Күмүш-Булак
(аңгеме)
Мекен таануу сабагы аяктап калган мезгил эле:
– Эртең Күмүш-Булакка барабыз, – деди эжекеси.
– Күмүш!
Элименин эсине дароо эле чоң энесинин күмүш билериктери түштү. Билегиндеги татынакай кооздукту чоң энеси күмүш билерик деп айтпады беле! Эми жаркыраган күмүш сыяктуу булак көз алдына тартылды.
– Күмүш булак да болобу? – деди Элиме.
– Дал ошол эмнеге Күмүш-Булак деп аталганын эртең барып билебиз.
– Ал жакка баруу коркунучтуу эмеспи? Чөптөрдүн арасында жыландар болсочу! – деди Элиза.
– Мен билем! – деди Айбек. – Ал жерге ата-энем менен барганбыз. Айылдын четинде эле. Чөптү аралабай баскан жол бар. Көп алыс эмес.
– Аа, сонун! Сен мага жардамчы болот турбайсыңбы! Ал жакка эмнеге бардыңар эле? – деди эжекеси.
– Эжемдин колуна жара чыккан болчу. Күмүш-Булактын суусу дары экен.
– Кызык го, жараны дарыгер дарылайт да! – деди Гүлнур. Айбектин сөзүн анчалык жактыра бербегендей, эриндерин чүйрүп.
– А бирок эжемдин колундагы жарасы ошондон кийин айыккан.
– Көрдүңөрбү балдар, түрдүү суроолор жаралды. Күмүш-Булакка барганга чейин али көп нерсени билебиз. Бузулбай турган түшкү тамак, жетишерлик суусундук да алгыла. Аа баса, булак суусунан да ичебиз, – деди эжекеси. Эң башкысы үйгө тапшырма суу, күмүш тууралуу маалыматтарды да топтой келгиле.
Элиме сабактан кайтып үйгө келгенде ата-энеси үйдө жок экен.
Агасы менен эжекеси алардын эртең келерлигин айтты. Элиме Күмүш-Булактын өзү жөнүндө да билгиси келди. Ал тууралуу агасы менен эжеси деле билишпейт экен. Гуглдан издеп да таппай коюшту.
Элимеге суу, күмүш жөнүндө маалыматтарды тапканга жардам беришти.
Эртеси эжекеси менен биргеликте окуучулар Күмүш-Булакка жөнөштү. Тоо беттеген жол менен келатышты. Жаратылыштын кооздугун карачы! Айлана жапжашыл! Талаанын гүлдөрү бажырая ачылып, кызыл, сары, көк, мала, сыя гүлдөр жайнайт.
– Кызык, алыстан баары жапжашыл көрүнөт. Жанына келсең көп түрдүү гүл бар тура! – деди кубанган Элиза.
– Алыстан көрсөң баары коркунучтуу көрүнөт. Жанына келсең коркунучтуу эмес дагы? – деп тамашалады Эрмек. Элиза аны карап жылмайып койду.
– Анткени кайсыл түс көп болсо көбүрөөк ошол көрүнөт. Демек бул жерде жашыл чөп көп, жашыл өң басымдуулук кылат, – деди эжекеси.
– Анда Күмүш-Булак да алыстан көрүнбөйт турбайбы! – деди Элиме.
– Ал тээтиги тоонун боорунда. Ошол тарабына барганда алыстан жылтырап көрүнөт, деди Айбек.
– Көрүнөт дейсиңби? Күмүш-Булак жылтырап күмүш экени билинеби?
Элиме эми ансайын Күмүш-Булакты көз алдына элестетип алды.
Эжекеси жылмайып койду. Алар жолдун жарымын басып өтүштү.
Күмүш-Булак көрүнгөн тарабына жакын калышты.
– Келгиле, балдар! Кичине эс алганча кечээги тапшырманы булакка жеткенче бышыктап алалы. Алгач күмүш жөнүндө билели. Кана ким айтат? – деди эжекеси.
Элиме кубана биринчи кол көтөрдү.
– Күмүш бул асыл металлдарга кирет. Ал жер кыртышында алтын, жез, коргошун менен бирге кездешет. Таза күмүштү 3 миң жыл мурда Кытайда, Персияда, Египетте алышкан. Египетте соода-сатык кылгандар алтынга караганда күмүштү жогору баалашкан. Кыргыздар да күмүштү баркташат. Кыздар, энелер күмүштөн кооз сөйкө, шакек, билериктерди тагышат. Эркек балдар күмүш жасалгасы бар курларды тагынган. Атка ээр жасаганда аны күмүш менен кооздойт. Күмүш зыяндуу бактерияларды да жок кылат.
– Сонун го! – деди кулагындагы кичинекей күмүш сөйкөсүн кармаган Элиза.
– Суу жөнүндө Күмүш-Булактын жанына барганда сүйлөшөлү, Айбек булакка жакын эле калдык ээ? Мындан ары канча чакырым деп ойлойсуң?
– Эжеке, 1 чакырымдай эле калды го?
– 1 чакырымда канча метр болот эле, аа 1000 метр болот да! – деди өз суроосуна өзү жооп берген Элиза.
– Бир кадамда 1 метр баса алабызбы? – деп Талгат кадамын керди.
– Болжол менен эки кадам таштоо керек окшойт, – деди эжекеси жылмайып.
– Булакка чейин мындан да сонун гүлдөр бар, ээ?
Элиза айланага суктана карады.
– Албетте! Ага чейин эми суу жөнүндө сүйлөшө баралы.
– Эжеке, мен окуган боюнча суу тузсуз жана туздуу анан таза жана булганыч болуп бөлүнөт экен. Өтө туздуу сууну ичкенге болбойт. Мисалы деңиз сууларын, Ысык-Көлдөгү сууну ичүүгө болбойт. Бийик тоо чокуларынан аккан суулар таза болот.
– А булактын суусу таза деп ойлойсуңарбы?
– Биринчиден булактын суусу абасы таза, тоонун боорунда болуп жатпайбы, албетте таза!
– Ооба, мисалы Күмүш-Булактын суусун ата-бабаларыбыз илгертеден эле ичип келишкен. Анын суусу да кашкайып тунук. Мисалы жайлоолорго барганда саздак жерлерден суунун бети киргилт, майланышканын көрөсүңөр. Аны ата-бабалар эч качан ичкен эмес. Малга да ичиришкен эмес. Демек анын курамында жаман заттар бар экенин билишкен.
– Эжеке! Тигине булак! Караңызчы жылтырап турат! – деп Айбек тоо боорун карап кыйкырып жиберди.
Элиме Айбек караган тарапты кубана карады. Чын эле Күмүш-Булак күн нурларына чагылышып алыстан эле күмүштөй жылтырап турат!
– Ура-а! Баары колдорун бийик көтөрүп кубанып кетишти.
– Мына алар Күмүш-Булактын жанында олтурушат. Жер астынан бурк-бурк этип кайнап чыккан сууну балдар көпкө суктана карашты.
– Суу эмнеге кайнап жатат? – деп таң калды Талгат.
– Балдар, булак суусу жер тереңинен күчтүү басым менен өйдө көтөрүлөт. Ошон үчүн кайнап жаткандай көрүнөт. А бирок ысык, кайнаган булактар да бар. Анын суусун ичүүгө болбойт. Карагылачы, Күмүш-Булактын суусу таптаза экен! Бир да ылайка жери жок!
– Деги булактын суусу өзү кайдан пайда болду? – деди эжекеси.
– Жамгыр, кар жерге сиңип олтуруп, кайра булак болуп сыртка чыгып жатпайбы! – деди Элиза да окуганын бышыктап.
– Жер кыртышында көптөгөн кендер бар. Анын ичинде күмүш да бар. Ал эми суу жер астындагы кен байлыктардын баарынан сызылып өтүп келип, бизге жетти! Ошон үчүн суунун курамында эң пайдалуу минералдар көп. Булак суусу биздин тиштерди да бекемдейт. Анткени анда силер билген кальций көп. Биздин ата-бабалар сууну баркташкан. Таза кармашкан. Суу жашоо үчүн өтө маанилүү. Ошон үчүн да Күмүш-Булак деп аташкандыр. Мисалы Таласта Күмүштак деген жер бар. Ал жерден күмүш кенин алышат.
– А менин чоң атам менен чоң энем Ак-Булак деген жерде жашайт! – деди кубанган Айбек.
– А менин чоң энем Кара-Булак деген жерде деп ойлонуп калды да: – Кара-Булак деген кир булак болобу? – деди Талгат башын тырмап.
Дөңгелек – Жоок, андай эмес. Ата-бабалар чоң деген сөздү да кара деп айтышкан. Андыктан Кара-Булакты чоң булак деп түшүнсөк болот, – деди эжекеси.
– Көрдүңөрбү, балдар! Демек, кыргыз элинде булак деген сөз өтө ыйык дагы. Бул жерде бир да таштанды жок экен. Булакты ар бир келген адамдар тазалап турушат, – деген эжекеси булактын четиндеги бир кичине чырпыкты алып койду. Балдар булак четинде тамак-аштарын жешти. Бирок бир да таштанды калтырышкан жок.
Алар бүгүн Күмүш-Булактан суу ичишти!
