Ысык-Көлдө
Жаныңа тээ алыстан делөөрүткөн,
Жеткен күн чоң шыбага көптөн күткөн.
Көөнүмдү алып учат алда кайда,
Көркөмүң көктү, жерди көөлгүткөн.
Жел айдар жетегинде куруп оюн
Жүгүрүп келатканда майда толкун,
Сезимдер наристедей кыткылыктайт,
Сыйкырдын демин сезип өнө боюм.
А бирок, көп учурда калам келбей,
Тирликти кээде жеңсем, кээде жеңбей.
Карааның көздөн учат андай кезде,
Сезилип мага күндөр сенсиз эндей.
Өзүңдөн ылаажы издеп сүйөнөөргө,
Келемин түтөп, күйүп, түгөнөөрдө.
Жубардай тазартаарын билип келем
Тамырың тереңдеги, дүйнөң көөнө!
