдар жок дегенде ошого алаксып турушсун!

Келинчегинин сырын жакшы билген жигит мындан да ачуу, жүрөккө тийип, чучугуна жеткен сөздөрдү угуп кала элегимде, тим болоюн деп ордунан тура качып, эшикке чыгып кеткен. Кайсы жазыгы үчүн келинчеги муну мынча жек көрөрүн өзү да түшүнө бербейт. Колунан келишинче анын көзүнүн агы менен эле тең айлангансыйт, бирок барыбир жага албай койду.

Бала мышык дагы бул арада сарайдан чыгып, келинге көрүнбөй жей турган бир нерсе издеп, шимшилеп үйгө баш багып үйрөндү. Үйдүн бурчунда анын кирдеген, кез-кез сүт же дагы тамактын калдыгы куюла калчу идиши бар. Ошол кеседе бир деме барбы дегенсип бир жалап алат да, бала-чаканын колунан үбөлөнүп түшкөн нан күкүмдөрүн термелеп терип жейт. Бүгүн да адатынча уурданып, бөлмөгө кирип келди эле “баа” деп бакырып, балдардын бирөөсү кармап алды. Бул жолу мышыкты “ат кылып” минмей болду балдар… Үч жашар болтойгон наристе араңжан мыйдын үстүнө отуруп:

Чү-чү! – деди. Анан ат үстүндө бараткансып, желип-желип койду. Өз табылгасына өзү кубанып:

– Чү-чү! – деп үнүнүн болушунча кыйкырып атты. Наристе улам желген сайын мышыктын жүрөк-боору эзилип, дүйнө караңгылай түшөт. Бар алынча мыёлоп, кутулуунун далалатын кылып, тырмактарын шырдакка матырып тырышат. Колго тийген коенду кое берген оңобу деп бала да мыйды желкесинен бек кармап, чү-чү! – деп тырышат. Бир кезде:

– Келе, эми менин атым болот, тур мындай! – деди балдардын улуусу.

– Ики, бербейм. Меники, ат меники!

Адаттагыдай мышык талаш башталды. Балдар бирин бири жакалап, тартышып-түртүшүп атканынан пайдаланган мый эптеп суурулуп чыгып качып жөнөдү. Бир топ эле эзилсе керек, жаны укмуштай кыйналып атты.

Ошол күндөн баштап тамак издеп, үйгө киргенди токтотту бала мышык. Мурункудай тамагын таап жей албай ачкалыктан алы кетип, эшиктеги эски кемеге тамдын түбүн корголоп, өлөрүн санап жатып калды. Көздөрү бозомук тартып, бар жарыкчылыктын байманасы эне мышык менен чогуу болгон бир күндүк жашоого татыбай, Күндүн чыкканы менен түндүн киргени, ысык менен сууктун илеби деле ичиркентпей, эптеп эле жаны жай алчу учурду кадимкидей күттү.

Анын мындай чалажан түрүнө ого бетер жини кашайган ачуулуу келин таң эрте мышыкты алысыраак ыргыттырайын деп ойлоду. Биринен бири өтүп мышык талашып чырдашкан, ыйлашкан балдарынын чуусу да мазесин алып бүттү белем. Эри таң эрте ишке жөнөгөн учурда сыртка коштоп чыгып, үтүрөңдөп, мурдун чүйрүй силкинди:

– Тетигини жоготчу! – деди, мышык жаткан тарапка ээгин кагып.

– Каякка жоготмок элек, жөн кой жүрө берсин.

Күйөөсү бутундагы жамшыйган ботасынын боосун байлап отуруп, көңүл кош жооп берип атты.

– Каяктан апкелсең ошол жакка жогот! Итиркейди келтирбей жогот. Түрү да бир шумдук.

– Үйгө деле бир мышык керек да. Чычкан-пычкан жолобой калат үйгө.

– Эк, койчу башымды оорутпай, ушу кайсыны кыйратат эле! Карабайсыңбы кейпин? Чычкан кармай турган мышыктын баш териси башкача болот!

Күйөөсү унчуккан жок.

– Сен жоготпосоң өзүм эле жоготом!

Унчукпаган бойдон жигит өлөсөлүү мышыкты колтуктап алып короодон чыкты. Негедир ушу саам мышыкты өзүнө жакын сезип, өзүн ага окшоштуруп алды. Эзели эч кимдин элжиреген мээримин көрбөгөн өзүнө да, мышыкка да жаны ачып жолдо баратты. Тээ көктөйүндө эле башына жетимчилик түшүп, дал ушул мышыкка окшоп энесин жоктогон экен азыр ойлосо. Балким өзү кол арага жарап, кимдир бирөөлөргө керек болгучакты, анан эрезеге жетип тытынып иштеп жүрүп азыноолак оокат курагычакты дал ушу мышыктай эле эч кимге керексиз, түрткүнчүк да болгондур. “Кап, өткөндө бекер энесинен бөлгөн экемин байкушту”, – деп ойлоду. Багып алалы, балдарыма эрмек болор дебедим беле.

Жолдо баратып көчөлөш жашаган кемпирдин үйүнө кайрылды. Күндө таң менен жумушка аттанган жигит ушул үйгө кирип кемпирдин колунан чай ичип, оңу келсе арткан-үрткөн тамак-ашын ичип, бир топко кобурашып анан жолун улачу. Акыркы жылдары кемпир жалаң гана сооп издеп жашап жүргөнүн жакшы билет. Мышыктын баласын да кемпирге түртө салайын деп жолду ката ойлонуп келди жигит.

Кемпир араң жан, кейпи кеткен мышыктын баласын көрүп чочуп алды:

– Ий кантет! Бу мал болбойт балам, өлүп калат го.

– Өлбөйт, апа. Кичине тыңыса эле чуркап кетет.

Канткен менен кемпир мышыкты алды, сообу тиер, деп ойлоду. Мышыкты мындай түрү менен үйгө жолоткусу келбей, арыда эртели-кеч тамак жасалчу мору тамга кийирип, алдына кийиздин бир бучкагын таштап койду. Анан идишке толтуруп сүт апкелип берди. “Өлбөсө жашап кетер. Айтору, ниетим түз, Кудайым өзүң күбөсүң, өлсө да өлбөсө да сообун берсең эле болгону!” – деп өзүнчө күбүрөнгөн болду.

*   *   *

Мышыктын тагдырына бул үй деле бала-чакалуу үй экен. Тестиерлер мышыктын баласын адеп көргөндө анын мындай түрүнө бир сыйра элейип, жанына жакындабай, алыстан көз салышты. Улуусу кичүүсүн: “Бул азыр өлөт” – деп мышыкка жолотпой атты. Кичүүсүнүн көздөрү жашылданып, өлөсөлүү кичинекей айбанды аяп, азыр анын аянычтуу өлгөнүн көрбөш үчүн жакын барбай эле коюуну чечти. Мурун-кийин мындай араңжан макулукту көрбөгөн немелер андан оолактап кетсе да, унута албай үрпөйүп, мышык жакты кез-кез акмалап коюп атышты. Мышыкка бир арганы апасы гана тапчудай, кичинекейи анын жумуштан келерин чыдамсыздана күтүп, апасы келери менен жалынычтуу көздөрү менен тигилди:

– Апа, үйгө мышык апкелишти. Сен мышыкты жакшы көрөсүң ээ? Айтсаң апа, жакшы көрөсүңбү?

– Жакшы көрөм. Мышыкты ким жаман көрсүн, балам?

– Өлөйүн деп эле араң жатат! Аны айыктырып койсо болобу, апа? Жүрсөң, сага көрсөтөйүн.

Жаңы эле жумуштан келген аял кичинекей уулунун жетелегенине көнбөй өз иши менен алектенгенсиди. Биринен-бири өтүп кабатырланган балдар энесине мышыкты көрсөтүүгө шашты. Ушу азыр барып энеси көрсө эле бир арга таап, мышык айыгып, өлбөй калчудай, жан кыйноосунан кутулуп жыргап калчудай сезилип жатты. “Балдарым боорукер” деп ичинен сүйүндү ал.

Бирок ушул тапта мышык түгүл кара жанынын айласын таппай турган береги жаш аял, балдарынын көңүлүн улап, эптеп ооз учунан сүйлөп кутулду:

– Ии анан көрөлү ээ, шашпай көрөлү.

– Апа, мышык айыгат ээ? Сиз аны айыктыра аласызбы? Төрт жашар баласынын көздөрү жашылданып, тынчы кетип турду.

– Айыгат. Мышык айыгат балам, мен аны карайм, анан, шашпай.

Өңү керсары, көз оту өчүңкү эле келиндин. Мышыкты келин да жакшы көрө турган. Мышык эмне экен?! Керек болсо мышыкка кошуп бүтүндөй жарыкчылык жашоонун барын сүйө турган жүрөгү бар эмес беле? Эми башына түшкөн “жан” оорунун кесепетинен аалам түгүл кичинекей бир мышыкты да сүйүүгө кудурети жетпей турганын карабайсыңбы?! Аны береги балдары билмеги кайда. Эгерим биле турган эле болсо, мышыктан биринчи энесин аяп, көздөрү жашылданар эле.

*   *   *

Кемпир, мышыкка үч-төрт маал тамак берип, суу берип жакшы карап атты. Күндө бир маал эшиктин алдына кое берип, алыстан гана көз салып турат. Бул түрү суук, араңжан немени кармагандан да коркуп, үйгө кийирүүгө да батынбай бир-эки маал айланчыктап ойногон болот эки бала. Кемпир күн чубактап, неберелери менен мышыкты карап отуруп, өзүнүн өмүр учугун улай ойго тунат. Жасаган сооп иштери, жасаган күнөө иштери, жашоонун ачуу-таттуусу, акыры келчү бир өлүм. “Ээ Жараткан, эчкидей жашым калды. Билип-билбей кетирген күнөөлөрүмдү өзүң кечирип, жасаган сооп иштеримди арттырып, бейишиңден орун берерсиң! – деп күбүрөнүп атып, ар бир жасаган сооп ишин эсептеп-чоттоп, калтырбай эстеп, ошону көңүлүнө медер тутуп, Жаратканга жалбарат.

Мышыктын эски түгү акырындап түлөп түшүп, өзүнөн-өзү жаңырып, тазарып анан калса бир аз эти толуп, аз күндөн бери алда-немедей эле тыңып калды. Эми эч кимден сурабай эле, балдар аны үйгө алып кире баштады. Үй ичинде мышыкка такыр эле бейтааныш жашоо бар экен. Кенен, бөлмөлөрү көп. Катар-катар каалгалардан башы айланып ары-бери чуркады алгач мышык. Жанынын барынча жүгүрүп, жашынууга караңгы бурч издеди. Акыры тепкичтин түбүнө жашынып алды да, алдыртан өз коопсуздугун көзөмөлдөп, айлананы байкай баштады. Кагаздан көпөлөк жасап, жипке байлап алган балдар анысы менен мышыкты кызыктырып бирок ордунан козгой албай убара тартты. Балдардан биротоло көңүлү калган неме тек гана көз ойноктотуп карап койгону болбосо, ойногусу келбей турду. Сабырсызданган балдар мышыкты акыры күч менен сүйрөп чыгышты. Бирок айбандын ачуу мыёлоп жибергенинен, дирилдей коркконунан кайра өздөрү чочуп, ордуна коё салды.

Картаң кожойке бар тапканын мышыктын оозуна кармайт. Ошондон уламбы ашканынын бурчунда тамак калдыктары додо болуп үйүлүп, чачылып жатчу болду. Аны көргөн сайын жаш кожойке кыжырданып, кобуранып сүйлөнүп, тазалап чыгат. Мышык колуна тийип калчу болсо, аны жогору көтөрүп көзүнө тике карап, балдарын тартипке салгансып тартипке сала баштайт:

– Бул үйдө тамагыңды чачып жегенге болбо-ойт!

Үнү бир эле учурда мышыкты зекигендей, опузалагандай болсо бир эле учурда эркелеткендей. Көздөрүндө заар жок, тек гана эрмектейт.

– Эгер, дагы бир жолу тамагыңды чаччу болсоң, муну көрдүңбү, – дейт алаканын жайып, тап берип.

Ошентип опузалап, жамбаш тушуна жеңил алаканы менен төпөштөмүш этип коет. Денеси оорубаса да, мышыкка бул баарибир жакпайт. Башын катып, куйругун кыпчып, боюн ала качат.

Качан гана балдар көрө калып:

– Апа, коё берчи байкушту, коркутпачы, – деп арачы түшүп, колунан ала койбосо, бечара мышык далайга чейин эрмектелет. Ушундан уламбы, бул үйдөгүлөрдүн ичинен ушу жаш кожойкени көргөндө жанынын барынча дыргаяктап качат. Кокусунан кууш коридорлордо же тепкичте бетме-бет келип калышса, шарт артына бурулуп, келген жагын көздөй зуу коет. Мышыктын өзүнөн качып турган “бул эстүүлүгү” келиндин бир эсе күлкүсүн келтирсе, бир эсе өзүнүн мышык качкыдай мээримсиз болуп калганына ардана түшөт.

Акыры мышык аялдан өзүнө жамандык келбесин түшүнгөндөй аны көргөндө качпай калды. Тескерисинче, төпөштөмүш болгон жаш кожойкенин жылуу алаканын сагынып, ага жакындаштын амалын кылып, бутуна илешет. Бат эле экөөнүн ортосунда достук пайда болду. Эми ал бул үйдө баштагыдай кемпирге, же балдарга эмес келинге көбүрөөк ыктап, ага жан тарта баштады. Дасторкон жайылып, үй-бүлө тамакка отурганда, келиндин жанына жетип барып, ток болсо деле анын тамагынан талашып кирет. Көп учурда тизесине чыгып, чокчоюп отуруп алат. Кээде тегерек болуп оролуп жатып алат да, жашоосуна канааттана мурулдай баштайт. Балдар бул үйдө эрте тамактанып, эрте уктайт. Кайненеси күйөөсү үчөө көп учурда дасторкон четинде жымжырт отурат. Анда-санда чыны, табактарга тийген кашык-ашайрынын шыңгыры, чайдын шоркураганын эсепке албаганда, тамактангандар өз ою менен алек.

Санаа оорусуна тушукканына бир жылдан ашты келиндин. Туруп-туруп өзүнөн өзү эле буулугуп, көзүнө эч нерсе көрүнбөй жүрөгү мыжылып кетет. Тээ алыстан тоолору мунарыктап араң көрүнгөн боппоз өрөөндөгү эл катары кечирген ушул өмүрү көзүнө кунарсыз көрүнөт. Канча жыл жашаса, ошончо жылды оңбогондой кусалык менен жашаптыр. Аткарылбай калган тилектери үчүн кейип, ар бир күнү актай бойдон ушаланган кагаздай ( ушул сөздү кайсы бир акындын ырынан окуп эстеп калган) өтүптүр. Акыр аягында жакшылыктан биротоло үмүт үзгөн немедей шалкы бош турмуш кечире баштаган экен. Ырас, бактылуу болууга аракеттенген жылдары болгон. Бирок баары текке кеткендей.

*   *   *

Жаш кезинде куурал турмушту баштан кечирген кемпирге, азыркы, ушу таптагы береги келининин турмушу тим эле бейиш сезилип, басып-туруп кобурангандан тажабайт.

– Биз силердей кезде алачыкта эле жашаганбыз, силер болсо жашаганыңар эки кабат үй, колуңар ысык сууда, ажатканаңар үйдүн ичинде. Биздин убакта үйдөн суу чыкмагы кайда? Сууну сайдан ташып, кирди колго жууп, бир жактан өкмөттүн ишин кылып, бир жактан үйдүн ишин кылып ошого карабай баарына үлгүрүп жашар элек. Азыркыларчы, кылган ишиңер жок, караганыңар эки бала, анан эле жүдөп ооруп каласыңар, капырай! – деп далайды сүйлөнөт. Келининин ушундай жеңил турмушта жашап атканы үчүн көп нерсеге, ого эле коп нерсеге милдеткер экенин каңкуулаганы-каңкуулаган. Кокус тууган-урук, коңшу-колоң үйгө келип калса, койдон жоош, кең пейил эненин кейпин кийе калат.

Кайда барбасын кемпирдин көздөрү келинин акмалап, ээрчип жүрөр эле. Башкасы бир тең, ушунусу бир тең. Жада калса кемпир жок жерде да анын коздөрү өзүн аңдып, кайдадыр шаштырып тургансып сезиле берет.

*   *   *

Түн. Эшикте дуулдаган, шуулдаган шамалдын добушу. Терезеден тептегерек болуп толгон ай көрүнүп турат. Айдын жерге жакын өтүп аткан бороон-чапкын менен деле иши жок, тек гана өйдөдөн шооласын чачып жаркырайт.

– Мен кетишим керек, – деди аял дуулдаган шамалдын үнүн тыңшап, тептегерек айды тиктеп туруп:

– Ушул да жашообу?!

– Каякка кетесиң? Кимге кетесиң?! – күйөөсү дабдаарый түштү.

– Сөзсүз эле бирөөгө эмес, эркиндикке кетем.

– Жинди болбочу? Балдарчы?

– Балдарым, балдарым деп тирүүнүн тозогунда жашап атам. Аларды да алып кетем.

– Кесир кылба. Шүгүр келтиргенди билбеген үчүн ушунча азап тартып атасың. Сендейлер Кудайга да жакпайт.

– Тажадым сенин акылдуулугуңдан! – келин чарчаңкы улутунду.

Күйөөсү үндөгөн жок. Жылан чакпай жылкы теппей өзүнөн өзү туталана берген жубайынын ушул жоругунан алда качан тажаган. Анын тилине кирип жалгыз энесин таштап кайда барат эле? Же энесине болуша албай, же жубайына болуша албай эки арада калып өзү да чарчап, тажап жүрөт. Кетсе кетип, эс алып мээсин сергитип келсинчи, кайда барат эле кайра келет – деген ойго жетеленип баратты.

– Сүйбөйсүң мени, сүйсөң жок дегенде аямаксың. Мен тирүүнүн өлүгү болуп баратам. Жакында түшүндүм, сага эмес, өзүм өзүмө эле керек экенимди.

– Эч нерсеге өкүнбөйм, кетсең кет! – ызырынды күйөөсү, – Мен үчүн бул дүйнөдө баарынан улук, баарынан ыйык нерсе “энеме кызмат кылуу, түшүндүңбү?! Карыганда энемди жалгыз таштап, сени ээрчип эч кайда кетпейм. Энем үчүн баарын садага чаптым!

– Энең сени эле карап отурган жок го. Жалгыз бала болсоң бир жөн!

– Мен апамды эч кимге түрткүнчүк кылбайм. Өзүм карайм!

Далай ирет укту ушул сөздү келин. Ошондуктан анын ачуусу келген жок. Тек гана сөз тууралуу чындап ойлонду, түшүнгүсү келди, а түгүл береги бетинен жаалы чыккан күйөөсүнө да чын пейилинен бир нерсени түшүндүргүсү келип, чечкиндүү сөз баштады:

– Эгер дүйнөго келгендеги бар максатың, жалгыз максатың энеге кызмат кылуу экени чын болсо, чын эле сага андан бөлөк улуу да, ыйык да эч нерсе болбосо, анда эмнеге буга мени аралаштырып алдың эле?! Мен бул дүйнөгө сага кошулуп алып сенин энеңе кызмат кылуу үчүн келген эмесмин да?! Эгер ачыгын айтсам, сенин апаңды сыйлаганымдан эмес, сени сыйлаганым үчүн унчукпай чыдап келдим. Сенин сүйүүңө ишенип, сени менен жолумду бириктиргем. Сенин энеңе кызмат кылып, анын кыял-жоругуна чыдагандан башка да максаттарым бар экенин сен жакшы билчүсүң.

