Кармашкан колдор
Кармашкан колдор кан жүгүртүп сезимге,
Айттырбай билип, жүрөгүң кетип эзиле.
Акырын сүйлөп, азгырса ыйык көз караш,
Ашыктык оту айланып күүгө чертилсе.
Адашпай колдор кайрадан чогуу бириксе,
Акылдан тайбай, урушпай сезим ийилсе.
Ар күнү таңда жүзүңдү көрүп апаппак,
Ашыктык оту айланып күүгө чертилсе.
Карачы мага, каректер кетсин жалжылдап,
Караган сайын жүрөккө канжар малынат.
Канткенде эми кайрадан колдор кармашып,
Алоолоп күйгөн сезимдер оттой жалындап.

