Үрөн
(аңгеме)
Тоо арасындагы баш-аягы көрүнбөгөн чоң дайранын так ортосуна чейин көпүрө турат. Жээктен башталган көпүрө дарыянын так ортосуна жеткенде таарып кеткендей, наркы жээкке жеткирген жагы көрүнбөйт. Көпүрөнүн үстүндө, анын ортосунан кесилген чегинен бир аз гана берирээкте ак сакалы шамалга сеңселген, аппак кийимчен карыя ак боз атын минип турган. Жашы кыркка жакындап калган жигит көпүрөнүн үстүнө чыгып чоң капты көтөрүп атчан карыянын жанына алып келди да, жонунан жерге түшүрүп терин аарчыды.
– Алып келдиңби, балам? А, жакшы. Эми алдагы каптагынын баарын Аккан Сууга салып ий.
Капты алып келген жигит таң калып буйдала түштү. Каптын ичинде буудай болчу.
– Ушул агып аткан сууга салайынбы? Бул үрөн да. Жер айдабасам, талааны даярдабасам… Жөн эле агып аткан сууга кантип салам? Бекер эле агып кетпейби?
– Сала бер, балам. Аккан Суу мунун баарын кайда алып барып, кайсынысы кайда өсөрүн сен кайдан билесиң? Аны сен биле албайсың. Аккан Суу өзү билет. Сала бер, балам!
Жигит саамга ойлоно түшүп, карыянын айтканы боюнча капты түбүнөн кармап ичиндегинин баарын агып аткан дарыяга төгүп жиберди.
Карыя эми суунун агымында агып бараткан үрөндү узата көпкө карап, этек-жеңи, сакалы шамалга сеңселип турду.
Жигитке бул өмүрү көрбөгөн карыя эң жакын адамындай сезилип, чылбырынан кармап алып ыйлап жиберди.
– Мен Сиз менен кете берейинчи. Мен бул жакта кыла турган ишим деле калган жок. Силер жак эле жакшы экен. Чарчадым… Көрүп атпайсызбы?
– Ок, чунак бала десе. “Кете берейин” дегени эмнеси? Сен ушул үрөн каякка агып барып, эмне болгонун өз көзүң менен көрүшүң керек да! Кой, балам. Сен калышың керек. А биз жак эмне, качан болсо жетишесиң… Аккан Суу адашпайт, балам. Ушуну бир билип кой.
Карыя жигиттин колунан аттын тизгинин акырын бошотуп, колун акырын кысты да, шашпай бастырып дарыянын ортосундагы көпүрөнүн таптак кесилип турган жерине келип, нары өтөр замат көздөн кайым болду.
Жигит ойгонуп кетти.