– Энем үчүн баарын садага чабам дедим го.

– Эгер кааласаң, керт башыңды садага чап! Бирок буга менин жана балдарымдын тиешеси жок. Жарык дүйнөгө келгенде энеге кызмат кылуудан бөлөк бир да максатың жок болсо, эмнеге үй-бүлө күттүң?!

Айлуу түндө кужулдашып аткан эрди-катындын сөзү аягына чыккан жок. Бул сөз ар дайым ошондой, башталганы менен аягына чыкпайт.

Келин азыр эле баарын таштап безип, баарынан кече качкысы келди. Үйдүн төрт дубалы төрт тарабынан кысып аткансып, жан-дүйнөсү жанчылып чыкты. Ал азыр эч нерсе жонүндө, ыйман жөнүндө, ынсап жөнүндө жана башка жашоодогу ыйыктыктар менен бийиктиктер жөнүндө ойлонууга дарамети да келген жок. Кетсе болот эле!… Тек гана кетсе болот эле!

*   *   *

Эрди-катындын түндөгү кыжы-кужусу эрте менен кайрадан башталды. Бул ирет жини келген күйөөсү муштумун түйүп, маңдайында отурган жубайын уруп иймекчи болуп камданды. Адатынча кожойкесинин бутунда кырылдап жаткан мышык селт этип чочуп, ордунан тура калып, бүткөн бою түйүлүп эркектен бир жамандыкты күтүп атты. Бир нерсени сезгендей ачуу мыёолоп, бирок кожойкесин таштап качып да кетпей титиреп, коркуп турду.

Келин мындан чочуп, жыйрылган деле жок. Тек гана үй ичи менен бир болуп бакырып аткан эркектин үнүнөн тажагансып, күйөөсүнүн түйүлгөн муштумун көңүлсүз карап койду. Мышык анте алган жок. Бир түндө өзгөрө калган кожоюнунан азыр коркуп атты. Келиндин бир түрлүү салкын кандуулугуна таң калды. Мындай кайдыгерлик эртең-бүрсүгүн өлө турган макулукта эле болот. Мышык ушуну билчү. Тээ баягыда өзү да өлөрүн санап калбады беле. Баарына кайдыгер тартып денесинин жанчылганына эле эмес, жазмышына таарынып, адамдарга болгон таарынычы ушунчалык чоң болгондуктан жашагысы келбей, көздөрү кайдыгерликке толуп өз өлүмүн күтүп калган. Бактылуу мышыктар өлүмдү антип жайма-жай күтө алмак эмес.

Келиндин көздөрүндөгү муздактыкты, кайдыгерликти, өз тагдырын чечип койгон чечкиндүүлүктү көрүп, эркектин муштуму эле эмес, өзү да шалдырай түштү.

– Көкбет, азап болдуң го, азап! – деди келинчегине буулуга сүйлөп. Анан тез-тез басып, эшикти тарс жаап чыгып кетти.

*   *   *

Мышыкты бооруна аяр кучактап, башынан сылап коюп, бирдемелерди шыбырап отурду келин. Анын сөзүнүн баарына түшүнбөсө да, бул макулуктун тээ түпкү сезимтал туюму кожейкесинин ичинде ушунчалык чоң ыза, бук менен арман жатканын туйду. Ошону айтаар жан кишиси жок, өзүн жакын тутуп турганын да сезди. Келинди жубаткысы келгенсип, колун, жалап-жуктап, билегине сүйкөнүп атты. Аягында сооротконсуп, өзү да сооронгонсуп кырылдай баштады. Мышыктын бир калыптагы кырылдаган үнү келиндин ачуусун, ызасын азайтып, оюн бир чекитке топтоп атты. Кайра баштан көп окуялар, сөздөр жадында кайталанып, көз алдында чубурду. Алда кимдин: – Сыйынууну билбегендер Кудайга жакпайт! – деген сөзү кулагына жаңырды.

Сыйынууну билбейт имишмин, ошон үчүн Кудайга жакпайт имишмин, жакпаганым үчүн оорукчан болупмун. Ушул акыйкаттыкпы!? Бирок, аларга такыр эле таарынууга болбойт, алар башынан эле төрт бурчтуктун ичинде жашайт. А төрт бурчтук деген эмне, төрт бурчтук деген төрт тарабы төп келишкен тиричилик элеби? Мен ал төрт бурчтукка батпайм! Мага учу-кыйры чектелбеген дүйнө керек…

Ошондон бир топ күндөн кийин келин мышык менен коштошту. Адатынча алдына алып отуруп, башынан сылады, ойноду. Ага көп нерселерди айтты: “Камтама болбо, келе тургандар, мышыкты пайгамбар да сыйлаганын билген, пайгамбар тууралуу көп сүйлөгөн адамдар экен. Сени капа кылышпас деп ойлойм. Мен пайгамбар тууралуу жакшы билбейм чын, бирок мышыкты сыйлаганын, өзү абдан сулуу, нур жүздүү киши болгонун көп укканмын. Сен жаңы кожоюндарыңды да өзүңдүн ойноок көздөрүң менен, адам таанымың менен, төрөпейил мүнөзүң менен таңдандыра аласың! Мага сүйкүмдүү болгондой эле, аларга да сүйкүмдүү көрүнө аласың! Мен болсо сени мага ишенгениң, унчукпай мени уга алганың үчүн сагынарымды билем”.

Мышыкка ушунчалык жакын болуп калган адамдар бир күндө тарап, үйгө кожоюнга түспөлдөш келишимдүү башка адам өзүнүн үй-бүлөсү, болгон дүйнөсү менен көчүп келди. Бир гана кемпир ордунда калды.

Канча жыл чогуу жашаса да, мышык, адам дүйнөсүндөгү бактылуулук менен бактысыздыкты ачык түшүнө алган жок. Бирок туюму аны ар дайым мүнөзү бейпил адамдарга жетелечү. Бара-бара адамдардын кандай экенин алардын көздөрүнөн, кыймыл-аракетинен эле ажырата баштады. Кимге жакындан, кимден алыс туруш керек экенин үйрөндү.

Кийин-кийин ага жапайычылык жашоо жага баштады. Буулуккан келин көчүп кеткен күндөн тартып эле, желип-жортуп, ар кайсы тамдын чатырынан көгүчкөн, уялардан жумуртка, балапан таап жеп, жырткычка айланып үйгө токтобой калды. Жапайылык жашоо канчалык жакса да, кез-кезде өзү башпаанек кылган үйдү айланчыктайт. Эшикке кирип-чыккандардын арасынан келиндин караанын издеп, ага эркелеп алгысы келип кетет. Адам мээримин сагынат…

Автор

Бөлүшүңүз

Окшоштор

One Comment

  1. Мыкты аңгеме.
    Махабат бейтаалай мыйдын көзү менен, бейтаалай эки үй-бүлөнүн картинасын тартып, андагы бейтаалай каармандардын образдарын ачып коюптур. Аңгемедеги каармандар дээрлик бардыгы: орсок жигиттин тарбиясыз өсүп жаткан балдарынан баштап, кемпирге чейин ар кимиси, ар кандай деңгээлде бейтаалай.
    Бир гана көсөосүнө жеткен баймана оокаттуу кемпир бактылуудай.
    Учурдагы, кадимки карабашыл кыргыз үй-бүлөлөрдүн: бири оокаттуу, бири өп-чап оокаттуу бүлөлөрдүн ички драмасы өтө чебер берилген.
    Ал эми бизге замандаш каармандардын образдарынын көп кырдуулугу да өзгөчө.
    Аңгемеде, адабияттагы адаттагыдай оң жана терс каармандар тууралуу стереотип талкаланып, жөн гана, жазуучу коомубуздагы үй-бүлө институтунун кризисин алып чыккан.
    Кой, талдоого өтүп кеттим окшойт.
    Махабат, азаматсың.
    Унчукпай изденип жүрүп, жазуучулук өнөрканаңда мыкты картиналарды жаратып коюптурсуң.
    Ийгилик каалайм.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген