Жалгыздык
Эшилген кумдай эл жолун,
улаган көптүн бириндей, –
өмүрлөр ай, күн, дүйнө өңдүү,
жашоо үчүн жалгыз суу кечет…
Өчпөс күн жарык чачса да,
кубалап келчү түнү бар.
Көптү эңсеп азга үлгүргөн,
өмүрдүн ачуу үнү ал.
Умтулуу, жашоо жалгыздык,
талпынуу турмуш шарына,
кошулуу, кайра бөлүнүү,
айланып ырдын сабына.
Төрөлүү кайра жалгыздык,
оозанып турмуш татымын,
экчелип, экчеп жашоонун,
түйшүгүн тартуу акырын.
* * *
Улубачы, шамал, үнүң
көзөп өттү жүрөгүмдү.
Ичиркентип турат дүйнөң,
Жалгыздыктан жүдөдүңбү?
Айдар чачың желпилдетип,
үйлөгөнүң учаар, калаар…
Миң бир ирээт жерисең да,
тулку боюң жалгыз шамал.
Муюшкунуң тагдырыңа,
жалгыздыктан бүткөн жашоо.
Уңулдаган менен эч ким
жандап ээрчип жүрбөйт кошо…,
Кызык, жашоо…
