Бул автобус дале эсимде
(эссе)
Канчанчы жылдар экени так эсимде жок болсо да, бул СССР автобусуна түшкөндөрүм анык эсимде.
Ал убакта азыркындай машинелер жок, жол тыгыны жок, тек гана кызыл, көк, сары түстөгү автобустар каттачу.
Бала кезибизде апам ар жумада Өзбекстандын Пахта-Абад районуна базарга ээрчитип барчу.
Ошол мезгилдерде чек аралар да ачык болгон экен. Биздин Базар-Коргон райондон, Пахта-Абад районуна автобус каттайт болчу.
Ал убакта жалаң базар күндөрү гана адамдар базарга көп барар эле. Аялдамага чыгып барганда адамдар аябай көп болуп, автобус келгенде баары чуркап, чыкканга шашат, батпай калганы кезектеги келе турган автобусту күтөр эле.
Ошондой тыгын автобуска бизди жетелеп апам түшүрүп, бирок адам көп болгондуктан тыгылып, ортодо кысылган бойдон жөнөйт элек.
Сырттан:
– Ай, жылбайсыңарбы! – ары сүрүлгүлө, биз батпай атабыз!
– Ии, жылгыла, жы-ыл! – деген адамдардын сөздөрү кулакка жаңырып турат.
Биз болсо ортодо, эч жак көрүнбөйт, улуу адамдар терезелерин тосуп калчу.
Асманды карасаң кичине жарык көрүнөт, биз улуу адамдардын арасында кысылып, ошолордун этегин кармап кетээр элек.
Качан базарга жеткенде түшүп, апабызды таап алат элек.
Базарда коон-дарбыздар саткан жакка ээрчитип барып, ошол жерден союлган коондон бир тиликтен апам алып берчү.
– Келгиле, бул четке олтуруп жеп алалы! – деп апам коондор жабылган пакалдын четине олтургузуп, биз ошол жерде жеп алат элек. Коондор аябай чоң, упузун болчу. Бышкан нокот да алып берчү, аны оролгон кагазга салып, үстүнө кызылдан сээп берет, аны колго кармап жеп, апамды ээрчип жүрөт элек.
Базарга эмнеге барганыбыз, эмне сатып алганыбыз анык эсимде жок. Бирок эсимде калганы ушулар болду.
