Империя
Жер астынын Чоң Курту
Жерге батпай калган кез.
Жердин өзү жарыкка
Жерип түртүп салган кез.
Жашыл токой көрсө эле
Жайып кирчү кулачын.
Сойлоп кирип астынан
Соруп алчу кубатын.
Өзөгүнө уу бүркүп
Өз тинтүүрүн жайчу эле.
Өсүмдүккө окшошсо
Өзү болуп калчу эле.
Акырында тоо-таштын
Астын-үстүн жойлоду.
Алтыдан бир жер шарын
Алса деле тойбоду.
Араанына чыдабай
Ата журтун балталап,
Өзүн өзү жеп кирди
Өз тагдырын талкалап.
Бүлкүлдөгөн митенин
Бүт маңызы көрүндү.
Килкилдеген денеси
Киргил суудай бөлүндү.
Сакалынан саргайып
Саздын уусу сарыккан
Өтүрүктүн дубасы
Өлөт тура жарыктан!
Жер астына кайта албай
Жердин үстүн сыйпалап,
Күчү кетип баратат
Күн аптабы куйкалап…
