| |

Атак даңк кууп акын-жазуучу болгондор

Биринчилерден баа бериңиз!

Редакциядан:
Адабий сын-материалдары менен белгилүү Бахпурбек Аленов өзүнүн фейсбук баракчасында акыркы мезгилде адабий чөйрөдө жылдыздай жарк деп жанып, ысымы көбүрөөк атала баштаган, сайтыбыздын активдүү авторлорунун бири, “Жаз” темасындагы бир ыр сынагыбыздын жеңүүчүсү Айгүл Молдокулованын (макалада Айгүл Белековна) чыгармачылыгы тууралуу кенен макала жарыялаптыр. Ал макала менен сайтыбызда бөлүшүүнү туура көрдүк.

Азыркы маданий мейкиндикте кээ бир чыгармачыл инсандар үчүн сыйлык, наам, статус – чыгармачылыктын руханий баалуулугу эмес, тескерисинче, анын жеке кызыкчылыгына, пендечилик мансабына кызмат кылуучу инструментке айланып баратканы жашыруун болбой келүүдө. Инструментке айланган көркөм чыгармалардагы тексттин ички зарылдыгы, эстетикалык агартуучулугу акырындап экинчи планга сүрүлүп, чыгарма “окулуп, айтылып, талкууланып, тарбиялык багыт берүү үчүн эмес”, “автор өзүн даңазалоо үчүн” колдонула баштаганы окурман журтунун арасында ачык сөз боло баштады. Мындай көрүнүш адабият теориясында “чыгармачылыктын инструменталдашуу ыкмасы” деп мүнөздөлүп келет.

Чыныгы көркөм ой жүгүртүүдө, сыйлык же таанылуу – бул окурман тарабынан берилген элдик наам болушу кажет. XX кылымдагы эң таасирдүү философ – ойчулдардын бири Жан-Поль Сартр 1964-жылы берилген Нобель сыйлыгынан өз ыктыяры менен баш тартканда, “искусство адамдын ички эркиндигине баш ийиши керек” – деген позициясын ачык билдиргени дүйнө коомчулугунун арасында кеңири айтылып жүрөт. Бул радикалдуу мисал эмес, бирок маанилүү символ. Анткени чыгармачылык тышкы сыйлыкка эмес, ички зарылдыкка таянышы керек экенин адабият таануу илими жалпы адамзатка окутуп келе жатканын ким тана алат?!

Эгер чыгармачылык “рыноктук же символдук капиталга” гана байланып калса, анда тексттин өзөгү, адамдын тагдыры, ички чындыгы, руханий чыңалуусу акырындап барып өчүп кетүүсү мүмкүн. Андай учурда адабият – руханий ой жараткан мейкиндикке эмес, атаандаштык аянтчасына айланып кетет. Ошондуктан ар бир доордун адабияты үчүн негизги суроо: “Чыгарма эмнеге жазылды? Табийгый кырдаалдан келип чыккан зарылдыкпы? Же сырттан атайын кызыктар тарап уюштуруп берип, даяр жообу кезек күтүүдө турган суроого берилүүчү жооппу?” – деген бойдон калуусу кажет. Чыныгы адабият дал ушул суроолордун чек арасында талданып, тандалууга тийиш.

Кесиптешим, таланттуу калемгер кыздарыбыздын сап башында келаткан Махабат Саидрахманова менен болгон күтүүсүз маектешүү бул макаланын жаралышына түрткү болду. Азыркы кыргыз адабиятынын багыты, көркөм ой жүгүртүүнүн абалы, окурман менен автордун ортосундагы байланыш тууралуу пикир алышып отуруп, ал мага Айгүл Белековнанын ырларына өзгөчө көңүл буруп, адабий талдоодон өткөрүүнү сунуштады. Азыркы кыргыз адабияты – ааламдашуу алкагындагы татаал бурулуш доордун ички үнүн, адамдын жан дүйнөсүндөгү жаракаларды, коомдук аң-сезимдеги өзгөрүүлөрдү терең чагылдырган көркөм мейкиндикке айланып бара жатканын жаңы жазылган чыгармалардан байкоого болот. Ушул контексттен алып караганда Айгүл Белековнанын поэзиясы да ошол мейкиндикке барып кошулганына күбө болдук.

Интернет айдыңындагы Фейсбук социалдык тармагынан Айгүл Белековнанын “Атакем тургузган ошол шаар”, “Жоолугумду бозортуп бүткөнүмсүң”, “Баягы аялдама” деген үч ырын окурман журтунун назарына таштап, алардын көркөм структурасы, образдык системасы менен философиялык мазмунун чогуу талдап көрүүнү туура көрдүк. Автордун аталган чыгармаларында жеке адамдын тагдыры менен жалпы коомдун абалы өз ара жуурулушуп, поэтикалык текст аркылуу мезгилдин драмасы ачылганын көрүүгө болот. Автордун “Атакем тургузган ошол шаар” ырында өткөн менен азыркынын ортосундагы ажырым, ата мурасына болгон ностальгия жана руханий жактан алыстоо, жат адам болуу темасы көтөрүлсө, “Жоолугумду бозортуп бүткөнүмсүң” ырында сүйүүнүн ички драмасы, сезимдин кыйратуучу күчү менен адамдын өзүн-өзү аңдоо процесси көркөм чагылдырылат. “Баягы аялдама” ыры социалдык-философиялык мазмуну менен айырмаланып, коомдук аң-сезимдеги багытсыздык, абсурд, үмүт менен үмүтсүздүктүн карама-каршылыгы символдук образдар аркылуу берилет. Мен Айгүл айымдын “Атакем тургузган ошол шаар” ырын окуп мындай пикир айттым:

I ЫР:

“АТАКЕМ ТУРГУЗГАН ОШОЛ ШААР…”

Атакем тургузган ошол шаар…
Керемет кези экен жомоктун,
Астыртан баш ийкеп узатаар,
Азыр мен ал үйгө конокмун.

Атамдын тургузган тереги,
Арманын обонго салгансыйт,
Шаарынан шаң күлкү угулбай,
Шаабайы салкындап калгансыйт.

Ийленип, кызарган токочтун,
Илебин сагынган кемеге,
Жоолугун аймалап түтүнү,
Ишарат кылчу эле энеме.

Асмандап тосулган короолор,
Ал шаарды койнуна жашырып,
Жомоктой дүйнөңдү кургун деп,
Жолдору узатат ашыгып.

– Бул ырды – ностальгиялык реквием, жеке тагдыр менен коомдук өзгөрүүнүн кесилишиндеги көркөм текст деп айтууга болот. Автор лирикалык каармандын «мени» аркылуу ата мурасына болгон мамилени, убакыттын өтүшүн, руханий ажырымды чебер сүрөттөп берген. Бул ырда биринчи строфадан баштап эле «Атакем тургузган ошол шаар» деген сап – жөн гана географиялык мейкиндик эмес, ата-эне түптөп кеткен ааламдын символу. Бирок парадоксалдуу түрдө, ошол шаарга кайтып келген лирикалык субъект өзүн «конок» катары, жат адамдай сезет. Бул – экзистенциалдык четтөө, өз үйүндө бөтөн болуу феномени. Адамдын өз жашоосуна, айлана-чөйрөсүнө, коомго же өзү жашап жаткан дүйнөгө убакыттын өтүшү менен жат болуп калышы. Башкача айтканда, “мен эми бул жерге таандык эмесмин”, “чыккан кыз чийден тышкары” – деген терең филасофиялык сезим…” десем, Махабат Саидрахманова мындай деп андан ары сөздү улады: 

– Эгер адам физикалык жактан ушул дүйнөдө жашап, бирок руханий жактан ага тиешеси жоктой сезилсе – бул түшүнүк – экзистенциализм философиясы. Мындай философиялык түшүнүк Жан-Поль Сартр, Альбер Камю сыяктуу дүйнөлүк алкактагы философ-ойчулдардын эмгектеринде кеңири чагылдырылган. XX кылымдагы эң таасирдүү философ-ойчул, экзистенциализмдин негизги өкүлдөрүнүн бири 1905-жылы Парижде туулуп, 75 жашында дүйнөдөн өткөн жазуучу, драматург, Жан-Поль Сартр – адамзаттын эркиндиги, жоопкерчилиги, жашоонун мааниси тууралуу радикалдуу идеяларды дүйнө коомчулугуна сунуштаганын окурман журту жакшы билет.

Ал эми ХХ кылымдагы дүйнөлүк адабият менен философиянын таасирдүү өкүлү, 1913-жылы Африканын эң чоң өлкөлөрүнүн бири, Жер Ортолук деңизинин жээгинде жайгашкан, тарыхы, маданияты өтө бай мамлекет – Алжирде туулуп, 47 жашында дүйнөдөн өткөн Альбер Камю да өз чыгармаларында экзистенциализм философиясын жеткиликтүү чагылдырганы айтылып келет. Альбер Камю 1957-жылы адабият боюнча Нобель сыйлыгын алган. Ал “адам баласынын жашоосунун мааниси абсурд” – деп, эркиндик тууралуу терең ой жүгүртүп, бул темаларды көркөм чыгармалар аркылуу ачып бергени маалым. Абсурд деген эмне? Анын философиясында адам жашоодо маани-маңыз издей берет, бирок дүйнө ага жооп бербейт. Ушул карама-каршылыктын өзү – абсурд.

Жан-Поль Сартр менен Альбер Камю экөө тең адамдын жалгыздыгын, жашоонун көйгөй жараткан маселесин көтөргөнү менен, алардын жообу эки башка болгон. Жан-Поль Сартр, “адам толук эркин, өз жашоосунун маңызын өзү жаратат” – деп эсептеп, жоопкерчиликти биринчи орунга койгон. Ал эми Альбер Камю, дүйнө маани-маңызсыз – абсурд экенин айтып, ошого карабай жашоону улантууну – ички каршылыкты адамдык намыс катары түшүндүргөн. Демек, Жан-Поль Сартр үчүн негизги нерсе – тандоо менен жоопкерчилик. Ал эми Альбер Камю үчүн – абсурдду аңдап, билип туруп чегинбей жашоо болгон. Альбер Камюну дүйнө коомчулугу экзистенциализм менен байланыштыршат, бирок ал өзү, “мен экзистенциалист эмесмин” – деп айткан. Ошентсе да, анын идеялары Жан-Поль Сартр менен бир философиялык мейкиндикте каралып келет – деп өз оюн жыйынтыктады. Мен кол телефонуму ачып, андан Айгүл Белековнанын ырларын окуп, өз пикирими билдирдим:

– Айгүл Белековнанын ырларындагы жалгыздык, үмүтсүздүк, күтүү, ички боштук булардын баары Альбер Камюнун абсурд дүйнөсүнө жакын. Маселен, “Келген, күткөн, кеткендер…” Бул – мааниси белгисиз, кайталанган жашоо цикли Альбер Камюча айтканда – абсурд абал. Айгүл Белековнанын поэзиясында Жан-Поль Сартрдагыдай ачык эркиндик философиясы да, Альбер Камюдагыдай абсолюттук абсурд концепциясы да айкын айтылбаганы менен, экөөнүн ортосундагы лирикалык-экзистенциалдык синтез бир аз байкалат. Анын ырларында лирикалык каарман Жан-Поль Сартрча өз тагдырын сезет, жоопкерчилик менен жашайт, “конокмун” деп өзүнүн абсурд абалын Альбер Камюча аңдайт, ошол эле учурда дүйнөнүн муздап, мааниси жоголуп баратканын туюп, ичтен күйүп, бирок үмүттү толук жоготпойт. “Чырак кармаган аял…” образын караңыз. Айгүл Белековнанын чыгармаларында негизги өзөктүү тема – жоготуунун ичинде калып, бирок руханий жарыкты издеген адамдын жашоо элеси байкалат. Айгүл айымга бир аз гана атайын билим жетишпей тургандай. Эгер жакшылап окуп, дүйнөлүк адабиятты анализдеп, синтездесе, анда мыкты чыгармаларды жаратуу мүмкүнчүлүгү бар экен.

“Атакем тургузган ошол шаар” деген ырынын экинчи строфасында, “терек” – өзөктүк улануу, тамырлоо символу, “шаң күлкү угулбай…” – деген сап коомдук энергиянын өчүшү, “шаабайы салкындап калгансыйт…” – бул сап жандуулуктун муздашынан кабар берет. Бул жерде акын өзүнүн жеке жоготуусу менен бир доордун руханий кыйрашынын поэтикасын сүрөттөп бере алган. Үчүнчү строфадагы: “түтүн…” – үй-бүлөлүк жылуулуктун белгиси, “жоолук” – эне, салт, аялдык код. “Токочтун илеби…” – балалыктан калган эне азыгынын унутулгус даамы. Бул үч образ биригип, кыргыз этномаданий кодун түзүп турат. Акыркы строфада: “асмандап тосулган короолор…” – урбанизациядан, табийгый абалдан обочолонуудан кабар берет. “Жолдору узатат ашыгып…” – бул сап убакыттын кайтарылгыс агымын көрсөтөт. Жалпысынан, бул ыр – ата мурасынан ажырап бара жаткан кыз баланын ички трагедиясы, ал эми шаар – жоголгон гармониянын метафорасы. Экинчи ыры аялзатынын табиятына жакын экен. “Жоолугумду бозортуп бүткөнүмсүң” – деген ырын сиз талдап көрңүз, деп сөз кезегин кесиптешиме бердим. Махабат Саидрахманова ырды окуп:

II ЫР:

ЖООЛУГУМДУ БОЗОРТУП БҮТКӨНҮМСҮҢ

Алпурушуп сен деген сезим менен,
Ааламымда төңкөрүш уланууда,
Жашооң бүтөт сүйүүсүз, чыдагын деп,
Жан дүйнөмдө үмүтүм суранууда.

Чыдоонун да чегине жеткендеймин,
Чырмалышкан түйүндү чечкендеймин,
Чын сезимге ишенген жүрөгүмдү,
Чыркыратып, сыздатып эзгендеймин.

Жолуң карап күн сайын күткөнүңмүн,
Жоругуңа көнгөн да, түткөнүңмүн,
Жоодураган көзүмдөн жашым кургап,
Жоолугумду бозортуп бүткөнүмсүң.

– Бул ыр – жан дүйнөнүн терең, купуя катмарларын чагылдырган лириканын психологиялык белгиси. Мында сүйүү – кубаныч эмес, адам өз жашоосунун маанисин, максатын, ордун таба албай, ички боштук менен күмөндүн ортосунда калган абал катары берилген. Биринчи строфада, “сезим менен алпурушуу…” – ички күрөш, “ааламымда төңкөрүш…” – сүйүүнүн космостук масштабы, “сүйүүсүз жашоо бүтөт…” – бул адамдын жашоосундагы окуялар алдын ала Жараткан тарабынан жазылган, тагдырды өзгөртүү мүмкүн эмес, деген көз караш, трагедиялык фатализм. Бул жерде сүйүү – жашоонун маңызы, бирок ошол эле учурда азаптын булагы экени сүрөттөлөт.

Экинчи строфа: “чырмалышкан түйүн…” – психологиялык травма, “жүрөгүмдү эзгендеймин…” – өзүн-өзү кыйноо мотиви. Акын айым сүйүүнү сырттан келген күч эмес, адамдын өз ичиндеги кыйратуучу энергия катары сүрөттөгөн. Үчүнчү строфанын кульминациясы: “жоолугумду бозортуп…” – өтө күчтүү символ. Жоолук бул жерде аялдык абийирдин белгиси, сүйүүнүн күбөсү, кунарсыз жашоонун өңдөн азышы. Бул ыр – сүйүүнүн деструктивдүү табияты жөнүндө трагедиялык монолог иретинде берилген. Лирикалык каарман сүйүүдөн качпайт, тескерисинче, анын ичинде күйүп жок болуп баратканын көрсөтөт, деп баа берип, сөз кезегин мага узатты. Мен үчүнчү ырды окуп:

III ЫР:

БАЯГЫ АЯЛДАМА

Ал баягы аялдама,
Келген, күткөн, кеткендер,
Үйүлгөн топ үтүрөйгөн,
Үмүткө суу сепкендер.

Көз чаптырган көз айнектер,
Көрүнүшпөй күткөнү,
Түгөнбөгөн саздак жолдор,
Түпсүзбү дейм бүтпөдү.

Жоолашкандар жолду катар,
Жоголоор зат талашат,
Кыйшык эшек арабада,
Кыял ыйлап баратат.

Жолоочулар адашкандай,
Издеп таппай жарыкты,
Ооздугу жок оттогондор,
Отуз жылды карытты.

Аа баягы аялдама,
Боюнда бар бир айым,
Күтүп турат күн чыгышын,
Чырак кармап турайын.

– Бул ырды – күчтүү социалдык-философиялык метафора – деп айтууга болот. “Аялдама” жөн гана транспорт токтоп өтүүчү пункт эмес. Ал коомдук абалдын символу. Биринчи строфада: “келген, күткөн, кеткендер…” – бул сапта жашоонун циклдүүлүгү сүрөттөлөт. “Үмүткө суу сепкендер…” – көңүл калуу, өнүгүү токтоп, өзгөрүү болбой, бир калыпта туруп калган стагнациялык абал берилген. Экинчи строфа: “Көз чаптырган көз айнектер көрүнүшпөй күткөнү…” – чындыкты көрбөө, “саздак жолдор…” – өнүгүүнүн жоктугу, баткакка батуу мыкты чагылдырылган. Үчүнчү строфадан: “кыйшык эшек араба…” – артта калгандыктын белгиси, “кыял ыйлап баратат…” – бул саптан утопиянын кыйрашы көрүнүп турат.

Төртүнчү строфа: “адашкан жолоочулар…” – коомдун багытсыздыгы, “ооздугу жок оттогондор…” – моралдык чектөөлөрдүн жоголушу, ээн ооз-ушакчылык, “отуз жылды карытты…” – эгемендик убакыттын бошко кеткендигине болгон сын. Акыркы строфада: “боюнда бар бир айым…” – келечектин символу, “күн чыгышын күтөт…” – үмүт, “чырак” – руханий жарык берүүчү багыт. Бул жерде акын абсолюттук пессимизмге түшүп кетпейт. Аял образы аркылуу жаңы жашоонун мүмкүнчүлүгүн сактап кала алган. Мына ушул строфалык жана поэтикалык талдоолор көрсөткөндөй, Айгүл Белековнанын аталган үч ыры – мазмундук жана көркөмдүк жактан өз ара тыгыз байланышкан, бир доордун бир бүтүн философиялык-эстетикалык системасын түзгөн чыгармалар. Бул ырлар аркылуу автор жеке тагдыр, ички сезим жана коомдук абал сыяктуу үч негизги катмарды параллелдүү өнүктүрүп, заманбап адамдын руханий портретин жарата алган, деп жыйынтыктоочу сөздү Махабат Саидрахмановага бердим:

– Автор “Атакем тургузган ошол шаар” ырында өткөнгө болгон кусалыкты, ата мурасынын унутулуп баратканын, турмуш куруп кеткен кыз өз тамырынан алыстап кетүүсүн ностальгиялык жана символдук планда ачып берген. «Жоолугумду бозортуп бүткөнүмсүң» чыгармасында сүйүү темасы терең психологиялык драмага айланып, адамдын ички дүйнөсүндөгү карама-каршылыктар, өзүн-өзү кыйноо жана руханий чарчоо чагылдырылган. Ал эми, «Баягы аялдама» ырында лирикалык каармандын жеке тагдыры жалпы коомдук деңгээлге көтөрүлүп, социалдык стагнация, багытсыздык менен моралдык кризис так метафоралар аркылуу сүрөттөлгөн. Бул үч текстти бириктирген негизги өзөк – жоготуу, изденүү жана үмүт үзбөө категориялары. Акын жоготууну трагедия катары гана эмес, аң-сезимге жеткирүүчү тажрыйба катары сүрөттөп берген. Изденүү – адамдын ички кыймылы, ал эми үмүт – эң акыркы, бирок өчпөс руханий таяныч катары берилген. Ошондуктан Айгүл Белековнага талыкпаган изденүү менен чыгармачылык ийгилик каалап кетели, деп Махабат Саидрахманова сөзүн жыйынтыктады. Кесиптешимин тилегин колдоп, бул сүйлөшүүнү үн жазгычтан кагазга түшүрүп окурмандарга сунуштоону туура көрдүм. Сиз кандай пикирдесиз урматтуу окүрман?!

Бахпурбек Аленов

Автор

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген