|

Ясунари Кавабата: “Кар”

5/5 - (1 добуш)

(аңгеме)

Акыркы жылдары Нода Санкити Жаңы жылдын биринчи күнүнүн кечинен баштап, үчүнчү январдын таңына чейин Токионун бир кооз мейманканасында жалгыз өткөрүүнү адатка айландырып алган. Мейманкананын аты кадыр-барктуу угулчу, бирок Санкити аны “Элестер” мейманканасы деп атап алган.

“Атам өзүнүн элестерин көргөнү кетти”, – дечү анын уулу менен кызы Жаңы жыл менен куттуктаганы келген конокторго. Коноктор муну Санкитинин кайда экенин жашыруу үчүн айтылган бир тамаша катары кабыл алышчу. Кээ бирлери болсо: “Бул майрамды өткөрүүгө абдан жагымдуу сонун жер болсо керек”, – дешчү.

Бирок, Санкитинин жакындары бул мейманканада ага чын эле элестер келерин элестете да алышчу эмес.

Жыл сайын Санкити “Кар бөлмөсү” деп атап алган бөлмөгө жайгашчу. Чынында, бул бөлмөнүн башка бөлмөлөрдөй эле, катар номуру бар эле; аны “Кар бөлмөсү” деп Санкити өзү атап алган.

Мейманканага келгенден көп өтпөй эле Санкити пардаларды тартып, төшөккө жатчу да, көздөрүн жумуп алчу. Ушундай абалда эки-үч саат жатчу. Бул, жыл бою чогулган чарчоосу менен чыңалуусун жазыш үчүн жасалгандай көрүнчү. Бирок чыңалуусу бир аз басылгандан кийин, денесинде жаңы бир чарчоо пайда болчу.

Салкити мунун кандай болоорун билчү, ошондуктан чарчоонун күчөп турган учурун күтчү. Моюну сезбей, кол-бутун кыймылдата албай калганда – ошондо элестер ага келе баштачу.

Караңгылыкта, анын жабык кабактарынын алдында жарыктын бийлеген таруудай майда бүртүкчөлөрү пайда болот. Бүртүкчөлөр тунук эле, сырты күңүрт алтын сыяктуу жалтырап турчу. Алтын түс акка айланып жаркырай баштаганда, жарык бүртүкчөлөрдүн учуу багыты жайлап, бир калыпка түшүп, кар жаай баштачу. Кар бүртүкчөлөрү кайдадыр бир алыста жаай турган.

Бул Санкитиге таандык кар эле. Санкити кааласа жаачу. Көздөрү жабык тургандагы көзгө сайса көрүнгүс караңгылыктын ичинен кар ага жакындап келчү. Анан кар бүртүкчөлөрү чоңоюп, пион гүлдөрүнө окшошо баштачу. Кар бүртүкчөлөрү чоңоюп, жайыраак жаай баштаганда Санкити ушул унчукпас пион кардын арасында эрип кетчү.

Эми көздөрүн ачса болот эле.

Салкити көзүн ачканда бөлмөнүн дубалын кар басып калар эле. Жумулган кабактарынын арасынан ал карды гана көрчү; азыр дубал турган жерде, анын алдында карлуу пейзаж ачылчу.

Жалбырактары түшүп калган беш-алты дарак өскөн кең талаага кар лапылдап жаап турат. Жааган кар жерди да, чөптү да басып калган. Үй да, дарак да жок. Ал талаада суук жана жалгыздык өкүм сүрүп турду, бирок жылуу төшөгүндө жаткан Санкичи муну сезген жок. 

Кышкы пейзаж бар эле, өзү жок. “Кайда барам, кимди көрөм?” – деп өзүнө суроо салды Санкичи, бул суроо жаап жаткан кардын эрки менен пайда болгон.

Эл жок ээн талаа – асмандан жааган кар. Анан бул талаа эрип, тоолорго айланды. Тоонун чокулары анын көз алдында көтөрүлүп, алардын этегинде кичинекей дарыя көрүндү. Дарыя ордунда акпай токтоп калгансыйт, бирок чындыгында суулар шоокумсуз, жай агып жаткан. Муну тоонун боорунан дарыяга түшкөн тоголоктошкон кардын агып баратканы тастыктап турду. Кар жээктеги ташка урунуп, эрип кетти. Аңгыча, кристаллдай жалтыраган тоонун чокусунда Салкитинин атасы пайда болду. Анын колунда Санкити бар эле. Ал үч-төрт жашта болчу.

“Ата, этият бол – аска абдан бийик, таштар – курч. Буттарың тытылды го?”

Салкити элүү төрт жашта эле. Мейманкана бөлмөсүнүн төшөгүндө жатып, атасы менен сүйлөшүп жатты. Кар жаап жатты.

Асманга көтөрүлгөн, тикчийген курч кристаллдар таманын тилип жатты. Санкитинин эскертүүсүн уккан атасы оңдонуп, этияттап басууга аракет кылды, ошондо дагы бир кар бөлүгү аскадан кулап, дарыяга учуп түштү. Атасы Санкитини мурдагыдан да бекем кучактады.

“Бул кар деле дарыяны басып кала албаганы кызык”, – деди атасы. Атасынын башын, ийиндерин, Санкитини кучактаган колдорун ак кар басыптыр.

Ошол кезде дубалдагы кар дарыяны бойлой жогору жылды. Эми кар тоодогу Көлдүн үстүнө жаап турду. Бирок андан чыккан суу өтө эле чоң эле. Батыш жээктен алыстаган сайын ак кар пиондору боз түскө өтүп, булутка айланып кетти. Аркы өйүздөгү жээк анча байкалган жок.

Санкити кээ бир кар бүртүкчөлөрү сууга жетип, анда эрип кеткенин көрдү. Аңгыча ал экинчи жээктеги бир кыймылды байкады. Аны көздөй бозоргон асманда бир нерсе сүзүп келе жаткан. Бул канаттуулардын тобу эле. Канаттуулардын аппак болгон чоң канаттары бар экен. Канаттары кардан өсүп чыккандай. Канаттуулар Санкитинин көз алдынан учуп өтүп кетишти, бирок кагылган канаттарынын добушу угулган жок. Канаттары жайылган, бирок эч кандай үн жок. Же бул канаттууларды кар алып келатабы?

Санкити канаттууларды санап көрүүгө аракет кылды. Канча? Жетиби? Он бирби? Санкити аларды санап чыга албаганына кейибеди. Тескерисинче, ал кубанды. “Булар кайсы канаттуулар? Канча?”

“Мен эч кандай канаттуу эмесмин. Канаттарымдагыларды көрбөйсүңбү?”

“Эми түшүнүктүү болду”, – деп жооп берди Санкити.

Кардан учуп чыккан канаттуулардын канаттарында Санкитини сүйгөн аялдар отурушкан. Алардын кимиси Санкити менен сүйлөштү эле?

Кар жараткан элес Санкитиге өзүн сүйгөн адамдарды каалаган учурунда чакырууга мүмкүнчүлүк берчү.

Жаңы жылдын биринчи күнүнүн кечинен үчүнчү январдын таңына чейин Санкити “Элестер” мейманканасынын “Кар бөлмөсүндө” жатты. Пардалар – тартылган, тамакты бөлмөгө алып келишет. Ал келгенден бери төшөктөн тура элек. Ал бул жерге өзүн сүйгөн адамдарды көрүш үчүн келген.

1964

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Автор

  • Жазуучу, котормочу. “Улуу Жантай санжырасы”, “Эрмектеп тапкан эмгегим” деген чыгармалары, “Абай Кунанбаевдин “Жүрөктү агарткан кара сөздөр”, Мухтар Ауэзовтун “Дүрбөлөң заман”, Салтыков-Щедриндин “Абийир жоголду” деген чыгармалардын котормолору китеп болуп басылып чыккан.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген