Карел Чапек: “Маркалардын коллекциясы”
(аңгеме)
– Ооба, бул, албетте, чындык, – деди карыя пан Карас. – Өткөн жашооңду изилдеп отуруп, анда канчалаган башка жашоолор үчүн материал бар экенин түшүнөсүң. Бир күнү, тагдырбы же табияттын мыйзамыбы, сен ошол жашоолордун бирин тандап аласың да, аны аягына чейин улантасың. Бирок эң өкүнүчтүүсү, башка, мүмкүн болгон жашоолор таптакыр жоголбойт. Кээде алардан, кесилген бут сыяктуу, ооруну сезесиң.
Он жашымда марка чогулта баштадым. Атам муну жактырган жок, ал муну окуумдан алаксытат деп ойлогон. Бирок менин Лойзик Чепелка деген досум бар эле, экөөбүз филателиянын кумарына берилдик. Лойзик шарманшиктин баласы болчу. Үрпөйгөн чымчыктай тармал чачын өйдө тараган, мурдунун үстүн сепкич баскан бала эле. Мен аны балдар жолдошун чын дилинен кандай жакшы көрө алышса, мен дал ошондой жакшы көрчүмүн. Билесиздерби, мен карыямын, аялым, балдарым бар, бирок айтайын – эч бир сезим достук сыяктуу таттуу болбойт. Бирок мындай достукка адам жаш кезинде гана жөндөмдүү. Кийинчерээк ал мүнөзү бир аз катаал тартып калат да, өзү жөнүндө көбүрөөк ойлой баштайт. Мындай достук таза кубанычтан, суктануудан, жашоо күчүнүн молдугунан жана анын чексиздигинен жаралат. Сенде ал ушунчалык көп болгондуктан, аны кимдир бирөөгө бергиң келет.
Менин атам нотариус, жергиликтүү ак сөөктөрдүн башчысы, абдан сыйлуу жана катаал мырза эле; ал эми мен болсо бүт дилим менен Лойзикке байландым, анын атасы аракеч шарманшик, апасы болсо кордук көргөн кир жуугуч аял эле, мен бул Лойзикке ыйыктай мамиле кылып, ал менден шамдагай, бактылуу, өз алдынча жана чыдамдуу, мурдун сепкил баскан жана сол колу менен таш ыргыта алгандыгы үчүн аны ыйык тутуп, сүйчүмүн – жалпысынан, мен андагы канчалык көп нерселерди сүйгөнүмдү эстей албайм; бирок бул менин жашоомдогу эң чоң сүйүү болчу.
Ошентип, Лойзик марка чогулта баштаганымда менин сырымдын сактоочусу болуп калды. Бир жерде кимдир бирөө коллекциялоону эркектер гана түшүнөт деди эле, бул чындык; менде ата-бабалардан калган инстинкт бар деп ойлойм, ал өткөн мезгилдерден бери сакталып калган, ошол убакта эркектер душмандардын баштарын, олжого алынган куралдарды, аюунун терилерин, бугунун мүйүздөрүн жана жалпысынан олжого түшкөн нерселердин баарын чогултчу. Бирок маркалар коллекциясы – бул жөн гана мүлк эмес, бул – түбөлүк укмуштуу окуя; сен Бутан, Боливия же Түштүк Африканын Батыш Мысы сыяктуу алыскы өлкөлөрдүн чегине кирип жаткандайсың; жөн гана сен бул башка жерлер менен кандайдыр бир жеке, интимдик байланышты түзөсүң. Жалпысынан, маркаларды чогултууда саякат жана деңиз саякатчылыгынын кумарлануусу бар, кыскача айтканда, эркектерге мүнөздүү саякаттоо каалоосу. Бул байыркы крест жортуулдары сыяктуу…
Мен мурдараак айткандай, атама бул жаккан эмес; аталар, адатта, уулдары өзүлөрү кызыкпаган нерселер менен алектенишин жактырышпайт – мен, мырзалар, өзүм да уулдарыма ушундай эле мамиле кылдым. Ата болуу – жалпысынан кандайдыр бир аралаш сезим; анда чоң сүйүү бар, бирок кандайдыр бир калыстык, ишенбөөчүлүк, душмандык аралаш жүргөнсүйт – муну кантип айтарымды билбейм; балдарыңарды канчалык көп сүйсөңөр, ошончолук бул башка сезим күчтүү болот. Кыскача айтканда, мен марка коллекциям менен атама билинбеш үчүн чатырга жашырышым керек болчу; чатырда ун салган эски үкөк турчу, биз эки чычкан сыяктуу ага кирип, бири-бирибизге маркаларды көрсөтчүбүз: кара, бул Нидерланд, бул Египет, бул жерде Swerige, башкача айтканда Швеция. Жана биздин кенчтерибизди жашырууга аргасыз болгонубузда кандайдыр бир күнөөлүүдөй сулуулук бар эле. Ал эми бул маркаларды алуу дагы бир укмуштуу окуя болчу; мен тааныш жана бейтааныш үй-бүлөлөргө барып, эски каттардагы маркаларды сурап жүрчүмүн.
Эң бактылуу сааттарды кээ бир үйлөрдө, эски документтер толгон кутулары сакталып турган чатырларда, полдо отуруп алып, чаң баскан кагаздардын купюраларын издеп, менде али жок бир нусканы таап алган кездерде өткөргөн элем – көрүп турганыңыздай, акылсыздыгымдан улам, мен эки окшош нусканы чогултчу эмесмин; жана эгерде мен эски Ломбардияны же Германиянын кичинекей княздыктарынын же эркин шаарларынын бирин тапсам – мен чындап эле азаптуу кубанычты сезчүмүн – анткени ар бир чексиз бакыт таттуу ооруну берет. Ал эми Лойзик мени көчөдө күтүп турчу, мен акыры чыкканда, мен дарбазадан эле ага шыбырап: «Лойза, Лойзик, ал жерде бир Ганновер бар болчу!» – «Алдыңбы?» – «Ооба!» Ошентип, биз олжо менен үйгө, жашынчу жайга чуркап жөнөчүбүз.
Биздин шаарда жут, бязь, ситец кездемелердин жана башка пахтадан жасалган майда-барат буюмдардын төмөнкү сортторун чыгарган текстиль фабрикасы болгон, мунун баары жер шарынын кара өңдүү элдери үчүн чыгарылчу. Мага фабрикаларга барып, кагаз себеттеринен маркаларды издөөгө уруксат берилген; бул жерде менин эң бай аңчылык жерлерим болчу: бул жерден мен Сиам менен Түштүк Африканы, Кытайды, Либерияны, Ооганстанды, Борнеону, Бразилияны, Жаңы Зеландияны, Индияны, Конгону таптым – бул аталыштар сизге дагы эле сырдуу жана каалаган нерседей угулабы билбейм. Мырзам, Straits Settlements маркасын болсо да тапканым чоң кубаныч, укмуштуудай кубаныч. Же – Корея, Непал! Жаңы Гвинея! Сьерра-Леоне! Мадагаскар! Угуңуз, мындай толкунданууну мергенчи, кенч издөөчү же археолог өздөрүнүн казууларынын арасында гана түшүнө алат. Издөө жана табуу – бул адамга жашоо бере ала турган эң чоң чыңалуу жана канааттануу. Ар бир адам бир нерсени издеши керек – эгер марка болбосо, анда – чындыкты же папоротниктин сыйкырдуу түсүн, же таш жебенин учу жана урналарды.
Ооба, Лойзик менен дос болуп, марка чогулткан жылдар бул менин жашоомдун эң сонун жылдары болчу. Бирок мен кызылча менен ооруп калдым, Лойзикке мага кирүүгө уруксат беришкен жок, бирок ал биздин коридордо туруп, мага угуза ышкырып турчу. Кайсы бир жолу мени жакшы карабай калышты окшойт; кыскасы, мен төшөктөн турдум да – чатырга чогултуп алган маркаларымды карап келүү үчүн чуркадым. Мен ошончолук алсырап калган элем, үкөктүн капкагын ачуу да кыйын болду. Бирок үкөк бош экен; маркалар салынган куту жоголуптур.
Менин ошол учурдагы абалымды сүрөттөп бере албайм. Балким, мен ошол жерде муз сыяктуу катып калгандырмын, ыйлай алган да эмесмин, тамагым буулуп калган. Биринчиден, маркаларды, менин эң чоң кубанычымды жоготуу коркунучтуу болчу; бирок андан дагы коркунучтуусу, менин ооруганымдан пайдаланып, аларды менин жалгыз досум Лойзик уурдап кеткен деген ой болчу. Бул коркунуч, көңүл калуу, чексиз кайгы, азап тартуу – билесизби, баланын сезимдеринин канчалык күчтүү болгондугу таң калыштуу. Мен чатырдан кантип түшкөнүмдү эстей албайм; мен кайрадан барып төшөгүмө жаттым, ысытмадан башым айланып, жеңилдеген учурларда дайыма ойлонуп жаттым, ойлонуп жаттым… Атама да, таежеме да эч нерсе айткан жокмун – апам ал кезде өлүп калган эле; алар мени таптакыр түшүнбөйт деп билчүмүн, бул мени алардан кандайдыр бир жол менен алыстатты – ошондон кийин мен аларга эч качан жылуу балалык сүйүүмдү арнаган эмесмин. Лойзиктин чыккынчылыгы мага дээрлик өлүмгө тете сокку болду; бул адамга болгон биринчи жана эң коркунучтуу көңүл кайттыгым эле. Жарды, дедим мен өзүмө, Лойзик – жарды, ошондуктан уурдайт; сен кедей менен дос болгонуң үчүн ушундай болду. Бул менин мүнөзүмдү катаалдантты; ошондон бери мен адамдарды жакшы ажырата баштадым – мен социалдык күнөөсүздүк абалымды жоготтум; бирок анда мен ал соккунун канчалык терең болгонун жана мендеги канчалык көп нерселер кыйроого учураганын түшүнгөн эмесмин.
Соккудан алган жарааттарым айыккан соң, маркаларымдын коллекциясын жоготуу кайгысын да жеңдим. Лойзик ошол арада жаңы жолдошторду тапканын көргөндө гана жүрөгүм бир аз ачышып калды; бирок, ал көпкө чейин көрүшпөгөндүктөн бир аз уялып мага чуркап келгенде, мен ага кургак жана бойго жеткен адамдай: «Бар, мен сени менен мындан кийин сүйлөшпейм!» – дедим. Лойзик кызарып, дароо жооп берген жок: «Болуптур!» Ошондон бери ал пролетарлык каардануу менен мени жек көрө баштады.
Пан Паулюс айткандай дал ушул окуя менин бүт жашоомо, менин жашоодогу тандоомо таасир эткен. Менин дүйнөм, эгер ушундай деп айтууга мүмкүн болсо, булганды, мен адамдарга ишенбей калдым; аларды жек көрүүнү жана жерип-жектөөнү үйрөндүм. Досум болгон жок; жана мен чоңойгон сайын, мен эч кимге муктаж эмесмин жана эч кимди кечирбеймин деп текеберлене баштадым. Анан эч ким мени сүйбөгөнүн байкай баштадым, өзүм да сүйүүнү жана бардык сентименталдуулуктарды жектей баштадым.
Ошентип, мен текебер, амбициялуу, педанттык – бир сөз менен айтканда, туура адам болуп чыктым; мен баш ийгендерге жаман, ырайымсыз мамиле кылдым, сүйүүсүз турмушка курдум, балдарымды коркутуу жана үрөй учуруу менен тарбияладым жана тырышчаактыгым жана милдеттүүлүгүм менен чоң ийгиликтерге жетиштим. Бул менин жашоом болчу, бүт жашоом; мен милдеттеримден башка эч нерсеге көңүл бурчу эмесмин. Мен өлгөндө, гезиттер мен кандай сиңирген эмгекчи жана үлгүлүү адам болгонумду жазып чыгышат. Бирок эгер адамдар мунун баарында канчалык жалгыздык, ишенбөөчүлүк жана катуулук бар экенин билишсе…
Үч жыл мурун аялым каза болду. Мен өзүмө да, башкаларга да мойнума алган жокмун, бирок бул мага өтө оор кайгы болду; жана сагынычтан ата-энемдин калган үй-бүлөлүк реликвияларын карай баштадым: сүрөттөр, каттар, менин эски дептерлерим… Тартипти катуу сактаганды жакшы көргөн атам булардын баарын кантип камкордук менен сактап койгонун көргөндө тамагым буулуп калды; ал, сыягы, мени баары бир сүйчү окшойт. Бул нерселер менен чатырда бүт шкаф толтурулган болчу; жана бир кутунун түбүнөн, атамдын мөөрү басылган кутуну таптым; мен аны ачтым – анда мен элүү жыл мурун чогулткан, баягы мен жоготкон маркалардын коллекциясы жаткан.
Жашырбайм – көзүмө жаш алдым, жана мен бул кутуну бөлмөмө кенч сыяктуу алып келдим. Ошондо иш кандай болгонун түшүндүм. Демек, мен ооруп жатканда, кимдир бирөө менин коллекциямды таап алган, атам окуудан артка калбасын деп аны тартып алган. Ал муну кылбашы керек эле; бирок бул жерде да анын катуу камкордугу жана сүйүүсү көрүндү; эмнегедир билбейм, мен аны да, өзүмдү да аядым.
Анан ой келди: демек, Лойзик бул маркаларды уурдаган эмес. Кудайым, мен ага канчалык адилетсиз болгонмун. Бул сепкилдүү жана үрпөк чач көчө баласынын жүзү көз алдымда тартылды – кудай билет, ал эмне болду, дагы деле тирүүбү!
Ах, ушулардын баарын эстегенде аябай уялдым. Болгону адилетсиз шектенүүдөн жалгыз жолдошумду жоготуп алыптырмын – ушундан улам мен балалыгымды жоготтум. Кедейлерди жек көрө баштадым, текебердик менен жүрдүм – ошондуктан мен эч кимге жакындаган жокмун. Ушул себептен улам мен почта маркаларын жек көрүүсүз жана жийиркеничсиз карай алган жокмун жана эч качан сүйлөшкөн кызыма, кийин аялыма кат жазган эмесмин, сезимдерди билдирүүдөн жогору турганымды жашыргам; жана аялым мындан азап тартты. Ошондуктан мен ушунчалык ырайымсыз жана түнт болдум. Ушундан улам, ушундан гана мен ушундай карьераны жасап, милдеттеримди үлгүлүү аткарганмын…
– Мен бүт жашоомду карап чыктым, күтүлбөгөн жерден ал бош жана маанисиз болуп чыкты. Мен таптакыр башкача жашай алмакмын – деп ойлодум. Эгер бул болбогондо, – менде ар кандай окуяларга ушунчалык ысык сүйүү, ушунчалык кумар жана асылдык, фантазия жана ишеним, ушунчалык таң калыштуу жана күчтүү таланттар бар эле. Кудайым, мен таптакыр башка адам болмокмун – саякатчы, актёр же аскер!
Мен адамдарды сүйүп, алар менен бирге ичип, аларды түшүнүп, дагы эмнелерди гана кылмак эмесмин! Менде кандайдыр бир муз эрип жаткандай болду. Мен улам бир марканы карай бердим. Алар баары ушул жерде – Ломбардия, Куба, Сиам, Ганновер, Никарагуа, Филиппиндер – мен ошол кезде баргым келген жана эми көрбөй турган бардык өлкөлөр. Ар бир маркада боло турган жана болбогон нерсенин бир бөлүгү камтылган. Мен алар менен түн бою отурдум жана жашоомду соттодум. Мен бул кандайдыр бир бөтөн, жасалма, бейтарап жашоо экенин көрдүм, ал эми менин чыныгы жашоом эч качан ишке ашкан эмес… – Пан Карас колун шилтеди. – Эмне боло аларымды жана Лойзикке канчалык адилетсиз болгонумду ойлогондо…
Бул сөздү угуп, патер Вовес абдан кайгырып, жашып кетти, – балким, ал дагы өз жашоосунан бир нерсени эстегендир.
– Пан Карас, – деди ал толкунданып, – бул жөнүндө ойлонбоңуз, – эч кандай пайдасы жок, эми бир нерсени оңдоого да, жашоону кайрадан баштоого мүмкүн эмес…
– Мүмкүн эмес, – деп Карас бир аз кызарып, үн чыгарып койду. – Бирок билесизби, жок дегенде, – жок дегенде, мен марка чогултууну кайрадан баштадым!
Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ
