Неждет Экижи: “Чыңгыз Айтматов кимиңиз болот?”
(аңгеме)
Профессор экен. Мээ-кан тамыр хирургу. Дүйнөлүк медициналык чөйрөдө белгилүү адам имиш. Ушинтип айтышты. Үч ай дегенде кабыл алуусуна кезекке жазылдык. Ак халатчан, уйпаланган ак чачтуу, арык, кара тору киши экен. Түркчөнү чет элдиктерче чалып сүйлөп атты.
Медкароодон кийин жазуучу экенимди угуп, абдан таң калды.
– “Атыңызды укпаптырмын”, – деди.
Андан кийин интернеттен китептеримди көрдү. Өмүр баянымды окуду. Жазгандарыма көз чаптырды. Кай жерлерге жарыяларымды сурады.
Адабиятка болгон кызыгуусу кубандырган эле. Анын үстүнө бизге да көңүл буруп жатты.
– …чыгармаңыздагы “Тоо-талаанын ойчулу” деген ким? – деди.
– Чыңгыз Айтматов!
– Ал ким экен?
– Чыгармалары 150дөн ашык тилге которулган, дүйнөдө эң көп окулган үч жазуучунун бирөө…
Отурган креслосуна чалкалай кетти, мыйыгынан жылмайды.
– Апыртма… деди.
– Жок, – дедим.
– Мен эмнеге тааныбайм анда?
– Болгондо да түрк элине тектеш кыргыз калкынан чыккан…
– Эми Чыңгыздын аты менен улутчулдук… Койгулачы ай. Тоо-талаадан да жазуучу чыкмак беле?
– Чыкпайбы?
– Чыкпайт! Адамдардын дүйнө таанымы жашаган жери менен чектелет. Эми сизге бир суроо, бул Чыңгыз Айтматов менен туугандык жайыңыз барбы?
Жүзүнө багып, айран-таң калдым…
Которгон Миргүл ТЕКЕШОВА

