Кыргыздык өзөктүн чакырыгы
(Жазуучу Ишен Айтмамбетовдун «Бет-Алман» романындагы улуттук аң-сезимдин проблематикасы)
Дүйнөдө болуп жаткан коомдук-саясий жүрүмдөр көп жагынан тектоникалык жылыштардын табиятына окшош. Жер катмарындагы тилкелердин кыймылы кылымдар бою уланып келе жатса да, алардын натыйжасы жер титирөө, жер кыртышында бүктөмдөрдүн, тоолордун пайда болушу, материктердин алыстап же жакындашы сыяктуу бирде чукул, бирде байкалбаган кыймылдар менен мүнөздөлөт. Өтмө маанисинде тектоникалык жылыш деп өтө терең, чоң масштабдагы кубулуштарды айтышат. Акыркы кылымдарда кыргыз элинин башынан өтүп жаткан нерселер дал ушундай жагдайлардын шартында калыптанган. Алардын арасында орус империясынын күч алышы, СССРдин келип чыгышы жана кулашы, экинчи дүйнөлүк согуш жана азыркы учурдагы неоколониализм саясаты, ага тоску (реакция) иретинде келип чыккан деколонизация кыймылы бар. Мындан эки жыл мурун, тагыраагы 2024-жылы жарык көрүп, адистер арасында гана жанрдык өзгөчөлүктөрү тууралуу азыноолак кеп болбосо, ички мазмуну жана коомдук мааниси кеңири окурмандар аудиториясы үчүн толук ачыла элек, жазуучу Ишен Айтмамбетовдун калеминен чыккан «Бет-Алман» романы дал ушундай өңүттө тереңирээк талдоону талап кылат. Анткени андагы козголгон бир топ маселелер мезгилдин бүктөмүндө кала бербестен, тескерисинче билген кишиге мурдагыдан да курч коюлууда.
Роман Кыргыз ССРинин юстиция тармагынын мурдагы белдүү кызматкери, Экинчи дүйнөлүк согушта немистерге туткунга түшүп, кийин «Түркстан легионунун» башчыларынын бирине айланган, СССРге өз ыктыяры менен кайтып келип жазасын өтөп чыккан Сатар Алманбетовдун татаал тагдырына арналган. Демек, баш каармандын өзү эле окуялар канчалык оош-кыйышы көп, ашык-кеми жок айтканда дүйнөнүн тагдырын ондогон жылдарга аныктап койгон заманда болуп өткөнүн көрсөтүп турат. Ошого жараша чыгарманын сюжети да окурманды кайдыгер калтырбайт.
Белгилүү кыргыз тилчиси Константин Юдахиндин жардамы менен Москвага окууга өтүп, аны ийгиликтүү бүтүргөн, немисче суудай билген, билимдүү, кандуу согушка өз ыктыяры менен аттанган дымактуу жаш кыргыз офицери далай жолу тапкычтык кылып фашисттердин чабуулунун мизи кайтарылышына салым кошот. Жанындагы кошо жүргөн жолдошторунун далайынан көз көрүүнө ажырайт. Акыры арттан колдоо келбеген соң калган бөлүктөрдүн ырааттуу чегинишин камсыз кылып душманды алаксытыш үчүн командачылыгы менен сүйлөшүп алып майдандын кан күйгөн жеринде тура берип, аягында курчоодо калып туткунга түшөт. Концлагерде ит көрбөгөн кордукту көрүп жүргөнүнө карабай бир катар советтик туткундарды качырып жиберүүгө үлгүрөт. Акыры туткундагы башка бир советтик жоокердин айгагы менен коммунист экендиги билинип калып, кыйноонун күчүнөн улам аны моюнга алууга аргасыз болот. «Түркстан легионунун» жетекчилеринин көзүнө илинип, алар Сатар Алманбетовду Гитлердин китебин Орто Азия элдеринин тилине которууга жалдашат. Ал китептин чыгарылышына көмөк көрсөтүүчү уюмдун ээсинин үйүндө жашап, китепканасынан пайдаланып, анын кызы Эрика Фрайзиң менен таанышат да, экөөнүн мамилеси улам тереңдеп жүрүп отурат. Үйдүн ээси кыргыздардын, Атилланын тагдыры тууралуу материалдары бар экенин айтып, Сатарды кызыктырган соң ал кыргыз тарыхын ошол жактан изилдөөгө киришет. Ошентип жүрүп «Түркстан легионунун» уюштуруучу жыйынына катышып, аны бир нече тилде өзү алып барат. Кызмат абалынан пайдаланып, «Манастын» басылышын Берлинден чыгарууга жетишет. Кийин жеңиш таразасы Советтер Союзу тарапка оой баштаганда Эриканын үй-бүлөсү менен кошо батышка качып, аны фондго жана банкка мураскер кылуучу документтерди даярдоого укук адиси катары чоң жардам берет. Акыры Эриканын боюнда бар экенин билип, уул төрөлсө атын Тянь-Шань коюуну өтүнөт да, өз ыктыяры менен советтик органдардын колуна түшөт.
Адегенде атууга кетмекчи болуп, бирок согуш талаасында курчоодон куткарган жоокер достору, концлагерден куткарган туткундар жакшы көрсөтмө бергендиктен жазасы Шибердеги оор жумуштарга алмаштырылат. Согуш туткундары менен криминал чөйрө аралашкан тополоңду басууга жардам берип, ал жактагы каттарды иретке салууга көмөктөшөт. Башкыр досу Уфада калууну сунуш кылганына карабастан, Кыргызстанга келет да, бир нече тилдердеги материалдарды которуп, ошону менен оокат кылат. Андан тапкан акчасын туугандарына берип, Эрика менен жашыруун кат алышып турат. Эрика Фрайзиң уул төрөп, атын адегенде Тянь-Шань, кийин Стар Алман коюп, өзү бара-бара ГДРдин валюталык негизин түптөгөн «Дойчебанктын» негиздөөчүлөрүнүн бирине айланат. Ал арада Сатар Алманбетов «Советтик Кыргызстанга» корректор болуп ишке орношуп, айтылуу маданият министри Күлүйпа Кондучалованын өтүнүчүнөн улам Германиядан келген делегация менен болгон сүйлөшүүлөрдү түз которот. Кийин өзүн өлдү деп жарыялатып, башка документ менен жашап жүргөндө министр Кондучалова Кеминден тааныштырган сатуучу келин менен баш кошуп, андан бир кыздуу болот да, көп өтпөй өз ажалы менен өлөт. Чыгарма Сатардын кийинки аялы Германияга барып, Эрика менен жолугуш, балдарын тааныштырганы менен аяктайт.
Сюжетти мынчалык деталдуу баяндаганыбыздын себеби – андагы окуялардын өзү эле масштабдуулугу менен да, реалисттик нукта чагылдырылганы менен да айырмаланып турганы. Чыгарманын масштабдуулугу андагы камтылган мезгилдин узактыгынан (совет мезгилинин башынан аягына чейин) тартып, ага аралашкан каармандардын (Юдахин, Кондучалова, Гитлер, Каюм Мифтаков ж.б.) даражасына чейинки жагдайлар менен бекемделет. Реалисттик дегенибиз, чыгарманын автору булардын баары архивдик документтердин негизинде жазылганын айтканы бар. Китеп өзү да бир катар документалдуу сүрөттөр менен коштолгон. Каармандардын образы советтик клишеге да, антисоветтик талаптарга да сыйбастан, ак-карасы аралашып кошо берилген. Атап айтканда, Сатардын советтик чалгындын пайдасына иштөөдөн да, советтик лагерлерде ошончолук кордук көргөнүнө карабастан Сталин менен Гитлерди бир катарга коюудан да баш тартканы (сихнрондук котормодогу эпизод) бир эсе анын мүнөзүндөгү карама-каршылыктарды белгилөөгө жардам берсе, бир эсе гуманист катары көрсөтөт. Сатардын берген акчасын алып той өткөрүп, бирок өзүн жанынан көрүүдөн корккон жакын тууганынын эки жүздүүлүгү, соттогу прокурордун зулумдугу менен мурдагы фронтовик досторунун калыстыгы – ушунун баары автордун реалисттик мамилеси тууралуу сөз кылууга толук негиз берет. Батыштагы элдин жашоо деңгээли, майдан сызыгынын наркы тарабындагы адамдардын кулк-мүнөзү, андагы мамилелер жана интригалар абдан ишенимдүү сүрөттөлгөн.
Ырас, бул романда айтылган нерселердин баары эле таптакыр жаңы деп айта албайбыз. Атап айтканда согуштун эл биле элек бир топ өңүттөрү Узакбай Абдукаимовдун «Майдан» романынан тартып эле көркөм аң-сезимдин предмети боло баштаганы чын. «Түркстан легиону» совет мезгилинде эле жазуучу Серик Шакибаевдин «Чоң Түркстандын кыйрашы» китебинин темасы болгон. Албетте, ага өз мезгилинин идеологиялык таасири тийбей коймок эмес, андыктан андагы автордун позициясына кайрылып отурбайлы. Жакынкы эле мезгилди алсак, ушул эле темага арналган Арслан Капай уулунун мындан алда канча чакан, аңгеме жанрындагы «Вице-президенттин соңку каты» аттуу чыгармасы дал ушул роман чыккан 2024-жылы «Азаттыкта» алда канча кеңири талкууга алынган жайы бар. Бирок биз кеп кылып жаткан романдын баалуулугу анын темасы менен да, жанрдык өзгөчөлүктөрү менен да, жогоруда айтылган айныксыз артыкчылыктары менен да чектелбейт. Анда аны кыргыз окурманы үчүн дал ушул азыркы доордо өтө актуалдуу көрүнүшкө айландыра турган негизги жагдай кайсы?
«Бет-Алман» жогоруда кеп болгон чыгармалардын баарынан айырмаланып, сөз башында айтылган тектоникалык жылыштарды башынан кечирип жаткан дүйнө жүзүндөгү кыргыз адамынын тагдырын алгач ирет бардык оош-кыйыштары менен кошо биринчи планга чыгарат. Сатар Алманбетов – башынан өткөн бардык трагедиясы, артыкчылык-кемчиликтери, жаңылып-жазганы менен кошо биринчи иретте кыргыз үчүн күйгөн, кыргыз элин сүйгөн, кыргыздыгын биринчи орунга койгон өз элинин уулу. Тээ бир кезде кыргыз эли курамына кошулган орус империясы табиятын түп-тамырынан өзгөртүп социалисттик мамлекетке айланып, ал талкаланып тескерисинче жалаң капиталисттик нуктагы мамлекеттерге ажыраганына отуз жылдан ашты. Андан бери Орусиянын өзү бир эмес, эки сыйра чечен согушун баштан кечирип, эми жанындагы Украинага кол салууда. Молдова КМШдан чыгып, Балтика өлкөлөрү НАТОго кошулуп, илгерки өнөктөштөр душманга, душмандар өнөктөшкө айланды. Жеңижок акын «Дүнүйөдө» айткандай «тоо бузулуп түз болду, токтоп айтар иш болду». Эми ошонун баарына карабай дагы эле кыргыздын камчыга сап кулундарынын тагдырына эчак жок болгон СССРдин позициясынан же ага каршы карай беришибиз керекпи? Анда аң-сезимдеги эгемендигибиз качан калыптанат?
Кытай империясы менен орус империясы Ала-Тоонун кыры менен Теңир-Тоодогу кыргыздарды экиге бөлгөн бойдон ортодогу ажырым азыр да чекчейип чек арада турат. Кыргызды эле эмес, тегерек-четтеги элдерди да бириктирип чоң мамлекет түзөм деген генерал Ыскакбек Монуевди сүйлөшүп алып жок кылган да эки зор мамлекет болгон. Дүйнөлүк эки карама-каршы системанын күрөшү эң аз дегенде 70 жыл бою кыргыз элин өз орбитасына тартып, ар кайсы идеологиялардын агымында миңдеген кыргыздын эр-азаматтары ала салып, бири жанын сактап, башкасы биротоло жок болуп жатты. Кандуу репрессиянын курмандыктары да, ага кызмат кылгандар да кыргыздар болгон. Экинчи дүйнөлүк согуштун илеби азыркы расмий таанылган баатырлар менен катар туткунга түшүп жок болгондорду, ал тургай тагдырдын буйругу менен Сатар Алманбетов сыяктуу башка системага кошулууга аргасыз болгондорду да пайда кылган. Азыр да бирибиз оңго, бирибиз солго карап, алакандай кыргыздын көбү кыргыздын эмес, сырткы идеологиянын чырагына май тамызып, өзөгүн чанып турган чагы.
Мындай шартта кыргыздын төбөсү көрүнгөн эр-азаматтарынын басып өткөн жолуна баа берүүчү бирден-бир чен-өлчөм – алардын кайсы заманда кайсы системага кызмат кылганы эмес, кыргыз мамлекетинин эгемендигине, кыргыз маданиятына, кыргыз элинин кызыкчылыгына кошкон салымы болууга тийиш. Бул чен-өлчөм бир кезде жок болуп кеткен, азыр жок болуп бараткан империяларга, күчтөргө гана эмес, азыркы пайда болуп жаткан, кийин пайда боло тургандарына карата да кынтыксыз иштеши керек. Анткени улуттук идеология дегендин өзү түпкүлүгү ошол эле. Кайсы гана шартта болбосун өзөгүн бекем сактаган эл гана мамлекетин сактап жана бекемдеп, колдон келсе күчтөндүрө алат. Бул кыргыздык өзөк – эң башкы нерсе.
Атеисттик көз карашына, азыркы неосталинисттердин позициясына карабай Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов, Абдыкерим Сыдыков баш болгон репрессия курмандыктарынын баары – биз баш ийип таазим кыла турган кыргыздын каймактары. Мурдун чүйрүгөн такыба мекендештерибизге жагабы-жакпайбы, ууртап-татып жүрүп эле ушунча көркөм мурас калтырууга жетишкен Мидин Алыбаев, Райкан Шүкүрбеков, Байдылда Сарногоев, Какен Алмазбеков – кыргыз поэзиясынын жарык жылдыздары. Бир кезде советтик пропаганда үчүн канчалык душман болбосун, Азамат Алтай – азыркы кыргыздын эгемендигине сырттан салым кошкон системанын көрүнүктүү өкүлү. Демек, жалаң Сатар Алманбетовдун эле мисалында эмес, жалпы эле кеңири мааниде кыргыздын кызыкчылыгына, тарыхына, анын башынан өткөн окуяларга, келечекке азыркы же мурдагы империялардын, диндердин же идеологиялардын алкагынан эмес, кыргыздын көз карашынан мамиле кылганды үйрөнүүгө эчак мезгил жеткен. Менимче, «Бет-Алмандын» автору дал ушул кыргыздык өзөктүн жаңырышын, жанданышын сунуш кылып, өз окурманына чоң чакырык менен келди.
Ага окурмандар өздөрү канчалык даяр, эми кеп ошондо.
Жыргалбек Касаболот

Адабий сын кыргыз эли үчүн өнүгүүнүн негизги багыты, негизги кармана турган идеологиясы кайсы болуш керек экенин терең ачып бериптир.
Сырттан башкарылган бөтөн кызыкчылыктарды ээрчибей кыргыз элинин улуттук кызыкчылыгын маяк катары бийик кармап ошонун негизинде иш алып баруу ар бир кыргыздын милдети экени жеткиликтүү айтылыптыр.
Ошол эле учурда, кыргыздын улуттук кызыкчылыгы эмне, кайсы идеологиянын негизинде өнүгүшүбүз керек экенин аныктоо жана элге жадыбалдай сиңирүү зарыл.
Себеби ушул күндөгү такыба мекендештер, батышчылдар жада калса совет бийлигине жан дили менен кызмат кылган орусчулдар дагы өзүнүн күрөшүн улуттук кызыкчылыкка туура келет деп эсептептешкен.
Чоң рахмат, Мэри..