Мезгил тура
Мен апамды күтө берем эшиктен,
Буркураган нан көтөрүп колуна.
Бууп берген түйүнчөккө бапестеп,
Бир дүнүйө менин басар жолума.
Өзү жапжаш өзгө дүйнө кеткени.
Мен келатам түйүнчөгүн көтөрүп.
Айлар, жылдар алмашылып кетсе да,
Ал кайрылбайт, ажал бербейт көшөрүп.
Ата болдум, жигит болду уулум да,
“Апа” – дейт ал аялымды чакырып.
Ал арада жетимсиреп бир адам,
Армандарын жүрөт ичке батырып.
Аны карап “бактың бар ээ” деп коём,
“Апаң бар да” барын чачып, төгүлгөн.
Ал арада жетимсирейт бир адам,
Арсыз жетим катарынан көрүнгөн.
А мейличи, мезгил тура ошондой,
Аман болсо ошол уулум жөлөгүм.
Алыстардан күтүп жүргөн апамдын,
Ал уулумдан кулк-мүнөзүн көрөмүн.
Мен атамды күтүп жүрөм тоо жактан,
Карагерин камчыланып келаткан.
Аттиң бирок үмүт бекер тепкилеп,
Келекелеп көөдөнүмдү жеп аткан.
Карагерин камчыланып кеткен ал,
Кайрылыш жок узак сапар аттанып.
Кайратынан дем күч албайм азыр мен,
Катарымдан көргөзө албайм мактанып.
Карагерин минип качкан өспүрүм,
Ата болдум, алда качан жетилдим.
Кырктын кырын ашып барат бир адам,
Кейпин кийген топтомолок жетимдин.
“Ата” – десе уулум. “Селт” дей түшөм да,
Саамайынан сылап мээрим төгөмүн,
Мени “ата” деп жатса дагы уулумдан,
Атакемдин алп караанын көрөмүн.

Турмуштун ачуу-таттуусу жуурулушуп берилген жакшы ыр экен.