Акын Хосров жана олуя бейитинде
(Сапар таасирлери түрмөгүнөн)
Делиде кереметтүү жайлар арбын,
Баяндайт байыркынын таржымалын.
Аксарай, чеп, мунара, храмдарда,
Жаткандай кылымдардын өлбөс жаны.
Чубуртат көз алдыга не бир түркүн
Заманды түштүгүнө жорго минген,
Доорду нечен курдай оодарылган,
Адамды өлбөс болуп өмүр сүргөн.
Алардын бири ыйык Низамуддин
Бейити турат калаа ортосунда,
Кабыры аалымдардын, сопулардын,
Коюлган олуянын ордосуна.
Низамуддин – аалымы сопулардын,
Баш тарткан кезегинде дүнүйөдөн,
Аруулук, айкөлдүктүн дүйнөсүнө,
Ар убак пенделерди жүрүлөгөн.
Мумтаз менен Шах Жахан кызы – Бегум.
Анын дагы кабыры ушул жерде.
Мансаптан жыргабаган атасынын
Азаптуу тагдырына* күйгөн пенде.
Аалымды жандап жатат да бир шакирт –
Дехлеви! Даңазалуу Хосров акын.
Керээзин аткарып эл аны сүйгөн,
Кабырын устатына койгон жакын.
Илимин Низамуддин олуянын,
Калтырган Хосров жазып муундарга,
Ошентип ыйык сопу насааттары,
Жоголбой жашап калган кылымдарда.
Эгедер Хосров акыл, көрөңгөгө,
Атыккан теңдеши жок “булбул акын”.
Бааланып султанаттар заманында,
Тарыхын ырга айланткан султандардын.
Түрк тектүү акын Хосров көп ыр жазган,
Тилдерде перси жана хинди, урду.
Дилазык болуп келген ушул элге,
Сандаган газел, диван, обондору.
Делилик же Дехлеви Хосров акын,
Жараткан дешет ситар**, каввалини***,
Үндөшүп сопулардын бейитинде,
Ырдашат ситарчылар коштоп күүнү.
Ситардын сыбызгыдай сыйкыр үнү
Терметет теребелди делөөрүтүп.
Хосровдун наздуу, жумшак обондору
Мээримге бөлөгөнсүйт өрөөндү бүт.
Такыба жандар жаткан көрүстөнгө
Оголе арбын экен каттагандар.
Жүрүшөт бала сурап баласыздар,
Илдетке башка дабаа таппагандар.
_________
* Бийликти күч менен алган уулу Шах Жаханды зынданга салган.
** Каввали – сопулар поэзиясын ситардын коштоосунда аткаруу
*** Ситар – көп кылдуу аспап. Айрым булактарда ситарды акын Дехлеви Хосров ойлоп тапканы айтылат.
