|

“Дом матери-героини”

4.2/5 - (5 добуш)

(аңгеме) 

Айылга ата-энемдин үйүнө барган сайын, көчөнүн башында жашаган агам менен жеңем чайга чакырат. Апам экөөбүз айылчылап барып келебиз. 

Бул жолу апам экөөбүз кечинде агамдыкынан үйдү көздөй шашпай айылды аралап жөө келаттык. Катар үйлөрдүн бирин таанысам, бирин тааныбай калыптырмын. Айылдан кеткениме кырк жылдай болбодубу. Мен бала кездеги эски үйлөрдүн көбү бузулуп, жаңылары салыныптыр. Мурдакыдан да кичирейип, жепирейип кеткендей болгон эски үйлөр кимдердики экенин дароо таанып жаттым. Үйлөр деле адамдардай болуп тааныш, бейтааныш болуп калат турбайбы.

– Мобу тыпыйган кызыл чатыр кимдин үйү, апа? – дейм.

– Бул баягы Көчкөнбектин үйү. 

– Сонун үй салып алышыптыр ээ?! 

– Балдары салды. Өзү табылбай калды окшойт эми. 

– Табылбай? Эмне болду эле ага?

– Ың-жыңсыз жоголгонуна он жылдан ашты го. Эч жерден дайын-дареги чыккан жок.

– Апей, эмне болуп? 

– Казакстага иштегени кетип, ошо бойдон кабарсыз болду. Үй-бүлөсүнүн издебеген жери калбады. Казактын жерин түрө кыдырышты, табылбады.

– Ий жаман болгон экен. Балким аман бар болсо эми деле келип калар. 

– А-ай, ким билет эми?!

Күн уясына кыпкызыл болуп батып кетти. Түтүндүн жагымдуу жыты келди. Кимдир бирөөлөр очокко тамак жасап жаткандай. Апам экөөбүз шашпай келатабыз.

– А мына бу Нина кемпирдин үйү го, ээ? Ал барбы?

– Аны илгери эле Чүйдөн немис туугандары издеп келип, көчүрүп кетишкен. Ал кайдан бар болсун. Ошондо эле сексенден өтүп, таяк менен араң басып калбады беле. Андан бери отуз жылдай өтсө керек. 

– Биз ушу Нина кемпирдин көчө тараптагы гүлдөрүн караңгыда келип уурдачу элек. 

– Илгери биз эшик алдына гүл өстүргөндү деле билбептирбиз. Кыргыз илгери гүл өстүрүп көргөн эмес да. Үйдүн сыртын актаганды да ушу немистерден, орустардан үйрөнбөдүкпү, – деди апам.

Айылдагы жаңы үйлөрдүн көркөмүнө, ал үйлөргө кирип-чыгып оокат кылып жүргөн мен тааныбаган жаш келиндердин көбөйгөнүнө кубандым. Жаңы дарбазалар, кооз салынган коргондор – баарысы көзүмө сонун көрүндү. 

Баса түшүп, дагы бир үйгө көзүм түштү. Эч ким жашабай, каралбай калганы көрүнүп турат. Көчө жакты караган сырткы эшигине килейген кара кулпу салынып, тамдын тегерегин калың куурай басып, терезелеринин ички бетине каланган гезиттери саргарып кетиптир.

– Апа, мына бу Солто акенин үйү го ээ?

– Ооба, ошолордуку. 

Шыбактары көчүп, ала-була болгон дубалынын боорунда “Дом матери-героини” деген тактайчадагы жазууга көзүм урунду. Бир мыгы түшүп, тактайча бир эле мыгына илинип кыйшайып турат. Ооба, он балалуу үй-бүлө очор-бачар жашачу эмес беле бул үйдө. Кермесинен кир үзүлбөй, очогунан түтүн булап, короосуна мал толуп турган үй эле. Бир кызы экөөбүз классташ болчубуз.

– Апа, булар кайда кетишкен?

– Ээ, булардыкы кыйын болду. Чар учкандай эле чачырап кетишти бечералар.

– Эмне болуп чачырап…

– Кымбат байкуш өлгөндөн кийин, эки жылга жетпей Солто кетти. Аялдын артында калган эркектин жашоосу курусун болуп, тез эле карып түштү. Мээсине кан куюлуптур дешти. Ошондон кийин эле балдары туш-тушка кетип, жок болушту. Атасы менен энесинин ашы да бериле элек. Көп жыл болуп баратат. Бир чыгынып келишип, ата-энесине аш берип кетишсе болот эле.

– Жок дегенде бирөөсү ушул үйгө жашабаптыр ээ, апа.

– Солтонун беш уулу, беш кызы бар эмес беле. Ата-энесинен кийин эки уулу катар көз жумду. Дагы эки уулу түрмөдө деп айтышат. Кичүүсү Россияда жүрөт дейт. Баягы узун чач кызы да ооруп каза болгон. Бакайырга тийген кызы болсо төрөттөн кайтыш болду деп уктук. Калган үч кызынан дайын жок. Ар-ар жерде күн көрүп жүрүшкөн чыгар. Баса, бир кызы Чаткалда дейт. Күйөөгө кеткен бойдон келбептир. Чаткал деген жердин түбү турбайбы.

– Иий, жаман болгон экен? Он бала чоңоюп-өскөн үй аңгырап, ээн калганы жаман тура ээ, апа?

– Булардын тукумунда каргыш бар деп айтышат. Каргыш тукум кууйт да. 

Апам акырын сыр кылып, шыбырап айтты.

– Каргышпы? Эмне кылышкан экен? 

– Булар эч кимге зыяны жок, кой оозунан чөп албаган немелер эле. Каргышка калган ата-бабасыныкы буларга көрүнүп жатат да. Каргыш үч ата өткөндөн кийин күчүнө кирет дейт. 

– Анысы жаман экен. Кудай калыстык кылып, неге ошол кишинин өзүн жазалабайт? Неге ата-бабасынын күнөөсүн булар тартышы керек?

– Кой, балам, кудайга сөз тийгизбейли. Кудайдын билгени бар да.

Апам сөздү башкага бурду.

– Мына, кыбырап олтуруп үйгө да жеттик. Бир чыныдан көк чай ичеличи, суусадык.

Көк чай ичип олтуруп да, Солто акенин үйү эсиме түшүп жатты.

Кастарланып салынган калың төшөктө шыпты тиктеп жатып, алиги каргыш деген сөз оюма келе берди. Каргышка калган киши өзү тиги дүйнөгө барганда тозокко түшүп, өз жазасын ала турганы чын болсо, анда эмне үчүн бейкүнөө урпактары кошо жазаланат? Кудай адилеттик менен ар кимдин өзүн жазалабайбы десең… Күнөө кылган адам бул дүйнөдө соттолуп, түрмөдө жазасын өтөйт. Өтөсө да, өтөбөй калса да тиги дүйнөнүн тозогуна түшөт. Демек, жазасын алат баары бир. Анда неге ага айтылган каргыш укум-тукумуна өтөт? Ушундай баш-аягы жок ойлор менен жатып, уйкум качты. Он бала өсүп-чоңойгон үй да аңгырап бош калабы?! Каргыш тийгени чын окшойт – болбосо бир кезде очор-бачар шаар болгон куттуу үй кантип эле ушинтип томсоруп ээн калсын?! 

Солто акенин дубалындагы бир мыгы түшүп, кыйшайып илинип турган “Дом матери-героини” деген жазуу көз алдыма келе берди. 

2026-ж. 6-апрель

Автор

  • Элмира Ажыканова

    1966-жылы 15-октябрда Талас районундагы Кум-Арык айылында туулган. Журналист, акын, жазуучу. КТРдин отличниги, республикалык «Айтыш» коому уюштурган «Мыкты аңгемелер» конкурсунун эки жолку жеңүүчүсү,  Махмуд Кашкари атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты, Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгына карата жарыяланган сынакта 3-орунга ээ болгон, маданияттын мыкты кызматкери, КР Ардак грамотасынын ээси.

    “Көгүш гүлдөр” (2007-ж.) ырлар жыйнагы, “Жан маанай” (2017-ж.) ырлар жана аңгемелер жыйнагы жарык көргөн.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

One Comment

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген