| |

Иран акыны Форуг Фаррохзаддын ырларынан

5/5 - (1 добуш)

Котормочудан:

Иран акыны Форуг Фаррохзаддан үйрөнө турган нерсе көп. Отуз эки гана жыл жашап, анын 12 жылын чыгармачылыкка арнап, дүйнөгө таанылууга жетишкен. Кыска өмүрүндө бул акын беш ыр жыйнагын чыгарып, европалык акындарды которуп, бир нече тасма да тартып, өзүн сүрөтчү катары да көрсөтө алган.

Өмүр жолуна кайрылсак, Форуг Фаррохзад 1935-жылы Тегеранда полковниктин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Иран жазуучусу Парвиз Шапурга турмушка чыккан. Анда Камяр аттуу уулун тапкан. 

Күйөөсүнөн ажырашканда, карачечекей уулунан да кол үзүүгө аргасыз болгон. Ошондо аялзатынын, айрыкча, чыгыш аялынын укугу чектелген тагдырына жаны ачып, төгүлүп күйүп ыр жазган. Ошондогу ырлары биринин артынан бири жарык көргөн «Туткун» (1955), «Дубал» (1956) жана «Көтөрүлүш» (1958) деген китептеринде жарык көргөн. Албетте, аял тагдырынын ачуу чындыгын жетер жерине жеткизе жазган ыр китептери иран коомчулугунда катуу сынга кабылган. Муну менен ал эң көп окулган Ирандагы атактуу акынга айланган.  

Кийинчерээк 1963-жылы жарык көргөн “Жаңыдан жаралуу” китеби анын тагдырындагы чоң бурулуш болот. Чын эле бул ыр китеби менен Форуг Фаррохзад акын катары өзүн кайра жараткан. Дүйнөгө да ушул китеби менен кеңири таанылууга жетишкен.

Форуг Фаррохзад 32 жашында, жаштык менен атак-даңктын туу чокусунда турганда, автокырсыктан каза болгон. 

Гүлзада СТАНАЛИЕВА

Ашыктык ыры

Түнүм – шөкөт, сени көрүп түшүмдө
жытыңды искеп толо түшөт көкүрөк.
көргөнүмдө көз кубанып көркүңө,
капам тарап, бир зор бакыт төгүлөт,
жамгыр сымал жердин бетин сугарган,
сен жашоомду арууланттың, садагам.

Жүрөгүсүң согуп турган денимдин
күйгөн отсуң кирпигиме чагылган,
жер энеден алда канча мартсың да,
жемиштүүсүң түр мөмөнүн багынан.
шек-күмөндүн жолун тороп, садагам,
күнгө ачылган ак туткалуу каалгасың,
сен турганда, дарт тоорубайт алдыман.
бир оорусам – таалайыма ооруурмун… 
сыздайт жүрөк, жарык бүркүп чачырап,
өмүр деми кабырлардан угулат,
сенин көзүң – жайыт мага, садагам,
каректериң чөгөт терең көзүмө,
жолуктурсам эмне сени мурдараак,
колум сунмак эмес элем өзгөгө,
күйүт болду эс тандырган жан кумар,
аргам куруп, илкип чөгүп келдим мен
карөзгөйгө жөлөп кайран башымды,
жектөө уусу терең батып көөдөнгө,
жылуу колдор жылан салып койнума,
дос дегендер бычак сайып жонума,
алдамчыга тыйынымды карматып,
базарларда баш айланып адашып. 

садагам, сен өмүрүмө дем болдуң,
кайтара алдың шум ажалдын жолунан.
жылдыз сымал жанып-учуп сызылып,
көз тайгылткан көктөн түшүп келдиң сен,
кучагыңдын кумарына көшүлтүп, 
о ашыгым, жалгыздыгым жеңдиң сен,
дайра болдуң соолуп турган сайыма
агым болдуң какшып калган тамырга.
муздак тарткан үңүрөйгөн дүйнөдө
изиңди кууп түштүм сенин жолуңа.

деним менен бирге бүткөн жанымсың,
дирилдейсиң ар бир алган демимде.
сеңселет чач, о ашыгым, колуңда
сени эңсеп жүзүм күйүп албырат.
көйнөгүмө жат болгонсуп сезилип,
а денеме небак жытың сиңишкен.

күн чыгышсың кызгылт тартып азгырган,
аптабысың деми таптуу түштүктүн,
таңдан аруу, агын суудан сергексиң,
жазда арыгы талааларга бурулган.
Сүйүү… анан эстен тануу тунарып,
күйгөн шамдай жыжырттыкта мунарык.

тутангандан бери ушул махабат,
кумар куса бүтүн ээлеп дээримди 
мен өзүмдү, өзүмдү түк жоготтум. 
буга чейин кантип жашап келгемин.
эриндерим – ыйык сага өбүлгөн,
эриндериң учат менин көзүмдөн.  

жанды эритип-элжиреткен лаззатым,
денеңди мен көйнөгүмдөй жамындым.
о мен азыр бүчүр сымал жанамын,
көз ирмемге кейиш тартып рахатым.
о мен азыр атып туруп, тикемен
булуттардай төгүп ием көз жашым.

жүрөк дарты козголгонсуп не ырбайт?
ибадатта арфа күүсү не сыздайт?
кең мейкиндик – күүлөнөм да, талпынам.    
бейпил түндө төгүлүп дил нени ырдайт?   

тиктегениң – бешик ыры сыңары 
тынчы кеткен наристени жоошуткан.
а илебиң – мемиреген абадай
дирилдесе, күйүтүмдөн арылам.
таңкы иңирде катып алып ууртума
магдыраймын мээримиңе, садагам.  

делебесин козгоп аруу ырымдын
саптарыма алоолонто от жактың.
жүрөгүмө салып сүйүү ышкысын,
жалыныңа тутандырып ыр таптым.

Нике шакеги

Кыткылыктап кыз сурады
Шакек жөнүн кызыга:
Күн көзүндөй жаркыраган
Куп келишкен асыл баа
Сыры эмнеде бул шакектин
Оролгон бек манжама? 

Аң-таң карап эркек айтты:
Билбейсиңби бул шакек –
жашоо менен зор бакыттын
энчисине бүткөн шерт. 

Тургандар да жабалактап:
“Бак берсин!” – деп алкашты.
“Түбөлүктүү болгой эле
Силер айткан бул бактым”.   

Жылдар өттү, суулар акты. 

Караса эле бир күнү
Байкуш аял шакегинен
Көрдү өлгөн күндөрүн
Өткөн жалаң күтүү менен
Билбей жардын кадырын,
Ар этекке көзүн арткан
Күйөө сөрөй жакынын.

Муңканды аял, мууну бошоп:
Көрсө, колго оролгон
Жаркыраган шакек эмес,
Тузак тура кордогон,
Тузак тура күңдөй камап,
гүл өмүрүн тордогон.

Козголоң 

Тыйба болду оозумду жаап,
Салам сага козголоң.
Ыргыт нары тузагыңды
Жүрөгүмдү тордогон.  

Ташбоор элең, чыкчы бери,
Туткун кылып камаган.
Ач торуңду, зар кылдың го
Эркиндикке бир ууртам.

Көккө умтулган бир куш элем,
Кошок болду айтканым.
Кыял бойдон калды баары,
Көрчү өксүп жатканым. 

“Үнүңдү бас” дебе эми, мөөр баспагын ууртума,
Жар салат деп арыз-муңун жүрөгүмдү булкуба.
Билишсин бүт кандай күндү, кай тагдырды тартканым,
Куйкаланып түгөнгөнүм от калаган жолуңда. 

Чеңгелиңден бошоноюн,
Күүлөнөйүн, ырдайын.
Шай кылайын, жай кылайын
Кайран өмүр гүлбагын. 

Которгон Гүлзада СТАНАЛИЕВА

Автор

  • Акын, жазуучу, филология илимдеринин кандидаты, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин доценти.

    “Иңир” (2023) аттуу поэтикалык жыйнактын, бир катар аңгемелердин, ошондой эле 4 илимий китептин, 2 окуу китебинин, 40тан ашуун илимий жана публицистикалык макалалардын автору жана 3 окуу-методикалык эмгектин авторлошу. ILHAM.KG адабий-музыкалык ютуб каналында кыргыз адабиятынан жана дүйнөлүк адабияттан ырларды жана кара сөз түрүндөгү чыгармаларды көркөм окуп, аудиокитептердин топтомун даярдап, угармандарга тартуулап келет.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген