|

Кайран жан

5/5 - (3 добуш)

(аңгеме) 

Ал бүгүн дагы мас болуп барабы. Ооба, ушул ирет соо барып, ишти бүтүрөйүн деп ойлободу беле. Колунан дагы келбей калдыбы. Бирок бир эле стакан читокту ичти… Инисинин үйүнө жакындаганда, инисинин кошунасынын дарбазасынын ары дубалда жөлөнүп турганын көрдү. Дат баскан дарбаза дубалга эмес ага жөлөнүп тургандай өзүн оор сезип кетти. Кап! – деди ичинен.Чынында бул дарбазаны өз колу менен ушул дубалга өзү койбоду беле. Чын дилинен эле оңдогону койгон. Үйдүн ээси бир жылдан бери оңолбой турган дарбазасынын бул алибеттүү, узун бойлуу, өтө өктөм сүйлөгөн кишинин колунан бат эле оңоло калаарына ишенип, жетине албай беш жүз сом берген. Оңдоп бүткөндөн кийин жакшы эле акча төлөп бере турган болгон. А бу кургур ошондон бери эми келатпайбы. Ичи аябай ачышты. Ошондо эле кишидей болуп, эртеси келип жасап берип койсо эмне. Жарым сааттык эле жумуш эмес беле. Мына эми андан бери жети-сегиз айдын жүзү болду. Ала жаз эмес беле. Эми бүгүн кар себелеп атпайбы кууратып. Жаңы конуштун баткак көчөсү менен келатты. Өз колу менен зыңкыйта салган эки кабат үй мына! Аталаш инисинин үйү. Ушул үйдө кандай гана бактылуу үй-бүлө жашап жатат. Үй ошол эле бойдон, заңгырап турат. Ал өзүнө-өзү ыраазы болуп, маашырлана калды. “Карачы! Ушуну өз колум менен салбадымбы! Ого эле чоң салган экенмин ээ?”. Жашыл дарбазаны такылдатты. Эч ким ачпады. Көпкө такылдатты. Мурда күнү эле 500 сомго сатып алган телефонунан инисинин номурун таппады. Дагы такылдатты. Ноябрдын кара суугу жандан өтүп, кар аралаш жаан жаап кирбедиби. Көчөдө бир караан көрүнөт. Көрүп алып сүйүнүп кетти. Иниси бою узун, мурду чоң неме курсак байлап алыптыр. Жайында эле бир аз арык эле. Кандай болсо да буга жараша берет бирок.

– И, кандай? Үйүңдө эч ким жокпу? Такылдатып эле атам.

– Оо, байке, келдиңизби деги, – иниси сүйүнүп кетти.

– Ой, баягы күнү эле келмекмин да. Телефонду жоготподумбу кайра.

– Ошо сизге байланыша албай атпайбызбы. – Иниси дарбазасын чөнтөгүнөн пульт алып ачты.

– Энеңди урайын, мен баягы бойдон шымымдын замочкисин оңдото албай жүрсөм, сен дарбазаңа пульт коюп коюпсуң го. Иниси каткырып жиберди.

– Жүрү, кириңиз!

– Кайдан келатасың?

– Намазканадан.

– Аа, сени үйдө болсо экен деп келаткам.

– Бүгүн үйдөмүн. Экөө үйгө киришти. Биринчи кабаттын холуна кирип отурушту. Бир маалда керилип-чоюлуп келини чыкты. Учурашаар-учурашмаксан болуп, оозунун учу менен: – Жакшысызбы? – деп күңк этти да, бул эмне келди дегендей күйөөсүнө карады.

– Чай кой, ырас байкем келип калыптыр.

– Азыр! – деп үстүнө кийген жылуу халатын оңдоп, келин шашпай басып ашканага кирип кетти.

– Эмне иш бар эле? Мен шашам, кайра эле кетем, – ал келиндин суз мамилесине жүрөгү сууй түшсө да, билдирбеди. Иниси да билмексенге салды. Экөө короого чыгып кетишти. Иниси короосунда ажааткананы көрсөттү. – Байке, ушунун эшигин жайдан бери эле оңдой албай койдум. Улам бир эшик алып келип салсам эле, жаанга көөп кетет, же допшосу түшүп калат. Эптеп бирдеме кылып бериңизчи.

– Жаанга көөп кетет азыркы эшиктер. – Чөнтөгүнөн тамекисин алып чыгып, күйгүзүп, олуттуу ойлонуп калды. – Муну темирден жасаш керек.

– Темирден? Аны кантип жасайсыз?

– Сварка менен эле, койкойто жасап коем аны.

– Анда эле жыргатпадыңызбы.

– Кой эртеле. Үйгө кирип, чай ичкенче эле итапкан убакыт кетет. Жүрү эртерээк базарга кеттик.

Ал дароо төш чөнтөгүндө салып жүрчү ченегичин алып чыкты да, ажааткананын эшигин ченей баштады.Экөө базарга барып, темир алышты. Эшиктин суугу жандан өтүп жатканына карабай, бүгүн эле ишке киришкенине иниси сүйүнүп кетти. Чын эле бу кишини колго тийгизиш кыйын болуп жатпайбы. Эми суук болсо да чыдаш керек. Экөө бир паста эле керектүү материалдарды алып келип калышты. Үйгө келгенден кийин да ал үйгө киргиси келбеди. Иниси шымаланып, эки колун ушалап, агасына кайрылды.

– Байке, бир аз шам-шум этип албайлыбы?

– Кеч кирип кетти ансыз деле. Эртең саат үчкө чейин сварканы кайра бериш керек да.

– Эми бүтөсүз да.

– Жок, баштай берели.

Анын карылуу колдору чын эле кадимки “Манас” эпосундагы Бөлөкбай устанын колдорундай. Темирди жууруйт жөн эле. Кандай иш болбосун майын чыгара иштейт. Өзү каалагандай болмоюнча күнбү-түнбү, жаанбы, карбы, ысыкпы-суукпу денеси бир солк этип койбой иштей берет. Чарылдатып темирлерди кесип баштады. Сварканын чаркыраган үнүнө удаалаш, анын өмүр тагдыры да туш-келди чачыраган бул кишинин. Байкуш, өмүрүндө бир да ирет бирөө менен жасаган иши үчүн эсептешип көрбөдү, бир да ирет акчанын артынан аша түшүп ыйманын сатпады. Ыйманы дайым ушул сварканын тилегиндей чаркыраса да турмушту бекемдеп келатат. Бирок бул жарык кишинин бир да эмгегин бирөө көрүп, төбөсүнө көтөрбөй эле. Баары өздөрү жасай алчу иштей маңкайышат. Бирок бири да анын ордуна мындай иш кылып көрө элек. Бул да унчукпайт, теңелбейт. Бир гана өзү сүйгөн ишин ойлонбой жасай бермейи бар. Ал аялы менен ажырашып кеткенине көп жыл болду. Кызы чоңоюп, студент болгонун уккан. Бирок ушу кызына бара албай жүрөт. Ал үчүн көп акча таап, анан куландай соо болушу керек эмеспи. Ооба, ал бир күнү ошентет. Ошол күндү өзү күтүп жүрөт… Көз байланып, бат эле кеч кирип кетти. Кар аралаш жаан катуу жаап кирди. Иниси суукка чыдабай кетти.

– Байке, ташта. Калганын эртең жасайбыз.

– Эй, навестин алдына жасай беребиз. Эми бир кичинекей эшик үчүн эки күн жүрмөк белем.

– Э кантип жасайсыз? Карачы суук!

– Ой, мен көк асмандын астында деле иштеп атам. Атайын жаан жаап атканда, бул жакты жасай коеюн деп жан далбастап келбедимби. Сенин навесиң бар сонун да.

– Э, кой, мен үшүп кеттим. Кирдим үйгө.

Иниси үйгө кирип кетти. Сварканын чарылдаганы токтогон жок. Бир маалда иниси чыдабай кайра үйдөн чыкты.

– Байке, үшүп кеттиңиз го. Ысык чай ичип алыңызчы.

– Жок, убара болбо. Азыр бүтүрө салайын.

Дагы көпкө иштеди. Иниси кыйбай кармалашып жүрдү. Кудай буюрса эшикти жасап бүтүштү. Эми тиги ченеген эшикке туура келсе эле иштин бүткөнү. Иниси экөөлөп эшикти көтөрүп барып, ажааткананын эшигине коюп көрүштү. Деги эле бир сонун болуп эле бап келип калбаспы.

– Во, во, во! Ушундай болсо деп жүргөм да, – иниси сүйүнүп кетти. Инисинин сүйүнгөнүн көрүп, жүрөгү ылдыйлай түштү. Көптөн бери, баягы дарбазаны жөлөгөн бойдон жоголуп кеткени үчүн аябай уялып жүргөн. Иним менин айыман кошунасына жаман көрүнүп калды го деп жүргөн. Ошол таарынычы жазылды окшойт деп, жеңилдей түштү. Иниси байкесин далыга таптады.

– Байке, болду! Калганын эртең кыласыз. Баняга түшүп келбейсизби?

– Мейлиң… – ал башына жааган кар эригенби, же сүйүнүчтөн улам ушунча маңдайдан сызылып чыккан терби, айтор чекесиндеги сууну кир колу менен шыпырып, жыртылып, жедеп сварканын отторуна тешилип-тешилип калган шымынын капталына сүрүп, аарчыды. Иниси үйдөн мочалка, самын алып чыкты. Сүлгү алып чыгайын деп, аялынан жазганды. Эптеп өзү банядан шейшеп сурап алаар деген ойго келди. Иниси байкесинин колуна миң сом берип, баняга жөнөттү.

– Кеттиби? – деп аялы күйөсүнө карады.

– Жок, азыр баняга түшүп келсин.

– Бүгүн үйгө түнөйбү?

– Эми эптеп бүтүрүп алалы эшикти.

– Ооба, айланайын, деги бүтүрчү. Ажааткананын эшигине жарыбай койдук го.

– Темирден салып атат.

– Кайда жүрүптүр?

– Бир иште иштеп атыптыр.

– Канатты айттыңбы?

– Жок. Эми аны унтуп деле калды го.

– Бул кишини жанынан чыкпай иштетиш керек экен да ээ? Болбосо, каалаган жерде таштап алып баса берет го.

– Бүтүрөт эми, буюрса.

Келин анын үйгө коноорун укканда жини келе баштады. Бирок ажааткананын эшиги үчүн баарына чыдай турган болду көрүнөт. Унчукпады. Түн бир оокум болду. Тамак жасап алып күтүштү. Ал келбеди. Ал колундагы миң сомду баняга алып баргысы келбеди. Үйүнө барып, кызына чогултуп жүргөн акчага кошмок болду. А баняга болсо, кожоюндун эле банясын жагып түшүп алат. Ал ошондой ойго келип, үйүн көздөй жөнөдү. Катуу чарчаганын үйүнүн жанынан сезди. Кой, бир читок алып албасам, баняга түшкөндөй деле болбойм го деп, дүкөнгө кирди. Чөнтөгүндөгү бакыйган миң сомдукту алып чыкты. Көпкө кармалап турду да кайра чөнтөгүнө акчаны салып, үйүн көздөй жөнөдү. Кожоюн айылдаш байкеси болот. Бир жылдан бери ушулардын оокат-ташын бекер кылып, складында жашайт. Ал жерди өзүнө ылайык жылуулап жакшы жасап алган. Келип эле мончого от жакты. Кара суукта жылымагы да тозок болду. Мончонун жылыганын күтүп отурду. Ана ичи жылымакпы. Кайра дүкөнгө барып арак алып келип ичкиси келди. Дүкөнгө барды. Чөнтөгүнөн акчаны алып чыкты. Кайра чөнтөккө салды да кайра үйгө жөнөдү. Мончо бир аз жылып калган экен. Чечинди. Бачокко сууну толтурмакчы болуп кранды ачып чакага суу толтуруп жатты. Бир аз эс ала турмакка дубалга жөлөнүп отура калды. Ысый түшкөн мончого талыкшып уйкуга кетпеспи. Жыпжылаңач бойдон уктап жатты ысыкта. Түшүндө кызы кадимки Улуттук университеттин алдынан чыгып келатты. – Ата-а! – деп келип, мойнуна асылып, эркелеп жатты. – Ата, мен сизди канча издеп жүрдүм? Неге келбедиңиз? Эреркеп эч нерсе дей албады. Унчукпай гана колуна чогултуп жүргөн копилкасын колуна карматты. Ичинен көп сөз айтып жатты: – Кызым, мен сени жакшы көрөм! Сен эч качан мени таштап кетти деп ойлобо. Мен сени эч качан таштамак эмесмин. Эч качан. Дүйнөдө мен үчүн жалгыз сен гана барсың. Мен сен үчүн жашап жүрөм. Болбосо, ушул азап дүйнөнүн эмнесине чыдайын. Бир маалда кызы көлдө чуркап баратат. – Ата, мени билесизби? Кичинемде балонго салып, көлгө түшүргөнсүз. Жүрүңүз көлгө түшөбүз! Жүрүңүз! Ал жыргап көлдү кечип баратат. Көл чын эле ысык экен го. Көл мындай ысык болгонун биринчи көрүшү. Жаны жыргап баратты…

*   *   *

– А-ай, байкем жанагы акчага сеп этип алды окшойт ээ?

– Айттым беле, жанынан чыкпай иштеп бүтүрүш керек деп. Болду эми келбейт аның, – деп аялы күйөсүнө сирпилдеди.

– Эми дагы баягы залдын шыбагындай болуп эки ай жатат эмеспи эшигиң. Деги ушундан түңүлбөй койдуң. Бир күнү бир жерге тоңуп өлүп калса, жооп берет эмессиңби. Жолотпочу эй экинчи.

– Бирок, байкемдей от души жасабайт да башкалар.

– Ой жасайт эле. Кантип эле акчасын алгандан кийин жасабай койсун.

– Акчаны да жакшы алышат да…

Аялы унчукпай калды. Чынында, бул байкеси өмүрү булар менен эсептешкен эмес. Инисинин көңүлүнөн чыкканын алат. Бербесе сурабайт. Көңүлүндө тууган болсок, уят эмеспи деп ойлонот. Бирок иниси деле колдон келишинче ыраазы кылат. Байкесинин ойдогудай иш жасаганына көнүп да албадыбы.

– Мочалканы эмне бересиң билбейм. Эми аны менен биз кантип жуунабыз?

– Ой, эч нерсе болбойт.

– Кой, ай! Берчи ошого деги. Кара башына жүдөп эле жүрөт дайыма.

– Ээй… – үшкүрүнүп жиберди күйөсү, – жалгыз жашасаң ошо да. Жашоонун кайсы мааниси бар дейсиң.

– Болду! Эртең келбесе келбей эле койсун. Болду мындан кийин жолотпочу үйгө.

*   *   *

Ысык суу кызыл ашыгына жеткенде селт этип ойгонду. Көзүн ачса чакан жуунучу бөлмөнүн ичи сууга толуп чыгыптыр. Сууну кое берген бойдон уктап кеткенин ошондо билди. Бочокто суу калбай калыптыр.Ыргып туруп эле жаны чыгып кетти. “Э кокуй, үйдүн ээси билсе не болот?” Кашайып, жарык да өчүп калыптыр. Эми кийимин кайдан тапты? Узун бойлуу неме арбалаңдап-тарбалаңдап жылаңач кебетеси менен эле жердеги сууну чөмүчтөп бачокко куя баштады.

– Каш-шайгырдыкы десе!

Ал түн бир оокумга мончонун суусу менен алышты. Эптеп карайлап кийимин таап кийди да сыртка чыкты. Калчылдап үшүп чыгыптыр. Үйүнө кирсе үйү да суук. Жана печкесин жандырып кетсе го. Эми свет жок эмне кылмак. Үйүндө эптеп төшөктү таап жатты. Катуу калчылдап баштады. Эптеп ордунан турду да, чоң көчөнү көздөй жөнөдү. Чоң супермаркеттин жарыгы бар экен. Сыягы генератор иштетишет окшойт. Супермаркетке кирди да, бир бөтөлкө арак ала турган болду. “Кап, ушуну тим койсом болмок эле. Эптеп чыдап көрөйүнчү”. Аракты албай кайра келди да, төшөктү жакшы жамынып уктамак болду. Эртеси турса денеси катуу ысып чыгыптыр. Телефондун шыңгырагынан ойгонуп кетти. Иниси чалып жатыптыр.

– Ало!

– Байке, бүгүн келесизби? Сварканы саат үчкө чейин жеткирип беришибиз керек. Билесиз да.

– Эй? Катуу башым ооруп, денем калчылдап атат.

– Ичпе десе болбойсуз да. Билгем да ушинтээриңизди. Дайыма эле ушундайсыз.

– Эй, мен ичкен жокмун. Эме…

– Э, коюңузчу. Ушинте эле бересиз да.

Иниси телефонун өчүрүп койду.

– Энеңди урайын!

Ичи жаман күйүп кетти. Ордунан турду да дүкөнгө барып арак алып келди. Үйгө келип, аракты бастыра-бастыра ичти да, төшөккө кулады. Бир аздан соң денеси нымшып, өзүн жакшы сезип калды. “Кой, эми бүгүн ишеничтен чыксам, анда иш бүттү. Ансыз да мага ишене турган адам калган жок, эптеп барып эшигин бүтүрүп келейин” – деп ойлоп, ордунан турду. Башы катуу тегеренди. Суук жакшы эле тийди окшойт. Темтеңдеп араң баратты. Инисинин үйүнө келгенде аны эч ким тосуп чыкпады. Келини эшикти акырын ачып, баш багып карады да, эшигин жаап алды. Күйөсүнө телефон чалды.

– Эй, тиги кайра келиптир. Мас окшойт.

– Эй, эшикти жасабаса койсун. Эптеп кетирип ийчи бир читок алып берип.

– Эй, мен чыкпайм эшикке. Эшик аябай суук.

– Мейли анда, өзү кетип калат болуш керек. Унчукпай эле кой.

Ал эптеп башы айланса да, чымырканып ажааткананын эшигин салып жатты. Бирөө келип кармашып койгонго жарабады.Жалгыз эптей албады. Кар аралаш жаан да басылбай жаап жатат. Эртең күн ачылчу болсо башка ишке барышы керек. Анда даана келе албай калат. Таштап кеткенге да болбойт. Эптеп бүтүрөйүн эми деп чымырканып иштеп жатты. Бир маалда эптеп тургузуп алган эшиги ажааткананын ичине күп этип кулады. Келин тиги киши кулап калган жокпу деп коркуп чуркап чыкты. Ал темтеңдеп, эшикти көтөрө албай жатты. Келин барып кол кабыш кылмак болду. Экөөлөп эшикти тургузушту.

– Эми муну ичине кирип кармап турбасаң болбойт.

Келин ажааткананын ичине кирип эшикти кармап турду.Эшикте жааган карга аралаш ал сваркасын кармап, темир допшону ширетип жатты.Бир маалда дагы кармашканга киши керек деп үйдөн улуу баласын чакырып чыкты. Экөөлөп, эптеп темир каалганын допшосун ширетип жатышты. Келин бир кыңк этпей ажааткананын ичинде чыдап эшикти кармап турду. Атаңдын көрү ай, ушул ажааткана бул кишиники болуп, эшигин кармап бер деп суранса кармаар беле? Кармабай калсын. Жылуу учурашса, бирдемеси короп кетчү эмес беле. Эми баарына чыдап эле кыңк этпей кармап турбайбы. Ал ичинен күлкүсү келди. Адам эй, адам! Бул келиндин балык болуп кана турганын карачы. Ажаатканада камалып… Жарым сааттан ашык алышты эшик менен. Баары бүткөндөн кийин да бир жери жакшы бекибей калганын көрүп, аны да сваркалай турган болду. Тиги келин менен баласы суукка чыдабай калды. Анын да башы катуу айланып, темтеңдей түштү. Келин ичинен жекирип, сүйлөндү. “Тобоо, мас болсо азап жеп жасабай эле койбойбу?..” Өз үйүнүн ишинен өздөрү качып, тиги кишини жек көрүп эне-бала үйүнө кирип кетишти. Бир маалда бүтчү иш кар-жаанга карабай бүттү. Үйгө кирип ысык чай ичкиси келди. Үйгө кирди. Келиндин көңүлү ачык. Ырас бир жумушу бүтпөдүбү.

– Сварканын убактысы бүтүп калбасын деп жанталашып бүгүн жасабадымбы. Эртеңкиге калса дагы акча төлөп калмак. Мен жеткирип берип коеюн.

– Мм… Азыр, азыр. Аркы үйгө кирип кетип, келин күйөсүнө телефон чалды. – Эшик бүттү. Сварканы жеткирип берсинби?

– Эй, ага бербе! Аны да сатып ийип, же мас болуп жоготуп жиберсе кайдан табабыз. Бир жүз сом бер да, кетирип ийчи акырын.

– Макул.

Келин ага келип айтты: – Сварканы эртең өзүбүз жеткиребиз. Келин аны акырын жолуна жүз сом берип узатып койду.

Ал өзүнө өтө ыраазы болуп кетип баратты. “Мага эми булар ишенишет. Ооба, жалгыз ушулар эле калбадыбы мага ишенген. Эмкиде кошунасынын дарбазасын да коюп берем. Эми кызым да мага ишенет”. Ал кар аралаш жаанга бетин тосуп, кара суукта калчылдап кетип барат. Бирок ичи болуп көрбөгөндөй ишеничтүү ысып баратты…

Автор

  • Нарын облусунун Жумгал районунун Кызарт айылында туулган. КУУнун Кыргыз филология факультетин бүтүргөн. "Нурборбор" чыгармачыл бирикмесинин мүчөсү болгон.

    "Сырдуу дарак", "Үн", "Кыял", "Сезимбий" аттуу ыр жыйнактарынын автору. КР Улуттук жазуучулар Союзунун мүчөсү.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

2 Comments

  1. Кыял, аңгемеңди окудум. Абдан ишенимдүү, турмуштун дал өзүндөй сонун аңгеме экен. Ичкен адамдын образын даана берипсиң. Чыныгы турмушта дал ушундай эмеспи. Чыгармачылык эргүүлөрдү каалайм.

    1. Рахмат эже!!! Адамдын ички дүйнөсүн түшүнгөнгө аракет кылбаганыбыз жөнүндө айткым келди.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген