Жалгыз там
Айыл чети. Дүпүйгөн бак. Жалгыз там.
Терезеде бүлбүл жанган шам чырак.
Улам-улам айнегине урунуп,
калдыркан да жарык издеп талпынат.
Үйдүн ичи… жымжырттыкты саат бузуп,
“чык-чык” этип, улам жылат жебеси.
Тээ төр жакта кыбыраган жалгыз жан,
көрүнүүдө шамдан алсыз денеси.
Сырт калгандай бул дүйнөдөн бейкапар,
жалгыздыкта жашоо келет кечирип,
эстейт кээде, эки эмчеги зыркырап,
эси жогун, элден чыккан эсирип.
Түндөр узун, түркүн ойго жетелеп,
эске келет бакыт толгон күндөрү.
Терс бурулган уулун кыйбай жаманга,
ошондо да, эне үмүтүн үзбөдү.
Оо ал кезде, бапыраган үй толуп,
кайнап турчу казанында тамагы.
Абышкасы төрдө отурчу калдайып,
үзүлбөчү коноктордун аягы.
Түгөл болуп төрт тарабы келишкен,
бактылуу эле уулу турган эр жетип.
Көпкөлөңдүк кылса дагы унчукпайт,
бала жытын көпкө күткөн эңсешип.
Бүлүк түшүп тыптынч жаткан жашоого,
абышкасы кете берди коштошуп.
Кала берди артында уул, кемпири,
орду толгус жоготууну жоктошуп.
Күндөр өттү, күйүт күчү басаңдап,
нукка түштү, өмүр көчү уланып.
Уулу үйлөндү, келин келди ак жоолук,
эне жүрөт бакытына кубанып.
Бирок аттиң, көпкө узабай кубаныч,
келининин уу тилине кабылды.
Ошондо да бакыт тилеп уулуна,
небересин сүйүп, ага жалынды.
“Кетем”, – деди, эл сыяктуу шаар кезип,
ойлондурбай кайнененин тагдыры.
Өңдүү бирок, акылынын кыскасы,
тарбиядан өксүү тарткан жардыбы?
Дабыш чыкпайт уулунун оозунан,
баш ийгендей аялына ал дагы.
Энесинин кантээрлигин ойлобойт,
баары бирдей, жалгыз үйдө калганы.
Чечим чыкты, жыйнап баарын кетишти:
небереси, уулу жана келини.
Абышкасы жаңы өлгөндөй буркурап,
эне байкуш бир капшыты кемиди.
Мына ошондон, ушул күнгө дайынсыз,
Кабары жок, кандай, кайда уул-келин.
Ээнсиреген жалгыз тамда күн көрөт,
эстеп коюп, өткөн жакшы күндөрүн.
Кечээ күнү абышкасын түш көрдү,
кол булгалап турган экен алыстан.
Эки анжы ойдо турган экен ойлонуп,
жалгызынан узак кетип калыштан.
Кетүүчүдөй жайлуу сапар аттанып,
жүрөгү тынч, бүгүн такыр башкача.
Конок күтүп жаткан өңдүү короосун,
жыйнап койду, күндөгүдөн таптаза.
Сезген өңдүү жаткан бойдон турбашын,
карегине бүт дүйнөнү чөгөрдү.
Ошондо да, булкуп алып жүрөгү,
самап турду жалгыз уулун көрөөрдү.
Созолонгон бойдон кетти, оо дүйнө,
артта калды, арманы да, жыргалы.
Ошол кезде келе жаткан шашылып,
эне баркын кеч сезинген уул дагы.
Бирок, бирок… баары бүткөн, кеч эле,
тосуп чыкпайт, мээрим төгүп энеси.
Азыр ага жетпей турду чынында,
мээрим эмес, акыл айтчуу жемеси.
Бирок,бирок… баары бүткөн, кеч эле,
тосуп чыкпайт, мээрим төгүп энеси…
