|

Кунг-фу

5/5 - (3 добуш)

(аңгеме)

Көк жылгаяктын үстүндө зымылдап, “зуу-зуу” учуп, жүрөгүм элеп-желеп болуп, шумкардай чана тээп сызып келе жатсам, атам мени чакырып калды.

– Эй кызым, бери келчи! – деди өктөм үн менен.

– Ооу, ата, – дедим дагы деле өпкөмдү баса албай толкунданып, мурдумду шуу тартканча.

– Суранбай акең менен Мыйманбай акеңди атам чакырып жатат, “эт жеп кетсин” дептир де, макулбу?

– Ити каап алсачы?

– Анда кыйкырып чакыр.

Ал колундагы керээли-кечке тээп, жанын тындырбай минген чанамды жибинен сүйрөп, үйдү көздөй басып кетти. Асманды жөө туман каптап, айылдын төрт тарабын курчап турган тоолор көзгө илешпей, ал тургай кошуналардын үйлөрү араң көрүнүп, асмандан кар лапылдап жаап жатты. Атам жыл сайын кышында согум сойгон сайын бир тууган агасынын уулдарын эт жегенге чакырат. Ата салтын улап, туугандарынын көңүлүн алып, эки инисин эш тутуп, бир коломтодон бышкан тамакты тең бөлүшүп, туугандыктын жакындыгын сездиргиси келет экен да кайран атам. Бир билекке чогулган манжадай бир жерге жыйнап, ынтымакты бир түндүктүн астында туу кылып, сый көрсөткүсү келчү экен. 

Эшекке фляга артынган кошуна бала алдымдан чыга калды. Ага болбой мурдун сүртүүнү адат кылып алгандай. Жөн баспай, байкуш эшекти көчүк талаштыра тээп, айланып тебет. Колдорун Брюс Лиге окшотуп “стойкага” туруп калат.

– Атакесел-аййа, ыы! – деп күлүп койсом, мени көрүп уялып кетти да, эшегин айдап тез-тез басып кетти.

Андан ары узап басып келе жатсам, мал камаган тамдын башында үйүлгөн чөптүн жанында бирөө бешиликти кармап, кечээги көргөн видеодогу самурайды туурап жатыптыр. Колундагы бешиликти кимдир бирөөгө такап, ары-бери секирип, коргонгон адам болуп, өз кыялы менен өзү жыргап жатканына күбө болдум. Мени көргөн жок, чочуткум келбей ары карай басып кеттим. Мен дагы жөн баспай, кунг-фу чеберлерин туураганча өз кыялым менен алпурушуп келе жатсам, так маңдайымда Мыйманбай акемдин ити туруптур. “Баа!” деп бакырганча качып жөнөдүм. Ит арсылдап артымдан кууп жөнөдү.

– Кет, о кет! – деп Мыйманбай акем итин кууп чуркап келди. Мен акемдин артына коргоно калдым.

– Жүрөгүң түштүбү? Кел, апаптап коёюн.

– Сиз болбосоңуз итиңиз каап алмак экен, ээ? – дедим.

– Эй, тентек кыз, сен чуркап бербедиңби! Ит сенден шек санап кубалады. Шек алдырбай айбат кылсаң коркмок.

– Сизди атам “эт жеп кетсин” деп чакырды.

– Макул, качанкыга?

– Азыркыга, – дедим аптыга.

– Азыр кар күрөй салып барып калам, ээ.

– Итиңизден чыгарып коёсузбу? – дедим чеңкилдеп.

Ал чөнтөгүн сыйпалап, бир бүдүр момпосуй таап чыгып мага сунду. Башымдан сылап эркелетип койду да, карын күрөп кирди. Акемдин жасаган жумушуна суктанып бир кыйла карап турдум. Мыйманбай акем аябай эмгекчил киши эле. Үйүнүн айланасын мизилдетип күрөп, күрөк менен карды түптүз кыркып, кыш сыяктуу формага келтирип, секин ыргытып, тартиби менен бир жерге үйүп жатты. Үйүнүн айланасы тактадай тегиз болуп, башкалардыкына караганда кышында Париждин көчөсүндөй мизилдеп турчу.

Мени ээрчитип барып итинен чыгарып койду. Суранбай акемдин үйү огороддун аркы бетинде эле. Чыйыр жол менен басып барып эшигине келсем, кичинекей куу күчүк чеңкилдеп үрүп чыкты. Кардан колума уучтап алып, тоголоктоп туруп ыргытсам, күчүк кар менен кошо чуркап кетти. Ошол убактан пайдаланып, шырп алдырбай чуркап барып үйгө кире качтым. Кире бериште демимди басып туруп калдым. Бөлмөнүн эшиги аңырайып ачык турат. Чак ортосунда меште от чытырап күйүп, үстүндөгү чайнектерден буу чыгып, шарактап кайнап жатат. Чайнектердин жанында тизилген манты касканда оромо же манты бышып жатса керек, үстүнөн булоолоп буу чыгып, шилекейди агызат. Эч ким жок го деп ойлоп ичкери кирсем, Суранбай акем эп этип ичип алган окшойт, жеңемди бурчка такап алыптыр. Экөө мени көрүшкөн жок.

– Мынаны көрдүңбү? Бул – жылаандын стойкасы. Эми мынаны кара, бул – маймылдын стойкасы! – деп жеңемди коркутуп жатыптыр.

– Жөнчү, жинди болбочу жаш баладай болуп.

– Эми муну кара, бул – тоодактын стойкасы! – деп туруп, бир бутун өйдө көтөрүп, колу менен чокуган сыяктуу кылып жеңемдин мүрүсүнө тап берип койду. Байкуш жеңем коркуп, ансайын жазганып коёт.

Кытайдан видеомагнитофон көтөрүп келип, айылдарды түрө кыдырып кино койгон Анарбай деген киши бар эле. Ал киши келгенде кинотеатр дегенди эч ким издебечү. Кимдин үйүндө телевизор болсо, ошол үй ошол кечте элге толуп калчу. Бирөөнүн чакан бөлмөсү, бирөөнүн тар тамы – айырмасы жок, телевизордон көргөн жаңылык бүт айылга жетчү. Кино үчүн он сом алынчу. Акчасы жоктор арактан бошогон төрт бөтөлкө көтөрүп барып эле кире берчү. Ал бөтөлкөлөр да билет ордуна жүрчү. Биз үчүн эсеп эмес, кино маанилүү эле.

Союздун турмуштук, согуш кинолоруна көнүп калган балдар элек. Танктын дүңгүрөшү, жоокердин өлүмү, оор тагдыр – баары салмактуу, баары суук көрүнчү. Анан бир күнү күтүүсүздөн Кытайдын, Американын дүйнөнү дүңгүрөткөн Голливуд боевиктери чыгып калды. Телевизордун ичинен башкача дүйнө көрүндү: ылдам кыймыл, көзгө көрүнбөй жеткен сокку, жеңилбес каармандар.

Ошондон кийин айылдын балдары өзгөрдү. Көчөдө талаш чыгып кетсе же бири-бирине сөз тийсе, ар ким өзүнө каарман тандап алчу:

– Мен Брюс Лимин!

– Мен Ван Даммын!

– Чакки Норрисмин!

– Боло Янг болом!

– Жет Лимин, Жеки Чанмын!

Жаш балдар го мейли дечи… Бирок ошол кинолор отуздан ашып калган Суранбай акеме да билинбей таасир эткенин азыр байкап жатам. Ал кезде сезилген эмес. Экрандан көргөн күч, кайрат, жеңиш деген нерселер адамдын ичинде тынч жатпайт экен. Убакыт өтүп, турмуш аралашып, акырындан мүнөзгө айланып кетет турбайбы…

– Аке! – дедим үнүмдү катуу чыгарып. Күтүлбөгөн жерден мени көрүп калган акем артын шып карап, уялып кетти. Дароо экөө тең күлүп жиберишти.

– Ой, кел! Сен кайдан?

– Сизди атам “эт жеп кетсин” деп чакырып жатат.

Атамдын атын укканда дароо түзөлө түштү. Бир аз оңтойсузданып, анан мага карап:

– Кел, тамак ич, – деди. Жеңем үймөктөлгөн жабууну алып салып, жаңы уюган айрандан кесеге куюп сунду. Кышкы айран жуураттай коюу болот эмеспи, дароо колума алып, “бисмилла” дегенче жарымына чейин түгөтүп, агама суроо узаттым:

– Азыркы сиз көрсөткөн каратеби же кунг-фубу?

– Бул деген кунг-фу да! – деп күлүп жатты.

– Хи-хи-хи! – деп кыткылыктап күлдүм мен дагы. Айранды ичип бүтүп, кетейин дегенде акем:

– Эй кыз, айран ичкенди билесиңби? Тазалап ич, шыпкап!

Мен дароо сөөмөйүм менен кесеге жабышкан айранды шилеп чогултуп, манжам менен жалап-жуктап, заматта тазалап койдум.

– Мына, азамат! Эми дурус иш кылдың. Болбосо айран сага таарынып калмак. Ушинтип тазалап ичкен сооп болот, билип жүр, ээ? – деди. “Мастын акылы соо” деген ушул белем, агамдын акылына таң калдым.

– Жеңе, сиз дагы биздин үйгө барыңыз.

– Жок, садага, акең өзү эле барып келсин, – деди таарынгансып.

– Балдарга тамак берсин, өзүм эле барып келем. Жүрү, кубатым, – деп акем эшикти көздөй бет алды.

Артынан калбай сербеңдеп ээрчип бараттым. Суранбай акемдин мындай шайыр кыялын мурда көргөн эмес элем. Айтор, балдар театрындагы шайыр актёрдой сезилди. Эшикке чыкканда мага Шаолиндин, Ван Даммдын трюктарын көрсөтүп маанайымды ачты. Жеки Чандын “Мас чебер” (Пьяный мастер) киносунан бир үзүм ойноп берди. Жадакалса бир ууч кар алып, менин бетиме шыбап калды. Бетим ичиркенип үшүгөнү менен, көңүлүм абдан шат эле.

– Орустардын “Ийгилик мырзалары” (Джентльмены удачи) деген киносун көрдүң беле?

– Ооба, хи-хи-хи!

– Мына, ошону экөөбүз аткардык, – деди күлүп.

Андан ары басып баратып Никулинди, Шурикти, жадакалса Нинаны, Вицин менен Моргуновдорду туурап берди. Кыймыл-аракеттерин так өздөрүндөй кылып аткарганына аябай бактылуу болдум. Бул күн мен үчүн эң күлкүлүү күндөрдүн бири болду. Билинбей басып отуруп Сагынбай абамдын күл дөбөсүнө жетип келиппиз.

– Кыргыз кинолорун дагы туурай аласызбы? – дедим кызыга.

– Ананчы! Болгондо да Чыңгыз Айтматовдун “Саманчынын жолу” повестинен тартылган кинодогу Майсалбек менен Толгонайдын ролун аткарам. Эки ролду тең бир аткарам, азыр карап тур, – деди акем.

– Туут-ту-туут! – деп алгач поезддин үнүн салды. Андан соң:

– Майсалбек, уулум, уулум! – деп үнүн аялдыкына окшоштуруп, көркөм эмоция менен аткарды. Кайра үнүн жигиттикине окшотуп: – Апа, апа! Мен фронтко баратам, кош болуңуз! – деп Майсалбекти туурап, башындагы тебетейин ала коюп асманга ыргытты. Кайра өзү тутуп алып, “Уулум!” деген үнүн чала угуп калдым. Аңгыча болбой күл дөбөнүн кыр жагынан бир буту тайып, ылдыйды көздөй оңкочок атып тоголонуп кетти да, барып үйүлгөн карга башы менен сайылып калды. Күл дөбөдө чаң бызгып, жаап жаткан карга аралашып жатып калды.

– Аке! – деп чаңырган бойдон калып калдым. Түз түшө албай, мал менен адамдар салган чыйыр жол менен айланып чуркап бардым. Акем дагы деле козголбой карга сайылган бойдон турат. Араң колум менен карды шилеп, акемди чыгарууга үлгүрдүм. Акемдин деми жок, эсим чыгып чочуп кеттим. Бир заматта заманам куурула түштү. “Оюндан от чыгат” деген ушул белем, алапайымды таппай калдым.

– Аке, аке! – деп жулкулдатып көрдүм, кыймыл жок. Эки колума кар кочуштап келип бетине сүртсөм, агам ичиркенип, өзүнө келе түштү.

– Ух-х! – дедим сүйүнгөнүмдөн. – Аке-ооу!

Ал көзүн эки колу менен ушалап:

– Кана бир өтүгүм? – деди. Карасам, тээ ыраакта күл дөбөнүн түбүндө жатат. Бая үйдөн чыгып келе жатканда бут ороо оробой эле коңултак кийип чыккан экен да жарыктык. Чуркап барып алып келип бердим. Акем өтүгүн кийгенче мага бурк этти:

– Чунак кыз, агаңды аз жерден өлтүрүп ала жаздадың ээ? – деп жылмайып, башымдан сылап койду. Тебетейин мага берип, үстүндөгү күл болгон күпайкесин чечип, таза карга чапкылап кирди. Мен дагы тебетейин карга кактым.

Агам унутуп калбасын деп дагы бир ирет эскерттим:

– Сизди атам “эт жеп кетсин” деп чакырган, биздин үйгө баратабыз, аке.

Акем бир азга ойлонуп, тебетейин кийип, чыйыр жол менен биздин үйгө карай бет алды. Жанагы “кемпир кыял” акем жок, заматта соолугуп калыптыр. Суранбай акем соо кезинде эч ким менен чечилип сүйлөшпөгөн, токтоо, түнт жан эле. Эч кимге жамандыгы жок, өз ишине тың, жөнөкөйлүгү жанда жок адамгерчиликтүү киши болчу. Эми агамды жанагынтип сүйлөтө албасым бышык эле. Мындай күн эксклюзивдүү, кайталангыс учур болчу. Мен чийки май жегендей күл дөбөнү карап күбүрөндүм:

– Ий, ушул күл дөбө болбогондочу… Акемди биздин үйгө барганча индия киносун тууратмакмын. Митхун Чакрабортиден кем эмес аткарса керек эле… – дедим өкүнгөн түр менен.

Ал эми агам эч нерсе болбогондой түптүз басып, сампарлаган кар менен кошо биздин үйдү көздөй бара жатты.

Автор

  • «Калемимдин багытын Жогорку адабий курстан тактап, сөз өнөрүнүн сырларын тереңдетип үйрөнүүдөмүн. Ошону менен бирге, кыргыз адабиятындагы өзгөчө кол тамгасы бар Матисаков мектебинин өкүлү катары чыгармачылык жолумду улантып келем. Бала кезден жан дүйнөмдү ээлеп, кагаз бетине түшүүгө шашкан көркөм ойлор бүгүн менин турмуштук бейнемдин ажырагыс бөлүгүнө айланды».

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген