Жарты көчө

Биринчилерден баа бериңиз!

(аңгеме)

Таң саарлап Жусуп адатынча жарты көчөнүн башындагы үйүнөн чыгып таягын таянып, сылтып басып дөңгөчкө келип көчүк басты. Жусуп кызык адам. Боорукерлиги да бөтөнчө. Буту ооруйт. Оң ыптасына сылтып басканы ошондон. Алыс-жуукка өзү чыга албайт. Жубайы Авазкан кашында турганда дүйнөсү түгөл жүрүп, жалгыздыктын азабын мынчалык тартпас эле… Авазкандын бу дүйнөнү таштап кеткенине беш жылдын жүзү болду. Кээде жалгыздык жанга батканда үйүнө батпай басып калат же дароо көчөгө чыгат. Көчөдө өткөн-кеткендер менен кобурашса маанайы бир аз көтөрүлөт. Буту оорубаса тиричилик менен алаксымак. Жубайы Авазкан экөө бир уул, бир кызды чоңойтушту. Кызы турмушка чыгып өзү менен өзү. Уулу Бектен көп болду, шаарда жашайт. Үй-жайлуу. “Сизди да алып кетейин, жалгыз кантип жашайсыз, бутуңуз да ооруйт” десе эч ынабай койгон. Ал үйүн, жарты көчөсүн, бир туугандай болуп калган коңшуларын кыя албады. Анын үстүнө кошуналары да “Карыганда шаарга көнмөк беле. Калган өмүрүн бул жакта өткөрсүн. Биз каралашып турабыз” деп уулу Бектенди ынандырышкан. Ошол күндөн бери жарты көчөнүн тургундары Жусуптун кем-карчысына жардам берип келишет.

Жусуп кошуналарына ыраазы. Мал-жанын тоого айдагандар да, районго, шаарга жөнөгөндөр да дөңгөчтө былк этпей отурган Жусуптан кыя өтпөй учурашып өтүшөт. Аны жарты көчөнүн тургундары “биздин радио” деп коюшат. Анткени, Жусуп айылдагы бардык жаңылыктан кабардар. Районго каттаган коңшу-колоңу Жусуптун кем-карчын сурап, эмне керек болсо ала келишет.

*   *   *

Жарты көчө дегенибиз, чоң айылдын этегинде жайгашкан кыска көчө. Жарты көчөдөн кийин айыл жок. Ар жагы талаа-түз, андан ары тоо башталып кетет. Онго жетпеген үй-бүлө жашайт. Той-топур болобу, жамандык-жакшылыкта болобу бири-бири дегенде ичкен ашын коюп, ашыгып турушат. Бири отун-суусун даярдап, бири казанын асып, дагы бири этин бышырып, жумуштар өзүнөн-өзү бүтө берет. Кошуна айылдыктар жарты көчөнүн тургундарына суктанып калышат. Анан дагы жарты көчөдө кызык окуялар көп. Ушу жазда кошуналар Жусупту үйлөндүрөбүз деп чыгышты. Беш жылдан бери Жусуп жалгыз. Дайыма дөңгөчтө соксоюп жалгыз отурганы отурган. Кантсе да ысык жан. Бир башын эки кылып коёлу дешкен алардыкы да туура. Акыры ары кетип, бери кетип кеңешип, Жусупту ылдыйкы айылдагы жесир Бакия менен тааныштырып, жылдыздары төп келип калса, баш коштуруп коюуну туура көрүшкөн. “Оокатка тың дешет. Балдары үйлөнүп, жайланып алышкан. Бир небересин алып калган дейт. Ал деле ушул жайда мектепти бүтүп, шаарга, окууга кетет имиш. Экөө баш кошуп калса чайы кайналуу, тамагы бышылуу, бири-бирине эрмек болуп жашай беришет” деп Салкын эне биринчи укканда эле макул болгон. Бул тууралуу жакын коңшусу Абил жубайы экөө келип Жусупка айтканда, “мендей ишке жарабаган аксак немеге ким тиймек эле” деп, караманча каршы чыккан. Абил ага болбой эле Бакия эже менен “свидания” кылабыз деп кудуңдап, жолугушчу күндү да белгилеп койгон. Кызыктын баары ошондо башталган. Жусуптун барбайм деп көгөргөнүчү. Оолугуп алган Абил ага көнөбү. Жусуптун көптөн бери кийиле элек костюм-шымын алып чыгып, “Жусуп аке, ушу костюм-шымды кийип Бакия эженин алдынан чыксаңыз, сиздики дей бериңиз” деп боору эзилгенче күлгөн. Жусуп аны угуп андан бешбетер арданган. Бир күнү болбой эле экөөнү жолуктуруп тынышты.

Бакияныкына үчөө ээрчишип киришти. Мурдатан айтылганга үй ээси дасторкон жайып жакшы тосуп алды. Бир аз отургандан кийин – шашпай сүйлөшкүлө, биз тоскоол болбойлу сөзүңөргө, – деп Абил жубайы менен эшикке жөнөп калды.

– Ии, Жусуп аке, “свидания” кандай болду? Бакия эже көңүлүңүзгө туура келдиби? – деди көчө бойлоп ойлуу баскан Жусупту утурлай тосуп чыккан Абил.

– Жакшы аял экен. Сүйлөгөнү орду менен. Көрүшүп эле жүрүппүз. Түзүк эми, – деп койду Жусуп. Бир аз тартынып, жакты деп айтканга даабай турду.

– Көңүлүңүзгө туура келдиби? Ошону айтыңызчы, – деп кайталап сурап жиберди Абил.

– Болот, болчудай, – деп башын ийкегилеп койду Жусуп.

– Ап-п, бали! Буюрса, жарты көчөдө той болот экен да. Жусуп аке, келе колуңузду! – деп Абил Жусуптун колун бекем кысып, силкилдетип жандай басты.

*   *   *

Бүгүн жума. Жарты көчөдө жашагандар жума намазын окуганы жашы-карысы дебей мечитке жөнөдү. Жусуп да эрте менен дааратын алып, бирөө-жарым унаасы менен мечитти көздөй кетсе, кошо ала кетеби деп жолго чыккан. Дөңгөчтө отурган Жусуптун жанына бир унаа келип токтоду.

– Ассалоому алейкум! Жусуп аке, тынчсызбы?! – деди унаадан шашып түшкөн жигит.

– Ваалейкум ассалам! Тынччылык, тынччылык, иним, – деди Жусуп учурашкан баланын ким экенин тааныбай.

– Мен Ынтымакмын, Карыбектин уулу! Жаш жигит Жусуп менен кош колдоп учурашты.

– Осмонов Карыбектинби? – деп шаарга көчүп кеткен жарты көчөнүн этегинде жашачу Карыбекти эстеди.

– Чоң жигит болуп калган турбайсыңбы. Бектен экөөңөр бала кезде көчөнүн чаңын асманга сапырып жүрчү элеңер. Атаң, апаңдар жүрүшөбү? – деди Жусуп.

– Жакшы эле. Сизге атам салам айтты. Буюрса, келип учурашып кетем деген.

– Аа, түзүк. Аманчылык болсо келээр…

– Атам айылга барып, бирар жума үйдүн короосун тазалап, айыл-апа менен учураша кел деп жиберди, – деди Ынтымак.

– Туура, ата жайды кароосуз калтырган болбойт. Анда-санда келип кабар алып тур. Азыр баары шаарга качып калды. Канча үй кулпуланып, кароосуз турат. Жусуп үшкүрүнүп койду. Ынтымак өзүн күнөөлүү сезгендей башын жерге салды.

– Шаарга жөнөдүңбү? Мени мечитке таштай кет, – деди Жусуп.

– Мен дагы жума намазга жөнөдүм эле. Келиңиз, отуруңуз, – деп Ынтымак унаасынын эшигин ачты.

*   *   *

Жарты көчөнүн чаңын сапырып, ар бир үйдүн эшигин каккылап “Айтмамат ата үйүнө ооз ачарга чакырып жатат” деп жети-сегиз жашар бала жүгүрүп жүрдү. Дөңгөчтө отурган Жусуптун жанына энтиге чуркап келди.

– Ассалоому алейкум, Жусуп ата! – деп салам берип анан өйдө-ылдый карап айтаар сөзүн унутуп калгандай туруп калды.

– Кимдин уулусуң? Атыңды айтчы?! – деп алик алган Жусуп баланы өзүнө имерди.

– Эме.., тиги.., сизди… Айтмамат атанын үйүнө ооз ачарга келиңиз, – деди да Жусуптун жообун күтпөй эле андан ары жүгүрдү.

– Макул, барам, айланайын. Өмүрүң узун болсун! Баланы алкаган Жусуп артынан узата карап калды. Айтмамат атанын үйүнө кошуналар чогула баштады. Жусуп дагы катардан калбай келип, бирок кепке аралашпай четирээк жерден орун алды.

– Менде жакшы жаңылык бар, туугандар, буюрса орозо бүтөөрү менен уулумду үйлөсөмбү деп атам, – деди бакылдаган Керимбек.

– Оо, болсун! Болсун! Той болот турбайбы, – дешип отургандар коштоп кетишти.

– Мен дагы кызымды узатам го ушул айда, – деди ага удаалаш отурган Садыр аба кубанычын жашыра албай. Акыркы учурда Жусуптун элге көп аралашпай өзүнчө отуруп калганына Айтмамат ата кыжаалат окшойт.

– Ай, Жусуп балам, келчи жаныма! – деди Айтмамат ата. Жусуп ордунан туруп Айтмамат атанын кашына келип отурду.

– Балам, сен антип кысына бербе. Биз бир элбиз. Бири-бирибизге азыр жардам бербегенде качан жардам беребиз. Сен убагында бизге көп эле кызматыңды кылдың. Көчөнүн иши чыкканда ичкен ашыңды таштай салып келгениңди мында отурган кошуналардын баары билет. Башыңды бийик тут. Биздин арабызда күлүп-жайнап жүргүн, – деди Айтмамат ата Жусуптун колун кысып. Ал башын ийкегилеп, аксакалдын колун коё бербей толкунданып кеткени тамылжыган жүзүнөн көрүнүп турду.

– Келгиле, кошуналар, бир азга көңүл буруп койгула, – деди Айтмамат аксакал баарына угуза айтты. Отургандар аксакалды жабыла карап калышты.

– Ушул ыйык орозо айында жарты көчөнүн тургундары үчүн дагы бир жакшы жаңылык болгону турат. Биздин Жусуп уулубуздун башына баш кошулуп, бизди келиндүү кылганы турат. Алакан жайып батабызды берели. Аңгыча “Бакияны чакыргыла” деп калды отургандар. Ашканада жардамдашып жүргөн Бакия аста басып Жусуптун жанына келип отурду.

– Оомийин, Жусуп балам, Бакия экөөңөр бири-бириңерге өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болгула. Тең арып, тең карыгыла. Кошуналар менен сыйлашып өткүлө. Бактылуу болгула, айланайындар! – деп Айтмамат ата батасын берди. Көп өтпөй Качкын аксакал да кирип келди. Баары ордуларынан туруп, төргө өткөрүштү.

– Амансыңарбы, айланайындар! – деп Качкын аксакал төрдөн орун алды.

– Тополоң жок го. Айтылды беле? Эй бала, Тополоң атаңа ооз ачарга – иптарга келиңиз деп айттың беле? Айтмамат ата “ф” тамгасына тили келбей иптар деди.

– Ооба, айткам, райондо жумуштарым бар, тез эле барып келем деген эле, – деди улагада мурдун шуу тартып отурган баягы тестиер бала.

– Кана? Жок го, эмдигиче!

– Айткам аба, айткам, өлүп кетейин, – деп бармагын мойнунун астынан бир айландырып жиберди бала. Бул мен калп айткан жокмун дегени эле.

– Бул чунактын кылган кылыгын кара, – деп Керимбек аксакал бырс күлдү. Аңгыча Тополоң аксакал да кирип келди.

– Мени күтүп калдыңарбы? Кармалып калбадымбы, – деди кечиккенине ыңгайсызданып.

– Келиңиз, келиңиз, төргө өтүңүз – деп бир-экөө ордуларынан тура калышты. Тополоң ата аксакалдардын катарынан орун алды. Айтмамат ата саатын карап, ооз ачаар болуп калыптыр деп, дуба кылмакка алаканын жайды. “Оомийин, Жараткан элибизге, жерибизге тынчтык бер! Күтүлбөй келген балээ-кырсыктан сактагын! Ырыскыбызды адалдан табууну насип кылгының! Бөлүнүп жарылуудан өзүң сактап, ынтымагыбызды бекем кыла көр! Баштан аяк билип-билбей кетирген күнөөлөрүбүздү кечирип, кармаган орозобузду кабыл кыла көр”, – деп бата тартты. Баары тиленген ак батанын соңунан жүзүн сылап, бата кылышты. Ооз ачылды. Тамак тартылды.

*   *   *

Дайыма жарты көчөнүн башында дөңгөчтө отурчу Жусуп кийинки күндөрү көрүнбөй калды. Ынтымак Жусуптун каалгасын какты.

– Оо, Жусуп аке, тынчсызбы?

– Ынтымаксыңбы, жакшы балам.

– Жусуп аке, менин жумуштарым буюрса бүтүп калды. Эртең шаарга чыгып атам. Атайын сизге келдим. Менден кандай жардам керек болсо айтыңыз, – деди Ынтымак.

– Балам Бектен мага акча салмак. Районго барып банктан алышым керек эле, – деди Жусуп.

– Анда эртең даяр туруңуз, сизди районго ала кетейин.

– Ии, жакшы болбодубу. Кантип барам деп камтама болуп аттым эле, – деп сүйүнүп кетти Жусуп. Экөө бир топ сүйлөшүп отурушкандан кийин Ынтымак саатына карап, ордунан турду.

– Мен барайын, Жусуп аке. Бир аз жумушум калган, кеч киргенге чейин бүтүрө салайын. Эрте менен даяр туруңуз, Жусуп аке, келип алып кетем! – деди батып бараткан күндүн нурунан көзүн калкалаган Ынтымак…

*   *   *

Талаага уйларын айдап өтүп бара жаткан эки киши жарты көчөнүн жанынан өтүп баратып;

– Жусуп аке көрүнбөйт го? Анда-санда жанына барып кобурашып калчу элем. Жаңылыктарды радиодой эле сайрап берчү. Жаңылыктан да артта калдык, – деди Асылбек бош турган дөңгөчтү үмүтсүз карап.

– Уккан эмес белең?

– Ии, эмнени?

– Жусуп аке кемпир алган.

– Оо, болсун, болсун! Качан?

– Бир жумадай болуп калды… Ал азыр үйүндө ысык чайды демдетип алып, жаңылыктарды кемпирине сайрап берип отурат, – деп каткырды Базарбай…

*   *   *

Ошондон бери жарты көчөнүн башындагы дөңгөч жалгыз…

Автор

  • Аңгемелери орус, казак тилиндеги альманах, жыйнактарда басылып чыккан. 2025-жылы «Киндик эне» аңгемелер жыйнагы жарык көргөн.

    Авторго колдоо көрсөткүсү келгендерге:

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген